Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Электрондук соода аянтчасы: муниципалдык мүлктү ижарага берүү жана сатуу келишимин түзүү укугуна электрондук форматтагы аукциондор

2020-12-22 / Көңүл чордонунда
Электрондук соода аянтчасы: муниципалдык мүлктү ижарага берүү жана сатуу келишимин түзүү укугуна электрондук форматтагы аукциондор

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Усманович САЛИЕВдин кайрылуусу.

Муниципалдык мүлктү сатуунун жана ижарага берүүнүн ачыктыгын камсыз кылуу жана коррупциялык элементтерди жоюу максатында өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Электрондук соода аянты” маалыматтык тутумун иштеп чыгуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Бул багытта "Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна аукциондорду электрондук форматта өткөрүү тартиби жөнүндө жобо"[1], жана электрондук форматта муниципалдык мүлкү сатуу боюнча аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобо"[2], ошондой эле "Инфо-система" мамлекеттик ишканасы тарабынан республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын эсебинен "Электрондук соода аянты" маалыматтык тутуму иштелип чыккан.

Электрондук соода аянты – бул тооруктарды (аукциондорду) реалдуу убакыт режиминде жүргүзүү үчүн бирдиктүү автоматташтырылган тутум. Бул система – Интернет байланышы аркылуу соода операцияларын соңку мезгилде аткаруу  процесстерин автоматташтырууга арналган.

Онлайн аукциондорду өткөрүү үчүн Электрондук соода аянтын ишке ашыруу төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

  • рынокту кеңейтүү;
  • ачык-айкындуулук жана ачыктык;
  • убакыттын жана акчанын чыгымдарын кыскартуу;
  • дүйнөнүн каалаган бурчунан соода жүргүзүүгө катышуу мүмкүнчүлүгү;
  • таза атаандаштык;
  • бардык катышуучулардын укуктарынын бирдейлиги.

"Электрондук соода аянты" маалымат тутумун тестирлөө Токмок, Кант шаарларында, ошондой эле Ново-Покровка айыл өкмөтүндө өттү. "Электрондук соода аянты" порталындагы онлайн аукциондорду өткөрүү үчүн "Электрондук соода аянты" порталы иштей баштагандан бери жалпысынан 59 муниципалдык менчик мүлктү лизингге аукционго коюлуп, анын ичинен Кант шаарындагы (1 объект) жана Новопокровка а/а (8 объект) пилоттук объектилерин көрсөтүү боюнча иштер жүргүзүлдү.

2020-жылдын август айында Бишкек шаарынын мэриясынын порталында аукциондорду өткөрүү үчүн туташтыруу боюнча иштер жүргүзүлүп, ал жерде 50 объект порталга коюлду, алардын 14ү бүттү, 36сы орун алган жок.

2020-жылдын аягына чейин ЖӨБ органдарында ЭСАны толугу менен ишке ашыруу пландаштырылууда.

Бул усулдук колдонмо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына электрондук форматта муниципалдык менчиктерди сатуу жана ижарага берүү боюнча усулдук колдоо көрсөтүү максатында Агенттик[3] тарабынан иштелип чыккан.

Электрондук соода аянтчасын киргизүү үчүн жүйөлөр

Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органы коомдук (мамлекеттик жана муниципалдык) финансыны башкарып жатканда мамлекет жана коом андан мүмкүн болушунча ачык-айкындуулукту, жол-жоболорду бекем сактоону талап кылат. Ресурстар эффективдүү сарпталып, ошол эле маалда айрым адамдарга коррупциялык пайда алып келбеши үчүн ушундай талаптар коюлган. Ал эми мамлекеттик сатып алуулар процессине мындай талаптар өзгөчө катуу коюлган. Бирок мамлекеттик жана муниципалдык коомдук ресурстарды – жерди жана мүлктү башкаруу боюнча башка процесске көзөмөл мынчалык катуу эмес. Албетте, бул процесстин да өзүнүн жол-жоболору бар. Бул чөйрөдө түзүлгөн бүтүмдөр тууралуу маалыматтар да, прокуратуранын текшерүүлөрүнүн жыйынтыктары да көзөмөл көп катаал болбогонун тастыктап турат. Прокуратура органдары өзгөчө муниципалдык мүлктү тескөө чөйрөсүндө мыйзам бузуулар болуп жатканын жыл сайын аныктап келет.

Негизи мамлекеттик жана муниципалдык сатуулар табияты жана логикасы жагынан мамлекеттик жана муниципалдык сатып алуулар тууралуу мыйзамдарга жакын болгон мыйзамдар менен жөнгө салынышы керек эле. Себеби эки учурда тең сөз коомдук ресурстарды тескөө тууралуу болуп жатат.

Ушул логикага таянсак, мамлекет мамлекеттик жана муниципалдык сатуулар процессинин үстүнөн көзөмөл мамлекеттик жана муниципалдык сатып алуулар процессин көзөмөлдөгөндөй деңгээлде болушун камсыздашы керек. Башкача айтканда, электрондук портал болууга тийиш. Ошол порталда пландалып жаткан жана түзүлгөн бүтүмдөр тууралуу бардык маалымат ачык жарыяланышы керек. Бул болсо тоорук маалында атаандаштыктын деңгээлин жогорулатууга шарт түзмөк. Ушул тапта ишке ашырылган бүтүмдөр тууралуу гана маалымат жарыяланып жатат. Мындай жагдай ыктымал сатып алуучуларга пландалып жаткан сатуулар тууралуу маалыматты өз убагында алуусуна жолтоо болуп, атаандаштыктын деңгээлин, сатуу баасын азайтып, коррупция үчүн шарттарды түзүүдө.

Ижара келишимин түзүү  жана муниципалдык мүлктү сатуу укугуна аукциондорду электрондук форматта өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү

Муниципалдык менчик укугунун пайда болушу, жүзөгө ашырылышы жана токтотулушу боюнча мамилелер Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин мүчөсү болгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жөнгө салынат.

Алалы, Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамына ылайык, муниципалдык менчик бул жергиликтүү жамааттардын менчиги болуп саналат, пайдаланылат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында болот, бул жергиликтүү өз алдынча башкаруунун киреше булагы катары кызмат кылат жана мыйзамдарга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жараша колдонулушу зарыл. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын каалоосу боюнча, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон муниципалдык менчикке ээ боло алат, ээлик кылат, колдонот жана тейлейт.

"Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 12-1-беренесине ылайык, муниципалдык мүлктү менчиктештирүү ыкмаларынын бири электрондук форматта өткөрүлө турган аукциондо сатуу болуп саналат. Муниципалдык менчиктин объектилерин пайдаланууга жана ижарага берүү тооруктар аркылуу жүзөгө ашырылат, алар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте электрондук форматта да жүргүзүлүшү мүмкүн (15-бер.).

Жогоруда аталган Мыйзам ченемдерин ишке ашыруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкү жоболорду бекитти:

  • Электрондук форматта муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы №142 токтому менен бекитилген);
  • Муниципалдык мүлктү электрондук форматта сатуу боюнча аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-октябрындагы №519 токтому менен бекитилген).

Электрондук аукцион - тооруктарды өткөрүү жолу менен муниципалдык мүлктү ижарага берүү жана сатуу ыкмасы, анда сатып алуу-сатуу (ижарага берүү) келишими объектке эӊ жогору бааны сунуш кылган жана төлөгөн адам менен түзүлөт;

Электрондук соода аянты - тооруктарды уюштуруу жана өткөрүү үчүн Интернетте жайгашкан жана катталган катышуучуларга алыстан (жеке катышуусуз) бүтүмдөр боюнча электрондук транзакцияларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берген маалымат тутуму (кирүү үчүн шилтеме https://etp.okmot.kg/msu/);

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдары тарабынан бекитилген муниципалдык мүлктү менчиктештирүү Программасына ылайык, электрондук форматта муниципалдык менчикти (жер участокторун кошпогондо) сатуу боюнча аукциондорду уюштуруу жана өткөрүү.

Муниципалдык менчик объектилерин менчиктештирүү программасы "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине ылайык иштелип чыккан. Аукционго коюлган муниципалдык менчик объекттери жергиликтүү жамаат менен коомдук талкууга коюлат:

  • республикалык жана облустук маанидеги шаарларда жергиликтүү бийлик органдарынын расмий сайттарына жайгаштыруу жолу менен,
  • райондук маанидеги шаарларда жана айылдык аймактарда чогулуштарды, жолугушууларды, курултайларды өткөрүү жолу менен.

Талапкерлердин (же анын атынан иш алып барууга укуктуу адамдардын), катышуучулардын (же анын атынан иш алып барууга укуктуу адамдардын), электрондук соода аянтынын операторунун жана сатуучунун/ижарага берүүчүнүн ортосундагы документтердин жүгүртүлүшү электрондук документтер же электрондук документтер түрүндө электрондук соода аянты аркылуу жүзөгө ашырылат (кагаз түрүндөгү документтер, сканерлөө жолу менен санарип формасына өткөн, алардын даректерин сактоо). Бул эреже тараптар жөнөкөй жазуу жүзүндө түзгөн муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимине колдонулбайт.

Муниципалдык мүлктү ижарага берүү жана сатуу укугун электрондук аукционду уюштурууга жана өткөрүүгө байланыштуу электрондук документтер, анын ичинде ижарага берүүчүдөн, талапкерлерден жана катышуучулардан алынган документтер электрондук соода аянтынын оператору тарабынан сакталат.

Муниципалдык мүлктү ижарага берүү/сатуу келишимин түзүү электрондук аукциондун жеңүүчүсү аныкталган күндөн тартып 7 календардык күндүн ичинде электрондук соода аянтында өткөрүлгөн электрондук аукциондун натыйжалары боюнча жүргүзүлөт.

 

___________________


[1]Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы №142 "Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна аукциондорду электрондук форматта өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

[2]Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-октябрындагы №519 "Муниципалдык мүлктү электрондук форматта сатуу боюнча аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

[3] Демократия боюнча Вестминстер Фондунун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн каржылык колдоосу менен даярдалды.

 

Окшош материалы: