Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жолдор, жергиликтүү манидеги маселелер, мечит, суу жана ҮДТ, райфинбөлүмдүн кийлигишүүсү тууралуу

2012-02-29 / Юридикалык кеңеш

Суроолорго ӨСИ юристтери жооп берет

 

Суроолорду муниципалитеттердин тургундары, жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана ЖӨБ органдарынын кызматкерлери беришкен Жооптор Өнүктүрүү саясат институтунун юристтери Асель Мамбетова жана Нурдин Кумушбеков тарабынан берилди
 
Жолдор тууралуу
 
Кайсы бир айылдык аймактын курамына кирген элет тургундарынын суроосу
 
- Биз көп жылдан бери биздин айылдарды бириктирип турган жолдун өтө начар абалынан кыйналып келатабыз. Бул бардык тургундар үчүн чоң көйгөй. ЖӨБ органдары бизге жардам бере албайт. Кимге кайрылабыз? Айылдар арасындагы жолдун абалы үчүн ким жооптуу? 
 
- Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тууралуу” мыйзамынын 18-беренесине ылайык, калк отурукташкан аймактардагы муниципалдык жолдун жана муниципалдык транспорттун ишин камсыздоо жана калк жайгашкан пункттардын чек арасындагы коомдук транспорттун ишин жөнгө салуу  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы жергиликтүү маанидеги маселелерге кирет. Кыргыз Республикасынын “Унаа жолдору тууралуу” мыйзамында унаа жолдорунун классификациясы каралган. Ал боюнча шаар сыртындагы унаа жолдору жалпы колдонуудагы унаа жолдоруна кирет. Ушул мыйзамдын 16 жана 32-беренелери боюнча Транспорт жана коммуникация министрлигинин жол органдарынын карамагына жалпы колдонуудагы унаа жолдору кирет. Мына ошолор унаа жолдорун оңдоп-түзөөгө, тиешелүү стандарттар жана нормативдерге жана элдик чарбачылык жана калктын жүк ташуусуна  ылайык кармап турууга, алардын абалын көзөмөлдөөгө, рационалдык өнүгүүсүн камсыздоого, бул үчүн бөлүнгөн каржы ресурстарын максаттуу пайдаланууга милдеттүү. Ушундан улам ЖӨБ органдары айылдар ортосундагы жолдордун абалы үчүн жооп бербейт. Бул маселе боюнча жоопкерчилик Транспорт жана коммуникация министрлигине жүктөлгөн.
 
Жергиликтүү маанидеги маселелер тууралуу
 
Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын суроосу 
 
- Жергиликтүү кеңеш жергиликтүү маанидеги 22 иштин ичинен эң эле артыкчылыктуу болгондорун тандап, калгандарынан баш тарта алабы?
 
- Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тууралуу” мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктуна ылайык, аймактын турмуш шартын камсыздоо системасын өнүктүрүү жана ишин камсыздоо, социалдык-экономикалык пландоо жана калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына жергиликтүү маанидеги төмөнкү маселелер киргизилген: жана 22 маселе аныкталган. Ушул берененин 2-пунктунда айтылгандай, ушул мыйзамдын 18-беренесинин 1 пунктунда саналган ыйгарым укуктар соңку эмес жана жергиликтүү жамааттарга жана алардын органдарына  өз ыйгарым укуктарын аткарууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган ыйгарым укуктарды ишке ашырууга уруксат берет. Мындан тышкары ушул мыйзамдын жергиликтүү маанидеги маселелерди аныктоо жана чечүү тартибин жөнгө салган 17-беренесинин 1-бөлүгүндө айтылгандай, жергиликтүү маанидеги маселелер Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тууралуу” мыйзамы жана жергиликтүү жамааттын уставы менен аныкталат, өзгөртүлөт жана токтотулат. 
 
Ушундан улам Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тууралуу” мыйзамынын 18-беренесинин 1-бөлүгүндө саналган бардык 22 маселе – милдеттүү деп табылган жана ЖӨБО алардын кайсы бирин чечүүдөн баш тарта албайт.
 
Мечит тууралуу
 
Айыл мечитинин ажысынын суроосу
 
- 2001-жылы жергиликтүү кеңештин чечими менен бала бакчанын имараты мечитке берилди, андан соң жеке менчикке айландырылды. 2011-жылы райондун прокурору бул объектти жеке менчикке мыйзамсыз айландыруу боюнча кылмыш ишин козгоду. Жакында бул имаратты муниципалдык менчикке кайтаруу боюнча сот болот. Эгерде сот муниципалитеттин пайдасына чечим чыгарса, мечиттин тагдыры эмне болот?  
 
-  Кыргыз Республикасынын “Өз алдынча башкаруу тууралуу” (1-берене), “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржы-экономикалык негиздери тууралуу” (1-берене) жана “Мүлккө болгон муниципалдык менчик тууралуу” (1-берене) мыйзамдарына ылайык, муниципалдык менчик – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ээлигиндеги, колдонуусундагы жана карамагындагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу үчүн пайда алып келүүчү булак катары кызмат кылган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү өз алдынча  башкаруунун өз функцияларын ишке ашырууга зарыл болгон жергиликтүү жамааттардын менчиги. 
 
Эгерде соттун чечими менен бала бакчанын имараты муниципалдык менчикке кайтарылса, анда Кыргыз Республикасынын “Мүлккө болгон муниципалдык менчик тууралуу” мыйзамына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн бул объектке өзү каалагандай ээлик кылат, аны колдонот жана башкарат (2-берененин 2-пункту). Ошол эле учурда белгилей кетүү зарыл, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын дин жана бардык культтар мамлекеттен ажыратылган. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тууралуу” мыйзамынын 18-беренесине ылайык, мечитти уюштуруу үчүн аны имарат же башка объекттер менен камсыздоо функциясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдетине кирбейт. Чечим кабыл алууда сот төмөнкү жагдайды эске алыш керек болот: бала бакчанын имараты мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте алынды беле? Ал эми ал тартип боюнча, муниципалдык менчиктеги объект айылдык кеңештин чечими менен бекитилген бул айылдык аймактын муниципалдык менчигин менчиктештирүү программасына алдын ала киргизилиш керек болчу. (Кыргыз Республикасынын “Мүлккө болгон муниципалдык менчик тууралуу” мыйзамынын 13-беренеси). Дал ушул жергиликтүү кеңеш аталган айылдык аймактагы жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарынын өкүлү болот жана жергиликтүү жамааттын менчиги деп эсептелген муниципалдык менчиктин юридикалык тагдырын чечет. 
 
Суу жана ҮДТ тууралуу
 
ҮДТ жетекчисинин суроосу
 
- 1990-жылдан бери биз дарыкана жана лаборатория ачсакпы деп жүрөбүз. Бирок бул максатыбыз суунун жоктугунан улам ишке ашпай келет. ЖӨБ органдарына кайрылуубуздан майнап чыкпай жатат. Ошол эле кезде бизде 5000ден ашуун адамдан турган калкты тейлөө үчүн транспорт, Тез жардам чакыруу үчүн телефон да жок. Биз эмне кылышыбыз керек?
 
-  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тууралуу” мыйзамынын 10-беренесинин 8-пунктуна ылайык, мамлекеттик стандарттар боюнча саламаттыкты сактоону камсыздоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эмес, мамлекеттик бийлик органдарынын ыйгарым укугуна кирет. Аталган мыйзамдын 18-беренесинин 4-пунктуна ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы жергиликтүү маанидеги маселелерге калкты таза суу менен камсыздоо гана кирет. Ал эми бул окуяда, түшүнгөнүбүзгө караганда, сөз таза суу тууралуу эмес, медициналык лабораториянын техникалык керектөөлөрүн камсыздоо үчүн зарыл болгон суу тууралуу болуп жатат. Медициналык пункттун ишин транспорт жана телефон байланышы менен камсыздоо саламаттыкты сактоонун бир бөлүгү деп эсептелет жана ал да мамлекеттин функциясына кирет. 
 
Ушундан улам медициналык лабораториянын техникалык керектөөлөрү үчүн суу, медициналык пункттун ишин транспорт жана телефон байланышы менен камсыздоо ЖӨБ органдарынын эмес, мамлекеттик бийлик органдарынын милдети деп эсептелет. 
 
Райфинбөлүмүнүн кийлигишүүсү тууралуу
 
ЖӨБ органдарынын кызматкерлеринин суроосу
 
- Биз өз абалыбыздын эки анжы болгонуна нааразыбыз: эгерде мыйзам тарабынан ЖӨБ органдарына саясий/каржылык/административдик автономия берилсе, анда эмне үчүн ушул убакытка чейин ЖӨБО дайыма өз шарттарын коюп жаткан мамлекеттик органдардан, анын ичинде райондук каржы бөлүмүнөн көз каранды болуп келет?
 
- Ушул тапта мамлекеттик башкарууну борбордон алыстатуу тармагындагы реформалардын жана ЖӨБдагы реформалардын (ЖӨБОнун бюджеттик маселелерде өз алдынчалуулугун жогорулатуу, коррупциянын деңгээлин азайтуу, ЖӨБОнун Каржы министрлиги жана анын аймактык органдары менен кызматташуусун жакшыртуу) алкагында өкмөт жарыялаган принциптерге ылайык, мамлекеттик бюджетти түзүүдө эки тепкичтүү системага өтүүгө байланыштуу бюджеттер аралык мамилелердин жаңы форматына өтүү процесси жүрүп жатат. Жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө байланыштуу маселелерге тиешелүү нормативдик база жакынкы убакыттарда бюджеттер аралык мамилелердин айтылган схемасына ылайык келтирилет. Азырынча каржылык жактан борбордон алыстатуу процесси аяктай элек, мамлекеттик бийлик менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары жана ыйгарым укуктары толук кандуу бөлүштүрүлө элек. Ошол эле учурда белгилей кетүү зарыл, мыйзам тарабынан алардын кызматташуусу жөнгө салынган. Мисалы, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тууралуу” мыйзамынын 3-беренесинде айтылгандай, жергиликтүү өз алдынча башкаруу төмөнкү принциптерге негизделген: мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын ажырымдоо; өз карамагындагы маселелерди чечүүдө жергиликтүү кеңештердин көз карандысыздыгы. Ушул мыйзамдын 10-беренеси мамлекеттик бийлик органдарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарына төмөнкүлөрдү киргизет: республикалык жана жергиликтүү бюджеттер ортосундагы мамилени жөнгө салуу, минималдык бюджеттик камсыздоодогу нормативдердин негизинде жергиликтүү бюджеттердин тең салмактуулугун камсыздоо; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржылык жактан өз алдынчалуулугуна мамлекеттик кепилдикти камсыздоо жана башкалар. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржылык-экономикалык негиздери тууралуу” мыйзамынын 13-беренесинде жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу тартиби жөнгө салынган. Ага ылайык, Каржы министрлиги айыл өкмөтүнө жана алардын каржы органдарына бюджетти, календардык планды, киреше жана чыгашалар боюнча максаттык көрсөткүчтөрдү түзүү боюнча көрсөтмөлөрдү, жалпы мамлекеттик салыктардан бөлүнө турган болжолдуу нормативдер жана жергиликтүү бюджеттерден бөлүнгөн категориалдык жана теңдөөчү гранттардын болжолдуу өлчөмү тууралуу маалымат берет. Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясынын чегин аныктаган башка мыйзамдык акттар да бар. Каржы министрлигинин райондук каржы бөлүмдөрү (башка мамлекеттик органдар өңдүү эле) мыйзамдын талаптарын бекем аткарыш керек жана анын алкагынан чыкпаш керек. 

 

Окшош материалы: