Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

БИЗ ИШЕНЕБИЗ!

2021-03-04 / Көңүл чордонунда
БИЗ ИШЕНЕБИЗ!

Жергиликтүү кеңеште аял депутаттардын саны азыркыдан да көбүрөөк болгону эмне үчүн маанилүү?

ЭМНЕ ҮЧҮН АЯЛДАРГА ҮЙ-БҮЛӨНҮН АКЧАСЫН ИШЕНИП БЕРЕБИЗ? АЯЛДАР ҮЙ-БҮЛӨЛҮК БЮДЖЕТТИ БАШКАРАТ, АЗЫК-ТҮЛҮК САТЫП АЛЫШАТ ЖАНА КОММУНАЛДЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨР ҮЧҮН УБАГЫНДА АКЧА ТӨЛӨП ТУРУШАТ

Себеби аялзаты үнөмчүл болот жана ар бир тыйындын наркын билет, үй-бүлөдөгү ар бир адамдын муктаждыктарын жана керектөөлөрүн байкап жүрөт. Анын сыңары аял депутат да жергиликтүү бюджет маселесин адилеттүү карап, салмактап чечет, эртеңки күндү ойлоп, ресурстарга аяр мамиле жасайт, жердештерин коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн өз убагында акы төлөп турууга ынандыра алат! Аял депутат – бул тең салмактуу жергиликтүү бюджет!

ЭМНЕ ҮЧҮН АЯЛДАРГА ОЧОГУБУЗДУ ИШЕНИП БЕРЕБИЗ? АЯЛ ЖҮРГӨН ЖЕР ТАЗА БОЛОТ

Аял үйдө тазалыкты сактап, жылуулук ыроолоп, кут алып келет. Эне, жубай, карындаш жана чоң эне – үйдүн куту, ырыскысы. Жергиликтүү кеңештин депутаты болгондон кийин аял айылда же шаарда тазалыкты кармап, көрктөндүрүп, жайлуу жашаганга болгон салымын кошот. Аял депутат – бул шаарларда жана айылдарда тазалык жана тартип!

ЭМНЕ ҮЧҮН АЯЛДАРГА БОЛОЧОК МУУНДУ – БАЛДАРДЫ ТАРБИЯЛОО МИЛДЕТИН ЖҮКТӨЙБҮЗ?

Көпчүлүк үй-бүлөлөрдө бала багууда негизги ролду аялдар – эне, эже, тайне же чоң эне ойнойт. Себеби аялдар сабырдуу жана камкор келишет, алар ар бир балага өзгөчө мээримин төгүп, кам көрүп, соорото алышат. Ошол сыңары жергиликтүү кеңештин аял депутаты да өзгөчө муктаждарга – балдарга, карыларга, оор абалда тургандарга жана жардамга муктаждарга сабырдуулук жана боорукердик менен мамиле жасайт! Аял депутат билим алуу жана мектепке чейинки тарбия берүү үчүн мыкты шарттарды түзүп бергенге умтулат! Аял депутат билим берүү үчүн мыкты шарттарды түзөт!

ЭМНЕ ҮЧҮН АЯЛДАРГА ДЕН СООЛУГУБУЗДУ ИШЕНИП БЕРЕБИЗ? АЯЛДАР АДАМДАРДЫ ДАРЫЛАЙТ

Кенже жана орто медициналык кызматкерлер аялдар экени сыр эмес. Дарыгерлердин арасында да аялдар басымдуулук кылат. Себеби биз аялдардын мээрмандыгына, ар бир маселени дыкат жана жооптуу чечүү жөндөмдүүлүгүнө ишенебиз. Адамды жарык дүйнөгө алып келип, жаңы жашоо тартуулаган аялзаты үчүн ар бир өмүр баалуу эмеспи. Жергиликтүү кеңештин депутаты болгондон кийин аял чыр-чатакка, талаш-тартышка жол бербестен, ынтымакка умтулуп, кеңештин ичинде жагымдуу, жаратмандык маанайды түзөт! Аял депутат – бул жергиликтүү кеңеште тынчтык жана гармония!

ЭМНЕ ҮЧҮН АЯЛДАРГА ЖАШООБУЗДУ ИШЕНЕБИЗ? АЛАР БИЗГЕ ТАМАК ЖАСАЙТ

Эне жасаган тамак – эң даамдуу. Муну ар бирибиз жакшы билебиз. Аял үй-бүлөсүнө даамдуу, тоюмдуу тамак жасайт, ошол эле маалда азык-түлүктү ысырап да кылбайт. Аял ар бир азыктын пайдасын жана калориясын мыкты билет. Кайсы азык-түлүк түгөнгөнүн, дагы эмнелерди алып коюш керектигин, эмнеси жетпей калганын билип турат. Жергиликтүү кеңеште да аял чечим кабыл алып жатканда терең ойлонуп, акыл калчап, дыкаат изилдеп, пайдасын жана наркын эсепке алат! Аял депутат жергиликтүү кеңеште терең ойлонулган жана бардык жагынан эсептелип чыккан чечимдерди кабыл алат!

 

Окшош материалы: