Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Аялдар үчүн 30% квотаны киргизүү жөнүндө чечимге эмне себеп болгон? Чоо-жайы

2021-03-04 / Көңүл чордонунда
Аялдар үчүн 30% квотаны киргизүү жөнүндө чечимге эмне себеп болгон? Чоо-жайы

2021-жылдын февраль айынын башында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Шайлоо 2021-жылдын 11-апрель – жекшемби күнгө дайындалды. Бул шайлоодо эң негизги жаңылык – аял депутаттар үчүн 30% квотаны киргизүү. Эскерте кетсек, квота 2019-жылдын 8-августунда киргизилген. Бул күнү “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана “Референдум жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзамга кол коюлган.

Квота – бул механикалык чара, мажбурлоо чарасы.

“Аялдар үчүн ушундай механикалык «лифттерди» түзүү адилеттүүлүккө жатабы?” деп көптөгөн адамдар суроо беришет. Эгерде аял киши депутат боло алса, анда эркектер менен бирдей шартта атаандашсын! Бирок баары эле мынчалык оңой эмес. Чындыгында, буга чейин мыйзам жергиликтүү кеңештерге шайлоо үчүн аялдар менен эркектерге бирдей шарт түзүп келген. Бирок ар бир чакырылыш сайын жергиликтүү кеңештерде аялдардын үлүшү азайып келди. Буга көптөгөн себептер, анын ичинде мыйзам менен жөнгө салынбаган себептер бар. Мисалы, үй-бүлөдөгү гендердик роль, стереотиптердин таасири, жалган көз караш жана башкалар. Өлкөнүн калкынын жарымын түзгөн аялдар да жергиликтүү кеңештерде болушу керек деген түшүнүккө коомду кайтаруу абдан маанилүү болчу. Айрыкча жергиликтүү кеңештер аялдарга түздөн-түз тиешелүү болгон маселелерди жана көйгөйлөрдү чече турганын эсепке алыш керек. Мисалы, сууга жеткиликтүүлүк, айылдардагы жана шаарлардагы санитардык абал, мектепте билим алуу үчүн шарттар жана эрте курактагы балдардын билим алуу мүмкүнчүлүктөрү. Ошол эле учурда, 30 жыл мурун, Кыргыз ССРинин жергиликтүү кеңештеринде аялдар эркектерге караганда дээрлик көп болгон жана эч ким муну таң калыштуу же туура эмес көрүнүш катары кабыл алчу эмес. Аялдарга жергиликтүү кеңештердеги мыйзамдуу орундарын кайтарып берүү, жамааттардын бул маселеге болгон мамилесин өзгөртүү үчүн квота киргизүү сыяктуу механикалык чара көрүү керек болчу.

2016-жылдагы жергиликтүү шайлоодон кийин айылдык жергиликтүү кеңештердеги аялдардын өкүлдөрү 2 пайызга төмөндөп, 13% түзгөн. Мандаттарды өткөрүп берүү учурунда аялдардын үлүшү 10,7 пайызга чейин төмөндөдү1. Эң чоң төмөндөө Ысык-Көл облусунда байкалган. Бул облус буга чейин аялдардын кеңештердеги үлүшү боюнча лидер саналчу. Бирок 2019-жылга карата ал лидерлигин жоготкон. Жергиликтүү кеңештердеги аялдардын өкүлчүлүгүнүн эң төмөнкү деңгээли Ош облусунда байкалууда. Бул динамика жергиликтүү кеңештерде аялдар үчүн 30% квота киргизүүгө өбөлгө түзгөн факторлордун бири болуп калды. Бирок бир канча таасири күчтүү факторлорго байланыштуу аялдарга бул укуктан пайдалануу оңой болбойт. Бул факторлор аялдарга өзүн көрсөтүү процессинде жана шайлоодо да, депутаттардын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу процессинде да тоскоол болмокчу. Ушул факторлордун ичинен сырткы факторлор айырмаланып турат - мисалы, мандатынан баш тартууну каалабаган эркек лидерлердин каршылыгы жана аялдардын саясий активдүүлүгүнө тоскоол болгон ички стереотиптер. Ошондой эле аялдар өздөрү да депутаттык иш-милдеттерди толук кандуу аткаруу жөндөмдүүлүгүнө көп ишене беришпейт. Мындай кооптонуу депутаттык иштин көлөмү жана мүнөзү жөнүндө билимдин төмөн деңгээлинен келип чыгууда.

2020-жылдын март айында ӨСИ аялдардын ЖӨБгө катышуу деңгээли боюнча сурамжылоо2 жүргүзгөн. Аялдар жергиликтүү жамааттардагы расмий эмес иш-чараларга ишенимдүүрөөк катышат. Бирок расмий иш-чараларда өздөрүн ыңгайсыз сезээрин айтышкан. Көпчүлүк аялдар ЖӨБгө катышуу үчүн өздөрүндө күч бар болгонун сезип турушат. Бирок алар бейформал коомдук жашоого салыштырмалуу “расмий” ЖӨБгө катышууда чектөөлөрдү да көрүшүүдө. Ошентип, курултайга катышуу деңгээлин терс баалаган аялдардын үлүшү 50 пайызды түздү; жергиликтүү кеңештин сессияларында – 42%. Аялдарга караганда (39%) эркектер (58%) көбүнчө өздөрү үчүн маанилүү маселени бюджет боюнча коомдук угууларда, ошондой эле жергиликтүү кеңештердин сессияларында көтөрүп чыгууга жетишишет.

Эркектер менен аялдар аялдардын үйдөгү жумуш жүктөмүнүн факторун ашыкча баалап, аны аялдардын саясий ишмердүүлүгүнө жолтоо болгон негизги тоскоолдук деп эсептешет. Коомдук иштерге эркектердин 60% жана аялдардын 40 пайыздан азы катышкан. Эркектердин 60% бул жердеги негизги көйгөй – акы төлөнбөгөн үй жумуштары өтө көп болгонуна байланыштуу деп эсептешет. Экинчи себеби, аялдарды маанилүү маселелерди талкуулоого чакырышпайт.

Аялдар өзүнө ишенбейт. Ар бир алтынчы аял аялдардын пикири олуттуу кабыл алынбайт деп эсептейт. Ал эми ар бир онунчу аял коомдук активдүүлүгү же коомдук демилге көтөргөнү үчүн жамаат аны уяткарышы мүмкүн деп коркот.

Аялдарга караганда эркектер көбүнчө алар үчүн маанилүү болгон көйгөйдүн чечилишине жетишишет, тарапкерлерди табуу да алар үчүн жеңил, демилгелери да колдоо табат. Эркектер өздөрүн кыйла натыйжалуу жашоо өзгөртүүчүлөр деп эсептешет. Ошентип, аялдардын 61% жана эркектердин 91% өз маселелерин чечишти, аялдардын 20% жана эркектердин 4% гана ийгиликке жетише алышкан жок.

Ошол эле учурда аялдар саясатта өздөрүнүн күчтүү жактарын көрсөтүшөт, бул алардын алга жылуусунун таянычы боло алат: элеттик аялдардын 63% өзүн жигердүү жарандык позициясы бар жарандар деп эсептешет; аялдар мамлекеттик финансыны башкаруу маселесин эркектерден кем калышпай билишет (жергиликтүү бюджет эркектердин 46% жана аялдардын 30% үчүн гана түшүнүксүз бойдон калууда); аялдар лидерлик сапаттарга жана аракеттерди бириктирүү жөндөмүнө ээ экендигин түшүнүшөт, ал эми эркектердин “куралы” – алар жеке авторитетине жана көтөрүлгөн маселелердин актуалдуулугуна таянат; аялдар социалдык маселелерди чечүүгө багытталган долбоорлорду ийгиликтүү иштеп чыгышат, ырааттуу жана туруктуу иш жүргүзүшөт. Себеби аларды күчтүү жеке мотивация алдыга түртүп турат.

 

___________

1 2016-2018-жылдары кабыл алынган мыйзамдардын Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүүсүнө тийгизген таасири тууралуу баяндама. http://dpi.kg/ru/library/full/314.html

2 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жарандарды эмне менен шыктандыра алат? / Кыргыз Республикасынын жарандарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата ишеним деңгээлин, жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана жарандардын чечим кабыл алуу процессине катышуу шарттарына канааттануусун изилдөөнүн жыйынтыктары. – Бишкек: Өнүктүрүү саясат институту, 2020. – 65 бет. Каржылоо – ЭҮЖӨБОЖ Долбоору, www.vap.kg

Окшош материалы: