Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЭҮЖӨБОЖ долбоору 2021-жылы жазында өтө турган шайлоо процессинде аялдарга 30% квотаны колдонууга жардам берүүдө

2021-03-04 / Көңүл чордонунда
ЭҮЖӨБОЖ долбоору 2021-жылы жазында өтө турган шайлоо процессинде аялдарга 30% квотаны колдонууга жардам берүүдө

Нургуль ЖАМАНКУЛОВА, ЖӨБдүн Мыкты практикалар порталынын (www.myktyaimak.kg) мазмун боюнча администратору

2021-жылдын 29-январында Ысык-Көлдө “Аялдар жана жаштар үчүн жергиликтүү кеңештин болочок депутатынын мектебинин” расмий жабылышы болду. Бул практикалык окуу иш-чарасы беш күн өттү1. Мектеп элеттик муниципалитеттердин жергиликтүү кеңештеринде жигердүү кыз-келиндердин мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында уюштурулган2.

Беш күндүк практикалык окууну “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору (мындан ары – ЭҮЖӨБОЖ Долбоору) уюштурду. Аталган Долбоорду Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария өкмөтү каржылайт жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып келүүдө. Мектеп Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзу менен кызматташтыкта, ЖӨБ иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин (ЖӨБЭММА) жана КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын катышуусунда уюштурулду.

Беш күндүн ичинде – 25-январдан 29-январга чейин Кыргызстандын бардык жети дубанынан келген 25 жаштан 64 жаш курагындагы 49 кыз-келин окуудан өтүштү. Бул окууга Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тутумуна жана өнүгүүсүнө тиешелүү негизги пункттар кирген.

Элдин ЖӨБгө карата ишенимин арттыруунун, ЖӨБ органдарынын потенциалын жогорулатуунун, ЖӨБдүн аткаруу жана өкүлчүлүктүү органдарынын ишине аялдардын катышуу деңгээлин көбөйтүүнүн маанисин баамдап, КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери жана этностук мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик (ЖӨБЭММА), КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу (ЖӨБ Союзу) Долбоордун катышуусу менен элеттик кыз-келиндерди жергиликтүү кеңештерге шайлоого жигердүү жана сабаттуу катышууга тартуу максатында иш-чара уюштуруу идеясын колдоп чыгышкан. Бул үчүн ЖӨБдүн өкүлчүлүктүү органынын болочок мүчөсүнүн (жергиликтүү кеңештин депутатынын) Мектебине катышууга кызыкдар болгон 49 кыз-келин тандалды.

Мектептин маалыматтык-ресурстук платформасы болуп КР ЖӨБдүн мыкты практикалар порталы саналат: www.myktyaimak.gov.kg.

Алдына койгон максаттарга жетүү үчүн практикалык интенсивдин уюштуруучулары жана тренерлери катышуучуларга төмөнкү тапшырмаларды чечүүгө жардам беришти:

  • лидерлик сапаттарды өркүндөтүү боюнча көндүмдөргө ээ болуу;
  • эффективдүү коммуникация көндүмдөрүн өнүктүрүү;
  • аудиториянын алдында сөз сүйлөө көндүмдөрүн өркүндөтүү;
  • чыр-чатакты адамдын табиятына мүнөздүү көрүнүш катары аныктоону үйрөнүү жана чыр-чатактарды жөнгө сала билүү (чыр-чатактар конструктивдүү же кыйратуучуболушу мүмкүн);
  • Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун финансылык негиздери жөнүндө баштапкы билимге ээ болуу;
  • жергиликтүү кеңештерге шайлоого депутаттыкка талапкер катары катышууга даярдануу;
  • жергиликтүү кеңеште иштөөгө даярдануу – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун уюштуруучулук жана мыйзамдык негиздери жөнүндө; жергиликтүү кеңештеги депутаттардын укуктук абалы жана жергиликтүү кеңештин ишин уюштуруу жөнүндө билим алуу.

КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин (ЖӨБЭММА) директорунун орун басары М. К.БАЙДЫЛДАЕВ: “Урматтуу аялдар, конкурстун кадырлуу жеңүүчүлөрү! Силер Кыргызстандын булуң-бурчунан тандалып алынган 49 кыз-келиндин катарында турасыңар. Аялдар жана жаштар үчүн болочок депутаттын мектеби – бул шайлоо өнөктүгү үчүн жакшы башталыш. ЖӨБЭММАнын атынан сизге ийгиликтерди каалайбыз, урматтуу ЖӨБдүн өкүлчүлүктүү органдарынын келечектеги өкүлдөрү! Мектептин тажрыйбасы бүткүл өлкөгөжайылат деп үмүттөнөбүз”.

КР ЖӨБ Союзунун директорунун орун басары Б.И. ОРОЗБАЕВ: “Урматтуу аялдар! Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзу сизди Аялдар жана жаштар үчүн болочок депутаттын мектебин ийгиликтүү аяктаганыңыз менен куттуктайт. Муниципалитеттерге кайтып келгенден кийин алган жаңы билимиңизди үзөңгүлөштөрүңүз жана пикирлештериңиз менен бөлүшүп, аларды жигердүү болууга жана жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер болууга үндөйсүз деп ишенебиз. Сиздин жеңишиңизге терең ишенебиз! КР ЖӨБ Союзу жаңы шайланган депутаттарды окутуу жана потенциалын жогорулатуу аркылуу колдоп, ушул багыттагы ишин улантат. “WhatsApp” мессенджеринде тайпабыз бар, ал жерге катталып, суроолорду берип, аларга жооп алсаңыз болот. Ошондой эле биз менен түз байланыша аласыз. Биз кызматташууга жана конструктивдүү диалогго ар дайым ачыкпыз. Алдыдагы шайлоодо ийгиликтерди каалайбыз!”.

КР БШКнын төрайымы Нуржан ШАЙЛДАБЕКОВА жана ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жетекчиси Бекболот БЕКИЕВ ар бир катышуучуга сертификаттарды жана беш күндүк Мектептин жыйынтыктоочу продукциясы – Жеке иш пландарын тапшырышты.

БШКнын төрайымы мектептин катышуучуларына кайрылып жатып, алар алган билимин өздөрү гана колдонбостон, аны келечектеги аял талапкерлерге өткөрүп берүү керектигин белгиледи:“БШК аймактарда маалыматтык, түшүндүрүү, агартуу иштерин жүргүзүү үчүн атайын программаны ишке ашырууну пландаштырууда. Эми мен бул программаны ишке ашырууда кимге ишенсек болорун билем – сиздерге, урматтуу Мектептин катышуучуларына ишенип беремин. Биз сиздер менен кызматташууну улантабыз. Бардык алынган билимди жана жаңы көндүмдөрдү бакубатчылык үчүн жумшай аласыз деп ишенем. Алдыдагы шайлоого катышасыз деп күтүп жатабыз, анткени жергиликтүү кеңештерде билимдүү, сабаттуу кадрлардын болгону биздин мамлекет үчүн өтө маанилүү. Сиздин чечимдериңиз конструктивдүү, чечкиндүү жана туура болот, бул бүткүл өлкө боюнча биздин жарандардын жашоосуна оң таасирин тийгизет. Биз буга ишенебиз. Биргелешкен аракеттер менен биз өлкөбүздө өнүгүүгө, туруктуулукка жана тынчтыкка жетишебиз. Биз ар дайым силерге жардам берүүгө даярбыз. Урматтуу достор, эже-сиңдилер, биздин колубуздан бардык иш келет!”.

Практикалык интенсивдүү иштөөнүн биринчи күнүнөн баштап катышуучулар өзүн-өзү таанытуу жана баарлашуу көндүмдөрүнө ээ болушту. Аны менен катар алар Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негиздери боюнча билим алышып, анын келип чыгышы жана калыптаныш тарыхы менен таанышышты. 

Интенсив процессинде мындай темалар ачылды: “Мен эмне үчүн жергиликтүү кеңештин депутаты болушум керек жана муну кантип жасай алам?”, “Кантип жергиликтүү кеңештин ийгиликтүү депутаты болушум керек?”, “Кыргызстандагы ЖӨБдүн финансылык, мыйзам чыгаруучу жана административдик негиздери”,“ Аткаруу бийлигинин ролу жана ыйгарым укуктары”,“Жергиликтүү кеңештин ачык сессиясын өткөрүү практикасы ” ж.б.

Анара МУСАЕВА, Мектептин тренери: “Мектептин катышуучулары келечекте жергиликтүү кеңештин депутаты катары кесиптик ишмердүүлүгүндө колдоно турган билимге ээ болушту. Атап айтканда, ЖӨБдүн мыйзам чыгаруучу негиздери, Кыргыз Республикасынын башкаруу тутумунда ЖӨБдүн орду, ЖӨБгө карата мамлекеттик саясат, жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасы, ЖӨБдүн өкүлчүлүктүү органы – жергиликтүү кеңештин жана ЖӨБдүн аткаруу органы – мэрия жана айыл өкмөтүнүн компетенциясы жөнүндө билим алышты. Депутаттын статусу, депутаттын ыйгарым укуктарынын пайда болушу жана токтотулушу, укуктары жана милдеттери, депутаттын ишинин кепилдиктери, депутаттын өкүлчүлүк жана контролдук функциялары тууралуу маалымат алышты. Мындан тышкары, алар жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышуу, талапкерлерди көрсөтүү эрежелери, талапкерлерди каттоого документтер, шайлоо фонду жана шайлоо күрөөсү, үгүт жүргүзүүнүн негизги эрежелери жана шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо боюнча практикалык билим алышты. Тренингде депутаттык ишке байланыштуу мыйзамдар жөнүндөгү билим гана эмес, натыйжалуу баарлашуу, ийгиликтүү сөз сүйлөө, чыр-чатактуу кырдаалдарды чечүү жөндөмү ж.б. лидерлик сапаттарды жана “жумшак көндүмдөрдү” (soft-skills) өркүндөтүү боюнча билим камтылды. Ошондой эле мектептин катышуучулары Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун финансылык негиздери, жергиликтүү деңгээлдеги бюджеттик процесс, бюджет аралык мамилелер тутуму, ЖӨБ органдарынын ыйгарым укуктары өңдүү темаларды өздөштүрүштү”.

Мектептин программасынын концепциясына ылайык, жергиликтүү кеңештердин учурдагы депутаттары жергиликтүү кеңештин ишин уюштуруу, жергиликтүү бюджетти бекитүү жана бөлүштүрүү тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Алар жергиликтүү маанидеги тигил же бул маселени кантип чечип жатышканын, жергиликтүү кеңеште аял депутаттар кандай кыйынчылыктарга жана стереотиптерге туш болгону тууралуу айтып берип, депутат болуп, мисалы, жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиясын жетектөө иш жүзүндө кандай экенин баяндап беришти. Алынган теориялык билимдерди бекемдөөгө багытталган практикалык көнүгүүлөр (ролдор аткарылган оюн – жергиликтүү кеңештин сессиясы, жергиликтүү кеңешке депутаттыкка талапкер болуп катталуу үчүн документтердин формаларын толтуруу, ар бир катышуучунун мүнөзүн, инсандык сапаттарын жана күчтүү жактарын аныктаган коллаждарды колдонуу, эл алдына чыгып сүйлөө, топтордо жана командаларда иштөө ж.б.) катышуучуларга жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу боюнча Жеке пландарын өз алдынча түзүп алууга жардам берди. Бул планда ушул жылдын апрель жана октябрь айларына белгиленген жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу боюнча ар бир кадам көрсөтүлгөн. 

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жетекчиси Бекболот БЕКИЕВ катышуучулардын психологиялык даярдыгын баса белгиледи: “Мектептин беш күндүк практикалык интенсивдүү иш-чаралары депутаттыкка талапкерлигин коюуну чечүү, өз күчүнө ишенүү, билимине карата күмөн саноолорду жоюу максатында кыз-келиндерге жардам берүү үчүн уюштурулган. Аялуу топтордун кызыкчылыктарын коргоо жана социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн жергиликтүү кеңештердин курамында аялдардын болгону өзгөчө маанилүү. Интенсив Мектептин 7 этабынын бири болчу, 2021-жылдын сентябрь айына чейин Мектептин катышуучуларына колдоо көрсөтүлүп турат”.

Парида САТКИМБАЕВА, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына ыктымал талапкер: “Мен Мектепке эң ыңгайлуу учурда келип окудум. 11-апрелде мен шайлоого барганда, ишенимди жана үмүттү актайм деп ойлойм”. 

Катышуучулардын арасында жергиликтүү кеңештердин учурдагы депутаттары да болгонуна карабастан, дээрлик ар бир сессия аягы көрүнбөгөн суроо-жооптор менен аяктап, практикалык көнүгүүлөр жеңил жана достук маанайда өттү. Катышуучулардын дээрлик ар бири өздөрүнүн лидерлик жөндөмдөрүн көрсөтүп, иш жүзүндө алган жаңы билимин сынап көрүүнү каалашты. Наргиза МУХТАРАМОВА, жергиликтүү кеңештин депутаты: “Мен – учурда депутатмын, бирок мен дагы көп нерсени билбейт экенмин. Мектеп көптөгөн маалыматтарды, билим жана тажрыйба берди. Эң башкысы, мен мындан ары да депутат болууга мотивация алып, кийинки кадамдарымды пландап, депутаттык ишмердүүлүгүмө өнүгүүгө багытталган жаңы иш-аракеттерди киргизүүгө шыктанып калдым”.

Жаңы билимге жана ресурстарга ээ болгон катышуучулар шыктанып, “депутаттыкка талапкерлигимди коём” деп так кесе чечим кабыл алышты. Аларга бардык нерселер кызык болуп турду! Баарына жеткиликтүү болгон Жарандык бюджет тиркемеси (www.gb.minfin.kg)1 өзгөчө кызыгууну жана таң калууну жаратты. Мектептин бардык катышуучулары муниципалитеттин жергиликтүү бюджети жөнүндө маалыматты кайдан алса болоорун, же аны кантип туура толтуруп, туура аткарылышын талап кылса болоорун билишээрин ырасташты.

Салира ИЛЬЯСОВА, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына ыктымал талапкер: “Болочок депутаттардын мектеби – бул ЖӨБ чөйрөсүндөгү, шайлоо процесстерине катышууда негизги баштапкы түшүнүктөрдү берген жаңы аянтча. Мектеп өз айылынан баштап, өлкөнүн өзгөрүшүнө салым кошууну чечкен бардык жарандарды, активисттерди жалпы идея менен бириктирди. Мен жаңы маалыматтарды, жаңы билимдерди гана эмес, ошондой эле жаңы пикирдештерди жана үзөңгүлөштөрдү да таптым. Мектеп бизди бириктирип, окутуп, баштапкы билимди берип, өлкөнүн кайдыгер эмес жарандарын тарбиялай алат деп ишенем”.

Окуу маалында алган билимдин көлөмү чоң болгонуна карабастан, катышуучулар шайлоого чейин кошумча консультациялык жардамдын зарылдыгын белгилешти. 

49 катышуучуну онлайн консультациялар, семинарлар жана жолугушуулар аркылуу колдоп туруу 2021-жылдын сентябрь айына чейин пландаштырылган. Мектептин бардык катышуучулары онлайн-консультациялык жардам жана тажрыйба алмашуу менен кошо аралыктан маалымат алмашуу менен да камсыз болушат. Бардык сабактар, консультациялар жана баарлашуу кыргыз жана орус тилдеринде өтүүдө.

Ошентип, 10-февралда КР ЖӨБдүн Мыкты практикалар порталынын аянтчасында жергиликтүү кеңештердин депутаттыгынаталапкерлигин коюуну чечкен катышуучулар үчүн “Мен депутаттыкка бара жатам: шайлоо программасын иштеп чыгуу, документтерди даярдоо” деген темада онлайн консультация уюштурулду. 11-февралда эки онлайн иш-чара өттү:

  • 1) башка аял лидерлерге 2021-жылдын апрелинде өтө турган шайлоого катышууга жардам берүүнү чечкен кыз-келиндер үчүн: “Мен депутаттыкка аял талапкерлерди даярдайм” аттуу онлайн консультация;
  • 2) онлайн консультация + тренинг:“Мен депутаттыкка баратам: шайлоо процесси” (Мектепке катышпаган кыз-келиндер үчүн). 
 
____________
1 Толук маалыматты Порталдан таба аласыз: http://myktyaimak.gov.kg
2 Изилдөөлөрдүн маалыматтары боюнча, айылдык жергиликтүү кеңештерде аялдардын өкүлдөрү жалпы депутаттардын 13% гана түзөт.
1 Жергиликтүү бюджеттер боюнча Жарандык бюджетти түзүү боюнча веб-тиркеме жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын финансы кызматкерлеринин ишин жөнөкөйлөтүү, ошондой эле бюджеттик маалыматтарды берүүнүн бирдиктүү форматын жайылтуу максатында иштелип чыккан. КР Финансы министрлигинин 2017-жылдын 26-декабрындагы №166-Б буйругу менен бекитилген Жергиликтүү бюджеттер боюнча Жарандык бюджетти түзүү методикасынын негизинде даярдалган. Аны менен иштөө боюнча колдонмону төм. шилтемеден таба аласыз: http://vap.kg/ru/press_room/publications/full/251.html

 

Окшош материалы: