Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

9 (155) 11 Сентябрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү шайлоо тууралуу

2021-03-04 / Юридикалык кеңеш
Жергиликтүү шайлоо тууралуу

Түрмөк Нуржан МАМЫРАЛИЕВА (ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун буйрутмасы менен) жана КР ЖӨБ Союзунун эксперттери тарабынан даярдалды.

СУРОО. Адегенде эмнени биринчи жасаш керек: шайлоо фондун түзүп, андан соң талапкерликке катталыш керекпи, же тескерисинчеби?

ЖООП. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 15-беренесинин биринчи бөлүгүнө ылайык, жарандар айылдык кеңештерге өзүн өзү көрсөткөн учурдан тартып, саясий партиялар айылдык кеңештерге талапкерлерди көрсөткөн учурдан тартып каттоого документтерди бергенге чейин шайлоо кампаниясын каржылоо үчүн шайлоо фонддорун түзөт.

Шаардык кеңешке талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн саясий партиянын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү шайлоо комиссиясы тарабынан катталгандан кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоо фондун түзөт. Мындан улам шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн шайлоо фонддору АШКга каттоого документтерди бергенге чейин түзүлөт.

СУРОО. Айыл өкмөтүндө иштеген социалдык маселелер боюнча адис ушул айылдык округда депутаттыкка ат салышса болобу?

ЖООП. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 3-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, 21 жаш куракка толгон, жалпы орто билимден төмөн эмес билими бар, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланууга укуктуу. Эгерде социалдык маселелер боюнча адис айыл өкмөтүнүн штаттык ырааттамасынын алкагында муниципалдык кызматчы болуп эсептелсе, анда “Жергиликтүү кеңештерди шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 17-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык, талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтото турат. Эгерде ал айылдык кеңештин депутаты болуп шайланып калса, анда “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” КР Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, ал айыл өкмөтүндөгү ишин токтотушу керек. Себеби ал иштеген айыл өкмөтү муниципалдык кызмат болуп саналат жана ал депутат болгон айылдык кеңешке отчет тапшырат.

СУРОО. Шайлоо фондун түзбөй туруп 1000 сом өлчөмүндө күрөө төлөсө болобу? 

ЖООП. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 15-беренесинин 15-бөлүгүнө ылайык, шайлоо күрөөсү шайлоо фондундагы каражаттан төлөнөт. Мындан улам талапкер шайлоо фондун түзбөй туруп күрөөнү төлөй албайт. Мындан тышкары өзүн өзү көрсөткөн талапкерлерге, ошондой эле айылдык кеңештерге талапкерлерди көрсөткөн саясий партияларга шайлоо фонду түзүлбөгөн учурда, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө, шайлоо алдында үгүт жүргүзүү, башка шайлоо алдындагы иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн акча каражаттарын пайдаланууга тыюу салынат.

СУРОО. Чет өлкөгө жумуш издеп кетип калып, сессияларга катышпаган депутатты мандатынан ажыратуунун кандай жолдору бар?

ЖООП. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” КР Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 10-пунктуна ылайык, жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпоосу депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн негиз болуп саналат. Мындай учурда жергиликтүү кеңеш депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнүн мурда токтотуу маселесин толук талкуулоо жол-жобосу боюнча карайт. Жергиликтүү кеңеш жогоруда көрсөтүлгөн негиздер боюнча депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимди депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алат жана кабыл алынгандан кийин 3 күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтөт. Депутаттын жыйналышка катышпоосунун жүйөлүү себептери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

  • 1) эмгекке убактылуу жарамсыздыгы;
  • 2) кош бойлуулугу жана төрөтү боюнча, бала асырап алууга байланыштуу өргүү;
  • 3) үй-бүлөлүк жагдайлар боюнча жыйналышка катышпай калуу (никеге катталган, бала төрөлгөн, бала баккан, жакын туугандары өлгөн учурларда), окуу өргүүсү, негизги иштеген жери боюнча иш сапарында болуу, жазуу жүзүндөгү чакыруу боюнча мамлекеттик аземдерге жана расмий кабыл алууларга, семинарларга, конференцияларга жана тиешелүү жергиликтүү кеңештин жетекчилигинин уруксаты менен башка иш-чараларга катышуу;
  • 4) транспорттук тоскоолдуктар жана тиешелүү документтерде ырасталган башка форс-мажорлук жагдайлар.

СУРОО. Шайлоо өнөктүгүн жүргүзүү үчүн туугандарды жана досторду тартууга болобу?

ЖООП. Талапкерлер шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүгө туугандарын жана досторун тарта алышат, мыйзамдарда буга байланыштуу чектөөлөр жок. Бирок “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 28-беренесинин 4-бөлүгүнө көңүл буруш керек. Бул беренеге ылайык, талапкерлер, алардын жакын туугандары, талапкердин жубайы, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укуксуз.

СУРОО. Талапкерликке каттоого документтерди бергенге ЧЕЙИН эмнелерди жасаш керек?

ЖООП. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык, өзүн өзү көрсөткөн талапкерлер документтерди бергенге чейин төмөнкү иш-аракеттерди жасашы керек:

  • аймактык шайлоо комиссиясына (АШК) талапкер болуп көрсөтүлүүгө ниеттенгендиги жөнүндө арыз берүүгө тийиш;
  • ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү каттоодон өткөрөт; 
  • шайлоо фондун түзөт, шайлоо фондундагы каражаттан шайлоо күрөөсүн төлөөгө тийиш.

Ошондон кийин гана талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү АШКга каттоого документтерди тапшырат.

СУРОО. Эгерде аял шайлоо учурунда эң көп добуш алып, жергиликтүү кеңешке өтсө, квота алкагында өзүнө таандык мандат азыраак добуш алган башка аялга өткөрүлүп берилеби? 

ЖООП. Шайлоодо эң көп добуш алган аял квота боюнча жергиликтүү кеңешке өткөн аялдардын санына автоматтык түрдө киргизилет. Демек, аял талапкерге берилген добуштардын саны эркек талапкерлерге эмес, башка аял талапкерлергегана  тиешелүү. Жөнөкөй сөз менен айтканда, тогуз мандаттуу шайлоо округундагы талапкерлердин тизмесиндеги биринчи үч орунду аялдар ээлесе, анда квота боюнча ушул үч гана аял орун алат, калгандары жалпы рейтингге ылайык жергиликтүү кеңешке кирет же кирбейт. 

СУРОО. Талапкер жергиликтүү кеңештин депутаттыгына ат салышып жаткан маалда анын иш орду сакталып кала береби?

ЖООП. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, шайлоону өткөрүү убагында катталган талапкер администрациянын (иш берүүчүнүн) демилгеси боюнча ишинен (кызматынан) бошотулбайт же анын макулдугусуз башка ишке (кызматка) которулбайт, аскер кызматына чакырылбайт.

Катталган талапкердин шайлоого катышкан мезгили ал талапкер болуп катталганга чейин иштеген адистиги боюнча жалпы эмгек стажына эсептелет. Эгерде талапкер “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 17-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдардын категориясына кирсе, анда ал шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтото турушу керек, анын орточо эмгек акысы менчигинин түрүнө карабастан мекеменин, ишкананын, уюмдун эсебинен сакталат.

СУРОО. Айыл өкмөтү депутаттыкка талапкерге шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө көмөк көрсөтө алабы?

ЖООП. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 22-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык, үгүт жүргүзүү үчүн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жолугушууларды өткөрүүнүн бардык талаптарына ылайык кеңеш жайларды, үгүт материалдарын илүү үчүн орундарды же аянттарды берүүгө тийиш.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 27-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо дайындалган күндөн тартып 35 календардык күндүн ичинде ар бир шайлоо участкасында үгүт материалдарын илүү үчүн атайын орундарды берүүгө жана жабдууга милдеттүү. Талапкерлерге, саясий партияларга мындай материалдарды жайгаштыруу үчүн тең шарттар камсыз кылынууга тийиш.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары талапкерлерге, саясий партияларга чогулуштарды жана жарандар менен жолугушууларды көпчүлүк алдындагы дебаттарды жана дискуссияларды, митингдерди, демонстрацияларды жана жүрүштөрдү уюштурууга көмөк көрсөтүүгө, жапырт иш чараларды өткөрүүдө коопсуздукту камсыз кылууга милдеттүү.

Шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жайларды бөлүп берүү жөнүндө талапкерлердин, саясий партиялардын арыздары мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алар берилген күнү каралат.

Шайлоочулар менен жолугушуулар үчүн талапкерге, саясий партияга жайларды бөлүп берүүдөн баш тартылган учурда мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн жазуу жүзүндө чечим берүүгө милдеттүү.

Эгерде көрсөтүлгөн жай жапырт иш-чараларды өткөрүү үчүн талапкерлердин, саясий партиялардын бирине берилсе, ошол эле жайды башка талапкерге, саясий партияга берүүдөн баш тартууга жол берилбейт.

Мамлекеттик же муниципалдык менчиктеги, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын балансында турган жайлар талапкерлер, саясий партиялардын өкүлдөрү, алардын ишенимдүү адамдары, ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн шайлоочулар менен жолугушуусу үчүн бирдей шарттарда берилет.

СУРОО. Жарандар туруктуу жашаган жеринде эмес, башка округдагы жергиликтүү кеңешке депутаттыкка ат салышса болобу?

ЖООП. Жарандар өз талапкерлигин туруктуу жашаган административдик-аймактык бирдиктеги каалаган шайлоо округунда өз талапкерлигин көрсөтө алышат. Алар кайсы бир шайлоо округуна байланган эмес.

СУРОО. Билим берүүчү мекемелердин жана муниципалдык ишканалардын жетекчилери жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына ат салыша алабы?

ЖООП. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 3-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, 21 жаш куракка толгон, жалпы орто билимден төмөн эмес билими бар, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланууга укуктуу. Билим берүүчү мекемелердин жана муниципалдык ишканалардын жетекчилери жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына ат салыша алат, мыйзамдарда бул адамдарга жергиликтүү кеңештин депутаттыгына шайланууга кандайдыр бир чектөөлөр коюлган эмес. Бирок ал талапкерлер депутат болуп шайланса, анда “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” КР Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, муниципалдык ишканалардын жетекчилери кызматын өткөрүп бериши керек: “Депутаттык ыйгарым укуктарды ошондой эле тиешелүү айылдык аймактын же шаардын калкына республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик же муниципалдык ишкананын жетекчисинин кызмат орду менен айкалыштырууга болбойт”.

СУРОО. Эгерде округда депутаттыкка аял талапкерлердин саны аз болсо, анда кандай болот?

ЖООП. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 62-беренесине ылайык, айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоодо ушул Мыйзамдын 59-1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык резервге калтырылган мандаттар талапкер аялдардын ортосунда бөлүштүрүлөт. Башка талапкер аялдарга караганда көбүрөөк добуштардын санына ээ болгон талапкер аялдар шайланган болуп таанылат. 

Эгерде шайлоо округунда талапкер аялдардын саны резервге калтырылган мандаттардын санынан аз болсо, анда мандаттар бөлүштүрүлгөндөн кийин калган мандаттар башка талапкерлер арасында бөлүштүрүлөт.

Эгерде тиешелүү шайлоо округунда талапкер аялдар жок болсо, анда резервге калтырылган мандаттар эркек талапкерлер арасында бөлүштүрүлөт.

СУРОО. Мектеп директорлору иштеген мектептеринде үгүт иштерин (шайлоочулар менен жолугушууларды) өткөрүп, жыйындар бөлмөсүн акысыз колдонуп, үгүт иштерине мектеп мугалимдерин тарта алабы? Жөнөкөй мугалимдер да ушундай кыла алабы?

ЖООП. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, эгер талапкер 30 пайыздан ашык мамлекеттик (муниципалдык) үлүш менен катышкан мамлекеттик, муниципалдык мекемелердин, ишканалардын жана алардын бөлүмдөрүнүн жетекчиси болсо, ал талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтото турат. Мындан улам администрациялык ресурстарды кыянаттык менен пайдаланууга жол бербөө максатында мектептердин директорлору шайлоо маалында өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын токтото турушат.

17-1-беренеге ылайык, администрациялык ресурсту кыянаттык менен пайдалануунун түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:

  • 1) талапкерди көрсөтүүгө жана (же) шайлоого өбөлгө болгон ишти жүзөгө ашыруу үчүн баш ийүүдөгү же башка кызматтык көз карандылыкта болгон адамдарды башка мамлекеттик же муниципалдык кызматчылары, билим берүү уюмдарынын жана саламаттык сактоонун мекемелеринин мамлекеттик же муниципалдык кызматчыларын тартуу;
  • 2) көрсөтүүгө жана (же) шайлоого өбөлгө болгон ишти жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ээлеген жайларды пайдалануу, эгерде башка талапкерлер бул жайларды ошол эле шарттарда пайдалана албаган учурда.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 20-октябрындагы №161 Токтому менен бекитилген Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 7.13-пунктуна ылайык, катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында тынч чогулуштар коркунучтуу жана зыяндуу өндүрүш объекттерине, электр станцияларына, темир жолдорго, мунай түтүктөрүнө жана электр берүүнүн жогорку чыңалуудагы чубалгыларынын алдына, пенитенциардык тутумдун объекттерине, мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарына, мектепке чейинки балдар мекемелерине, мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарына жакын (100 метрден кем эмес) жерлерде өткөрүлүшү мүмкүн эмес. Жыйналыштарды, митингдерди, шайлоо алдындагы үгүттөөнү, саясий мүнөздөгү башка иш-чараларды сыйынуучу жайларда өткөрүүгө жол берилбейт.

Жогоруда айтылгандан улам, мектеп директорлору да, жөнөкөй мугалимдер да мектептерде шайлоо өнөктүгүнө байланышкан чогулуштарды өткөрө алышпайт.

СУРОО. Талапкердин кызмат ордундагы жана кызматтык милдеттерин аткарууну токтото туруу жөнүндө арыз кандай формада жазылат?

ЖООП. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, талапкер иштеген, кызмат өтөгөн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилери, аскердик бөлүктөрдүн командирлери жана органдардын башка тиешелүү кызмат адамдары талапкер арыз менен кайрылган учурдан баштап 3 календардык күндүн ичинде анын орточо эмгек акысын менчигинин түрүнө карабастан мекеменин, ишкананын, уюмдун эсебинен сактоо менен анын кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусун билдирме менен токтотууга милдеттүү.

Талапкердин кызмат ордундагы жана кызматтык ыйгарым укуктарды токтото туруу жөнүндө арыздын кандайдыр бир бекитилген формасы жок. Бирок талапкер арыз жазганда “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнө шилтеме берип, ошонун негизинде арыз жазып жатканын белгилеп коюуну сунуштайбыз.

Арыздын болжолдуу тексти: “№Х шайлоо округу боюнча айылдык кеңештин депутаттыгына өз талапкерлигимди көрсөтүп жатканыма байланыштуу “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, бул шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары белгилүү болгонго чейин орточо эмгек акымды сактоо менен, кызмат ордумдагы/кызматтык ыйгарым укуктарымды аткарууну токтото турууну өтүнөм”.

СУРОО. Каражатты үнөмдөө максатында бир гана ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындоого уруксат берилеби? Мисалы, финансы маселелери боюнча бир ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындап, ал эми экинчи ыйгарым укуктуу өкүлдүн милдеттерин талапкер өзү аткара берсе болобу?

ЖООП. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 21-беренесине ылайык, талапкерлер, саясий партиялар экиден ашпаган ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү дайындайт, алар шайлоого катышууга байланышкан бардык маселелер, анын ичинде каржылык маселелер боюнча тиешелүү талапкерлерге, саясий партияларга өкүл болот.

Ыйгарым укуктуу өкүл:

  • 1) талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн документтерди тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берет;
  • 2) каттоого документтерди кабыл алуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастоону (маалымкатты) шайлоо комиссиясынан алат;
  • 3) шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзөт, үгүт материалдарын таратат;
  • 4) талапкерлерге, саясий партияларга обо убактысын берүүнүн тартибин аныктоодо шайлоо комиссиялары тарабынан жүргүзүлүүчү чүчү кулактарга катышууга укуктуу;
  • 5) ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү дайындаган талапкерге, саясий партияга тиешеси бар маселелер боюнча шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга укуктуу;
  • 6) талапкердин, саясий партиянын тапшыруусу боюнча башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

Жогоруда айтылгандардан улам, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү дайындоо – бул шайлоо процессинин милдеттүү бөлүгү. Мындан тышкары “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 21-беренесине ылайык, талапкерлердин өзүнө ыйгарым укуктуу өкүл болууга тыюу салынат. 

СУРОО. Мен жубайымды ыйгарым укуктуу өкүл кылып дайындай аламбы? Анын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы төлөшүм керекпи?

ЖООП. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 21-беренесине ылайык, төмөнкүлөр ыйгарым укуктуу өкүл боло алышпайт:

  • КР Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү кеңештин депутаттары;
  • Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлер;
  • саясий, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган адамдар;
  • мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар;
  • шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү;
  • судьялар, укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери;
  • диний ишмерлер;
  • чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар. 

Эгерде жогорудагы тизмеге кирбесе, анда бул ченем талапкерлердин жакындарына жана туугандарына жайылтылбайт. Мындай учурда талапкер жубайын, ошондой эле башка тууганын ыйгарым укуктуу өкүлү кылып дайындап, шайлоо фондунан каражат бөлүп, аны менен түзүлгөн келишимдин негизинде кызмат көрсөтүүсү үчүн акы төлөсө болот.