Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жеке сектор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде кызмат көрсөтө алат жана муну жасашы керек

2020-12-15 / ЖӨБ кызматтары

Асылбек ЧЕКИРОВ, ЖДККЖ Долбоорунун консультанты.

Кыргыз Республикасынын ЖӨБ органдарынын иши жергиликтүү өз алдынча башкаруулар тууралуу мыйзамдарда бекитилген жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган. Жергиликтүү маанидеги айрым маселелерди чечүүнүн жыйынтыгы болуп кызмат көрсөтүүлөр эсептелинет.

Жергиликтүү жамаат жарандар мүмкүн болушунча жеткиликтүү, сапаттуу кызмат көрсөтүүлөргө жете ала тургандай кылып кызмат көрсөтүүнү уюштуруп берүү ишин өзүнүн ЖӨБ органдарына ишенип берген. Ошону менен катар калк бул кызмат көрсөтүүлөр үчүн акыны жергиликтүү бюджетке түшкөн салыктар жана жыйымдар түрүндө, же кызмат көрсөтүүнү аткаруучуга акы берүү менен төлөп турат. Ошентип, бийликтин элге сапаттуу кызмат көрсөтүүнү алардын чөнтөгүнөн төлөнгөн акчага уюштуруу жөндөмдүүлүгү ЖӨБ органдарынын ишинин натыйжалуулугун аныктайт.

Кызмат көрсөтүүнү уюштуруу маселелери боюнча ЖӨБ органдарынын ийгиликтүү ишинин өзөгү – экономикалык усулдарды колдонуу. Башкача айтканда, мүмкүн болгон жерде ЖӨБ органдары юридикалык жана жеке жактар үчүн жагымдуу экономикалык шарттарды түзүп берүүгө тийиш. Мындай шарттар аларды кызмат көрсөтүү менен алектенип, мындан керектүү жыйынтык алып турууга шыктандырат.

Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүдөгү мамлекеттик саясат кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө назарын бурууда. Айталы, 2018-2040-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын Өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын “Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү” бөлүмүндө “кызмат көрсөтүүнүн туруктуу системасын уюштуруу бөлүгүндө жергиликтүү деңгээлде башкаруу системасын күчтөндүрүү тапшырмасы” коюлуп, “коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногун түзүү үчүн укуктук, методологиялык негиздерди түзүү” зарылчылыгы тууралуу сөз болот. Кызмат көрсөтүү системасын уюштурууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары заказчы катары чыгышат”.

Атаандаштыкты өнүктүрүүнүн эсебинен бийликтин жеке сектор менен өнөктөштүгү элдин кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн, анын сапатын жогорулатууга көмөкчү болот. Мындай өнөктөштүк жергиликтүү бюджеттин ашыкча чыгымдарын азайтууга, ошондой эле кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүнүн акчасын үнөмдөөгө шарт түзөт. Жалпысынан мындай ыкма тартылган инвестициялардын, жеке секторго киргизилген инновациялардын эсебинен муниципалдык чарбаны өнүктүрүүгө жаңы дем берип, жеке сектордун ЖӨБ органдары менен өз ара байланышынын деңгээлин жогорулатат.

Тилекке каршы, Кыргыз Республикасында жаңы экономикалык ыкмалар көп деле колдонулбай келет. ЖӨБ органдары бул маселелерди өзү үчүн көбүрөөк даражада административдик жол менен чечет. Адатта алар муниципалдык ишкананы же мекемени түзө салып, муну менен кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө монополдук абалды жаратып коюшат.

Мындай абалдын түзүлүп калышынын дагы бир себеби бар. ЖӨБ органдарында ушундай ишти жеке сектор менен жасоого билими, көндүмдөрү жетишсиз болууда. Практика көрсөткөндөй, ЖӨБ органы бул багытта иш алып барууга аракет кылган күндө деле бул иш экономикалык мүнөздөгү каталар менен коштолууда. Атүгүл кээде мыйзамдар түздөн-түз бузулган учурлар да кездешет.

Төмөндө коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарды, ошондой эле ишкердик ишмердигин жүргүзгөн жеке жактарды тартуу менен кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун айрым бир базалык өңүттөрүн сунуш кылабыз.

Аутсорсингдин укуктук негизи

Элге кызмат көрсөтүүнү уюштуруу маселесинде ЖӨБ органдарынын ыйгарым укуктарын аткарууга жеке секторду тартуунун укуктук негизин карап чыгалы.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү, аны менен катар кызмат көрсөтүүлөр жаатындагы колдонуудагы мыйзамдарында муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамдын алкагында уюштуруу регламенттештирилген. Бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрү жеткирген же алар түзгөн мекемелер ишке ашырган кызмат көрсөтүүлөрдүн бир кыйла чектелүү сегменти.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде көрсөтүлгөн кызматтардын олуттуу бөлүгү “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдын 18-беренеси менен аныкталган жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмегине кирген. Бул кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу үчүн ЖӨБ органдары жооптуу, бирок критерийлер боюнча алганда “муниципалдык кызмат көрсөтүү” деген статуска дайыма эле ээ боло бербейт. Кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрү, мисалы, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жарандык же тармактык мыйзамдардын ченемдери менен регламенттештирилет. Ошол эле маалда жергиликтүү маанидеги маселе – бул кызмат көрсөтүүгө караганда бир кыйла кеңири чечмеленген маселе экенин да унутпаш керек. Жергиликтүү маанидеги маселени чечүү бери дегенде өзүнө ЖӨБ органдарынын айрым функцияларын ишке ашыруу милдетин өзүнө алууну, бюджеттик милдеттенмелерди аткарууну, акыр аягында кызмат көрсөтүүнү уюштуруу процессинин өзүн да камтыйт. Кызмат көрсөтүүнү уюштуруу процесси жергиликтүү маанидеги маселени чечүү процессинин “ичинде” болуп, анын бир бөлүгүн гана түзөт деп айтсак да болот.

Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү жаатында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзам анын курама бөлүктөрүн бөлүп карабай турганын, жалпысынан эле бул маселелерди башкаруу процессине басым жасаганын белгилей кетүү зарыл.

Аталган Мыйзамдын 19-беренеси ЖӨБ органдарына жергиликтүү маанидеги айрым маселелерди аткарууну юридикалык жана жеке жактарга өткөрүүгө укук берет.

Бирок өзгөчө функцияларды, же атүгүл жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча ЖӨБ органдарынын чыгаша милдеттенмелерин башка адамдарга өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү шек жаратууда. Мисалы, жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча: тиричилик калдыктарын чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу ишин уюштуруу. Тарифтик саясатты жөнгө салган ченемдик укуктук актыларды даярдоо боюнча ЖӨБ органдарынын функциясын, же кызмат көрсөтүүнүн көлөмү боюнча муниципалдык заказды түзүү боюнча функциясын башка адамдарга өткөрүп берүү мүмкүн эмес. Атүгүл бюджеттик мекемелер чыгарган катуу тиричилик калдыктарын жыйноо боюнча кызмат көрсөтүүнүн акысы боюнча ЖӨБ органдарынын чыгаша милдеттенмелерин өткөрүп берүү такыр мүмкүн эмес.

Ошондуктан жергиликтүү маанидеги маселелерди аткарууну өткөрүп берүү жаатында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдын ченемдерин жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн алкагында конкреттүү кызмат көрсөтүүнү аткарууну өткөрүп берүү катары кароо зарыл.

Жогорудагы Мыйзамдын 19-беренесине ылайык, жергиликтүү маанидеги маселени аткарууну башка тарапка өткөрүп берүүгө макулдукту жергиликтүү кеңеш берет. Мындай макулдук жергиликтүү кеңештин өзүнчө токтому түрүндө болушу керек. Ал эми бул токтомду кабыл алуунун тартибин “КРнын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы жана Жергиликтүү кеңештин Регламенти аныктайт.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 61-1-беренесинде ЖӨБ органдарына муниципалдык заказды аткарууну юридикалык жана жеке жактарга өткөрүп берүү укугу тууралуу жоболор каралган. Жогорудагы Мыйзам “муниципалдык заказ” түшүнүгүнө аныктама берген эмес. Бирок бул “жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган айрым ыйгарым укуктарды аткарууга багытталган жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн белгилүү бир көлөмү болгонун” белгилейт.

62-1-берененин 2-пункту ЖӨБ органдарына муниципалдык заказды бул үчүн тийиштүү ыйгарым укуктары бар жеке жана юридикалык жактарга аткарууга өткөрүү укугун берген.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзам жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн алкагында кызмат көрсөтүүнү аткарууну ар кандай уюштуруучулук-укуктук формадагы юридикалык жана жеке жактарга өткөрүүгө ЖӨБ органдарына укук берген деген тыянак чыгарууга болот.

Кызмат көрсөтүүнү жеке секторго аткарууга өткөрүп берүү чечими жүйөлүү жана максатка ылайыктуу болгонун кантип билсе болот? Эгерде жеке сектор кызмат көрсөтүүнү аткаруу процессине тартылса, жергиликтүү жамаат жана ЖӨБ органдары мындан кандай пайда табат?

Эгерде ЖӨБ органы жеке уюм үчүн иштөөгө пайдалуу шарттарды түзүп берсе, анда бул рыноктогу өз ордун сактап калуу максатында, заказчынын жеме сөздөрүн укпоо үчүн ошол уюм кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга умтулат.

Кызмат көрсөтүүнүн жеке аткаруучусун тандап алууда ЖӨБ органы да баасы боюнча мыкты шарттарды сунуш кылган, ошол эле маалда сапат боюнча коюлган талаптарды аткара алган уюмду тандап алууга умтулат. Бул болсо жергиликтүү бюджеттин каражаттары үнөмдөлүп калат же бул багытта такыр эле сарпталбайт дегенди билдирет.

ЖӨБ органы уюштуруу иштери жана кызмат көрсөтүүнү аткаруучунун ички маселелери менен алек болбой калат.

Эгерде кызмат көрсөтүү кыймылсыз мүлккө, техникага, жабдууга ээ болуу зарылчылыгы менен байланыштуу болсо, анда ЖӨБ органы тооруктарды даярдап жатканда кызмат көрсөтүүнү аткаруучуда ушундай мүлк болушу керек деген талапты коюуга укуктуу. Ошондо ЖӨБ органы бул мүлктү өзү сатып алууга мажбур болбойт, бул болсо жергиликтүү бюджеттин чыгымдарын олуттуу даражада кыскартууга шарт түзөт.

Кызмат көрсөтүүнүн жеке аткаруучусун коррупциялык иш-аракеттерге тартуу кыйыныраак. Себеби анын тапкан пайдасы уюмду канчалык эффективдүү башкарганына жараша болот. Бирок коррупция тобокелдиктери сактала берүүдө, өзгөчө жумуштардын көлөмүн көбөйтүп жазуу бөлүгүндө бул көрүнүш бар.

ЖӨБ органдары жеке компанияларга шаардык транспорт, суу менен жабдуу, арыктарды  тазалоо өңдүү маанилүү чөйрөлөрдү, атүгүл метрополитендерди ишенип берген көрүнүштөр эл аралык практикада аз эмес.

Кыргыз Республикасында да коомдук транспорт, ичүүчү суу менен жабдуу, суу бөлүштүрүү, муниципалдык жолдорду кароо, КТК жыйноо жана тазалоо, ырасым кызматтарын көрсөтүү, маданият, спорт кызматтарын көрсөтүү ж.б. өңдүү чөйрөлөрдө муниципалдык жана жеке сектор ортосунда атаандаштык байкалууда. Бирок жалпысынан өлкө боюнча алганда бийлик органдарынын жеке сектор менен кызматташтыгынын көлөмү көп эместигин моюнга алуу зарыл.

Кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга жеке сектордун катышуусунун ушундай оң жактары болгону менен, мындай кызматташууда ЖӨБ органдары туш болушу мүмкүн айрым тобокелчиликтер да бар экенин белгилей кетүү зарыл.

Кызмат көрсөтүүнү аткаруучунун реалдуу иши аны тандап алып жаткан маалда айткандарына шайкеш келбей калышы мүмкүн. Ошону менен катар кызмат көрсөтүүнү токтотууга болбой турган учурларда, мисалы, ичүүчү суу менен жабдуу, суу бөлүштүрүү, көчөлөрдү жарыктандыруу өңдүү учурларда аткаруучуну ыкчам түрдө алмаштыра коюу да татаал иш. Ал эми кызмат көрсөтүүнү жеке аткаруучунун ишинде кемчиликтерди жоюуга ыкчам түрдө таасир этүү ЖӨБ органы үчүн дайыма эле мүмкүн боло бербейт.

Эгерде кызмат көрсөтүүнүн жеке аткаруучусунун ишине талаптагыдай көзөмөл жүргүзүлбөсө, аткаруучу жумуштардын көлөмүн көбөйтүп айтып, мындан улам бийлик органдарынан субсидиялардын көлөмүн да көбөйтүүнү талап кылышы ыктымал деген тобокелчилик бар. Мисалы, жеке коомдук транспорт менен жарандарды ташуунун көлөмүн көзөмөлдөө кыйын. Ал эми жол акысына жергиликтүү бюджеттен субсидия бөлүнөт. Ошол эле маалда ЖӨБ органынын өз уюмунда деле мындай тобокелчиликтер бар.

Күтүлбөгөн окуялар болгондо, авариялык кырдаал түзүлгөндө ЖӨБ органына чукул тапшырмаларды кызмат көрсөтүүнүн жеке аткаруучусу менен кыска мөөнөттө чечүү оор болуп калат. Анткени жеке аткаруучу күтүлбөгөн жумуштар үчүн кошумча акы талап кылышы мүмкүн, же ЖӨБ органы анын башка шарттарын кабыл алууга мажбур болот.

Заказчы (ЖӨБ органы) менен пикир келишпей калган учурда кызмат көрсөтүүнүн жеке аткаруучусу келишимди бир тараптуу токтотуп, кызмат көрсөтүү процессин үзгүлтүккө учуратышы ыктымал. Бул болсо жарандардын нааразычылыгын жаратат. Кызмат көрсөтүү процесси токтоп калат деген коркунучту жеке аткаруучу ЖӨБ органына таасир этчү рычаг катары колдонуп, биринчи кезекте материалдык кызыкчылыктарын канааттандыруу максатында колдонушу мүмкүн.

Кызмат көрсөтүүнүн аткаруучусу ким болот деген чечимди кабыл алып жатканда жогоруда айтылган өңүттөрдүн баарын, башкача айтканда, жеке сектордун ишиндеги оң жана терс факторлорду эсепке алуу зарыл.

Эгерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жеке сектор менен өнөктөштүккө кызыкдар болсо, анда ал бул үчүн жагымдуу шарттарды түзүп берип, жеке секторду кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө тартууга шыктандырып, ага дем бериши керек.

Жеке сектор өзүнө ишкерчиликтин коммерциялык жана коммерциялык эмес субъекттерин камтыйт. Коммерциялык уюмдардын жана жеке ишкерлердин максаты – пайда табуу. Коммерциялык эмес уюмдардын (КЭУ) максаты – алардын миссиясына дал келген уставдык тапшырмаларды аткаруу. Ошону менен бирге КЭУ уставдык тапшырмаларын аткаруу үчүн зарыл болгондо коммерциялык иш менен да алектене алышат.

ЖӨБ органы жеке секторду тартуу боюнча иш-аракеттерди пландап жатканда ушундай өзгөчөлүктөрдү эсепке алууга тийиш.

Коммерциялык ишканалардын негизги максаты болгон пайда алуу эмнеден көз каранды?

Бул жерде жөнөкөй принцип иштейт. Рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү боло турган продуктунун баасын азайтууга аракет кылып, аны мүмкүн болушунча көбүрөөк сатууга умтулат.

Кызмат көрсөтүү бирдигинин өз наркын азайтууга умтулуу зарыл, ал нарк чыгымдардын белгилүү бир курамынан түптөлөт. Чыгымдардын курамы боюнча чыгашаларды эсептөө кызмат көрсөтүүнүн келечектеги баасын, демек кызмат көрсөтүүнүн жеке аткаруучусунун болочоктогу кирешелерин да аныктайт. Типтүү кызмат көрсөтүүдө чыгымдардын курамын карап чыгалы:

  • кызматкерлердин айлык акысы,
  • Социалдык фондго чегерүүлөр,
  • чийки затка жана материалдарга кеткен чыгашалар,
  • күнүмдүк операциялык чыгашалар,
  • капиталдык чыгашалар,
  • административдик чыгашалар,
  • эскилиги жеткен мүлктү калыбына келтирүү (амортизациялоо),
  • рентабелдүүлүктүн деңгээли (болжолдонуп жаткан пайда),
  • салыктар.

ЖӨБ органы кызмат көрсөтүүлөрдүн жеке аткаруучусун тандап алуу боюнча тооруктарды (конкурсту) даярдоо баскычында чыгымдардын курамы боюнча кызмат көрсөтүүнүн жүйөлүү наркын алдын ала эсептеп чыгышы керек. Эгерде эсеп жүйөлүү болбосо, анда жеке сектордон тартылган аткаруучу муниципалдык заказды аткарууга кызыкдар болбойт. Себеби кызмат көрсөтүүдөн түшкөн киреше ага пайда алып келмек түгүл, анын чыгашаларын да жаппай калат.

Эгерде ЖӨБ органы кызмат көрсөтүүнүн жеке аткаруучусунун туруктуу иштешине кызыкдар болсо, анда болочок өнөктөшүнө чыгымдардын курамы боюнча чыгашаларды азайтууга, муну менен ал күтүп жаткан пайданы алышына жардам берүүгө тийиш.

Ошону менен катар чыгашалар боюнча жүктү ЖӨБ органы өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында гана азайта алат. Мисалы, чыгымдардын курамына анализ жасап чыгып, ЖӨБ органы төмөнкүдөй иш-аракеттер менен өздүк наркын азайтууга таасир эте алат.

Муниципалдык мүлктү ижарага берип жатканда минималдуу акыны же нөлдүк ставканы орнотуу менен “капиталдык чыгымдар” беренеси боюнча күтүлүп жаткан чыгашаларды бир кыйла азайта алат. “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдын 15-беренесинде “Муниципалдык менчик объекттерин пайдаланууга жана ижарага берүү, ушул Мыйзамдын 16-беренесинде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, жергиликтүү кеңештердин чечимдеринде каралгандан башка учурларда, тооруктарды өткөрүү жолу менен жүргүзүлөт” деп көрсөтүлгөн.

Башкача айтканда жергиликтүү кеңеш жамаат үчүн өтө маанилүү маселелерди чечип берүү максатында мүлктү тоорук өткөрбөстөн, ижара акысын албастан, же ижара акысын минималдуу ставка менен өткөрүп берүү тууралуу чечим кабыл алса болот. Аны менен катар мүлккө ижара акысын амортизациялоонун нормаларынын чегинде орнотуу сунушталат. Ошондо бул каражаттарды жергиликтүү бюджеттерде топтой берүү мүмкүн болот. Бул болсо маал-маалы менен капиталдык ремонт жасап турууга, жаңы мүлктү сатып алууга шарт түзөт. Адатта бул каражатка кыймылдуу мүлк – тракторлор, атайын техника, ремонттук жабдуулар сатып алынат.

Кызмат көрсөтүү үчүн талап кылынган инфраструктураны жакшыртуу боюнча жумуштарды жергиликтүү бюджеттен каржылоо. Эрежеге ылайык, бизнес экономикалык жактан пайда табаарына көзү жетпесе, негизги каражаттарын бир жерге салуудан кооптонуп турат. Ошондуктан ЖӨБ органы өз ыйгарым укуктарынын жана мүмкүнчүлүктөрүнүн чегинде ишкерден бул жүктү алып таштаганы маанилүү. Ошол эле маалда сатып алынган же курулган негизги каражаттар муниципалдык менчиктеги объекттер бойдон калат, бирок кызмат көрсөтүү боюнча жумуштарды аткаруу үчүн жеке өнөктөшкө кызмат кыла берет. Сөз имараттын, жолдордун ремонту жана курулушу, трансформаторлорду орнотуу, электр линияларын өткөрүү, ичүүчү сууга жеткиликтүүлүк, суу бөлүштүрүү ж.б. тууралуу жүрүп жатат.

Көрсөтүлгөн кызматтар үчүн акынын мүмкүн болушунча көбүрөөк чогултулушун камсыз кылып берүү. Тилекке каршы, мындай бир практика түзүлдү: жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн натыйжасында пайда болгон кызмат көрсөтүү үчүн акыны эл толук көлөмдө төлөбөй коёт. Жалпысынан өлкө боюнча КТК жыйноо жана чыгаруу, ичүүчү суу менен жабдуу өңдүү кызмат көрсөтүүлөр боюнча чогултулган жыйымдар төмөн деңгээлде. Акынын негизинде билим берген курстарды, же спорттук секцияларды төлөө боюнча карыздар да болот. Эгерде кызмат көрсөтүүнүн жеке аткаруучусу ушундай көйгөйгө туш болсо, анда бул анын пландап жаткан пайданы алуу жөндөмдүүлүгүнө терс таасирин тийгизиши ыктымал. Ошондуктан ЖӨБ органдары алынган кызмат көрсөтүү үчүн акыны чогултуп берүүгө ар тараптан көмөктөшкөнү абдан маанилүү. Жеке аткаруучуну колдоо ирээтинде эл арасында таасири бар коомдук жана административдик комиссиялар  иштеши керек.

Бизнестин кызыкчылыгы

Жеке ишкерде да кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иштөөгө кызыгуусу бар болгонун белгилей кетүү зарыл. Себеби бул чөйрө ийгиликтүү бизнестин эки негизги шартын камсыз кылып берет: (1) кызмат көрсөтүү үчүн пайдалуу баа, (2) сатуунун кепилденген көлөмү. ЖӨБ органы кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө жеке секторду тартуу ниетин билдиргенде ал кызмат көрсөтүүнүн келечектеги баасын, күтүлүп жаткан көлөмүн, кызмат көрсөтүүнүн келечектеги кардарларынын санын, мындан улам сатуудан түшөрү күтүлүп жаткан көлөмдү кошо жарыялайт. Аны менен катар кызмат көрсөтүүнү алуучулардын саны азайбайт, себеби суроо-талаптын азайышына таасирин тийгизе турган факторлор жок.

Коммерциялык эмес уюмдарга аутсорсингге берүүнүн өзгөчөлүктөрү

Коммерциялык эмес уюмдар үчүн киреше алуу, пайда табуу да чоң мааниге ээ. Себеби бул аларга КЭУнун максатын жана миссиясын аткарууга жардам берет. Бирок бул жерде жарандардын түрдүү чөйрөлөрдөгү жашоо сапатын жакшыртууга байланышкан маселелер артыкчылыктуу бойдон кала берет.

Ошондуктан ЖӨБ органы тарабынан коммерциялык уюмдар үчүн жагымдуу шарттарды түзүп берүүсү төмөнкүдөй иш-аракеттерден турат:

Жеке секторго аткарууга бериле турган кызмат көрсөтүүнүн социалдык багытын аныктап чыгуу. Мисалы, эгерде балдарды жана жаштарды англис тилине кошумча үйрөтүү боюнча кызмат көрсөтүүнүн аткаруучусу изделгенде, балдарды окутуунун эсебинен пайда табуу эмес, зиректүү балдарга жакшы билим алууга көмөк көрсөтүү бул жерде негизги жыйынтык болуп эсептелинет. Атүгүл калктын аярлуу катмарына кирген, таланттуу балдарга колдоо көрсөтүүгө негизги басым коюлушу керек. Ошентип ЖӨБ органы жарыялаган максат менен тийиштүү КЭУнун миссиясы дал келип калат. Ал эми финансылык маселелер максатка жетүүнүн бир каражаты эле болот.

Кызмат көрсөтүүнү өндүрүүгө кеткен чыгымдардын ордун толуктоону камсыздоо. Эрежеге ылайык, социалдык мүнөзгө ээ болгон кызмат көрсөтүүлөр боюнча наркын эсептөө анын өздүк наркы боюнча, рентабелдүүлүктүн (пайданын) деңгээлин бөлүп көрсөтпөстөн жүргүзүлөт. Бул кызмат көрсөтүүнүн коммерциялык эмес мүнөзгө ээ болгонун көрсөтүп турат. Бирок ошого карабастан кызмат көрсөтүүнүн туруктуулугун камсыз кылуу үчүн чыгашалар сөзсүз түрдө жабылышы керек.

Кызмат көрсөтүү үчүн кошумча каражаттарды мобилдештирүүдө КЭУга көмөк көрсөтүү. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө КЭУнун ишинин өзгөчөлүгү – кызмат көрсөтүүгө жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, анын сапатын жакшыртуу үчүн кошумча ресурстарды чогултууга болгон жөндөмдүүлүгү. Мындай ишти КЭУ фандрайзингдин, эл аралык долбоорлорду ишке ашырууга катышуунун, мамлекеттик финансы институттарынан кошумча каражат алуунун алкагында ЖӨБ органдары менен чогуу жүргүзсө болот. Ошентип, кызмат көрсөтүүгө жергиликтүү бюджеттен кандайдыр бир көлөмдөгү каражатты бөлүп берүү менен, КЭУнун колдоосу менен кызмат көрсөтүүнүн алкагын кеңейтип, же сапатын жакшыртуу үчүн кошумча финансы каражаттарын таап алса болот.

Жогоруда айтылгандарга кошумча бир нерсени белгилей кетүү зарыл: коммерциялык уюмдар социалдык мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүүгө тартылса болот. Бул бизнестин айрым субъекттеринин жамаат алдындагы социалдык жоопкерчилигин мүнөздөйт.

Жогоруда баяндалгандарды жыйынтыктап жатып, дагы бир нерсени белгилей кетсе болот: жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн алкагында кызмат көрсөтүүнү аткарууга жеке секторду тартуу үчүн бир топ мүмкүнчүлүктөр бар. Бул резервдерди элге мыкты кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу үчүн пайдалануу зарыл.

 

Окшош материалы: