Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү шайлоо процессинде ЖӨБ органдарынын ролу

2021-03-04 / Көңүл чордонунда
Жергиликтүү шайлоо процессинде ЖӨБ органдарынын ролу

КР БШКнын жарандарга, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, коммерциялык эмес уюмдарга кайрылуусунан үзүндү. Кайрылуунун толук текстин сайттан окуй аласыз. Дареги: https://shailoo.gov.kg/ru/news/4410/

Урматтуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү!

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары шайлоо комиссияларына алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга төмөнкү маселелер боюнча көмөктөшүүгө милдеттүү:

  • керектүү жабдууларды, транспорт каражаттарын берүү;
  • орун-жайларды, анын ичинде технологиялык жабдууларды (такта, добуш берүү үчүн үкөк ж.б.), жогору турган шайлоо комиссиясына же архивге өткөрүп бергенге чейин шайлоо өткөрүү боюнча документтерди сактоо үчүн орун-жайларды берүү, ошондой эле алардын кайтарылышын камсыздоо;
  • үзгүлтүксүз телефон, интернет байланышын, электр (ошондой эле электр аркылуу азыктандыруунун альтернативалуу булагы менен камсыздоо), жылуулук менен камсыздоо;
  • керектүү маалыматтарды жана материалдарды берүү;
  • шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу шайлоо комиссияларынын кайрылууларына – дароо, тиешелүү маселени кошумча изилдөө же текшерүү зарыл болгон учурда – 3 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү – токтоосуз жооп берүү.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 6-пунктуна ылайык, добуш берүү үчүн жай ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын бул жайга тоскоолдуксуз кирүүсүн жана анда добуш берүүсүн, анын ичинде ыңгайлуу келип-кетүү жана жөө жүрүү жолдорун, жеке автотранспортун токтотуучу атайын жерлердин, имараттын биринчи кабаттарында добуш берүү үчүн жайлардын жайгаштырылышын же лифттердин, эшиктердин кең улагасынын, пандустардын болушу (пандусту орнотуу мүмкүн болбосо, жардамга чакыруу баскычтары менен жабдылышы), төшөмөлөр, тактилдик көрсөткүчтөр, жетиштүү жарыктандыруу менен камсыздалууга тийиш. 

Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына шайлоочулардын тизмелерин тактоо маселелери боюнча көмөктөшүүгө милдеттүү.

Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо дайындалган күндөн тартып 35 календардык күндүн ичинде ар бир шайлоо участкасында үгүт материалдарын илүү үчүн атайын орундарды берүүгө жана жабдууга милдеттүү.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо комиссиялары тарабынан ыкчам чара көрүүчү координациялык топтор түзүлөт, анын курамына укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирет.

Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтун негизги иш-милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат: шайлоо мыйзамдарын бузууга ыкчам чара көрүү; көрүлүүчү чаралар жөнүндө жарандарга маалымдоо.

 

Окшош материалы: