Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ветеринарлар тууралуу

2021-03-04 / Юридикалык кеңеш
Ветеринарлар тууралуу

Түрмөк Нуржан МАМЫРАЛИЕВА (ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун буйрутмасы менен) жана КР ЖӨБ Союзунун эксперттери тарабынан даярдалды.

СУРОО. Жеке ветеринардык кызматкөрсөтүүлөрдүн тарифин жергиликтүүкеңештердин токтому менен бекитүү канчалык мыйзамдуу?

ЖООП. Бүгүнкү күндө ветеринардыккызматты көрсөтүү КР «Ветеринария жөнүндө» Мыйзамынын 6-беренесине ылайык ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирет. Ошондуктан, ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган КР Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тизмекке ылайык келишимдик негизде ветеринардык практикага укугу бар жеке жактарга ветеринария жаатындагы айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берген. Алардын иш-аракеттери КР Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасында жеке ветеринардык практиканы жөнгө салуу жөнүндө” 2018-жылдын 15-январындагы №17 токтому менен жөнгө салынган. Бирок, ошол жеке ветеринарлардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн (жаныбарларды идентификациялоо, эмдөө, лабораториялык анализдөө ж.б.) баасын бекитүү укугу эч бир ченемдик укуктук актыда жергиликтүү кенеш тарабынан бекитилет деп аныкталган эмес.

Айрым райондордо жеке ветеринарлар айылдык кенештерге өздөрүнүн кызмат көрсөтүү тарифтерин бекитип берүүсүн суранып кайрылгандыктан, аны жергиликтүү кенештер бекитип берген учурлар бар. Бул албетте туура эмес, анткени ветеринардык кызматты көрсөтүүчү бул жеке тарап болуп саналат. Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жергиликтүү кенештер аталган маселе боюнча маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу эмес.

СУРОО. Айыл өкмөттөрдө иштеген ветеринардык врачтар кыскарабы?

ЖООП. КР Өкмөтүнүн “КР жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” 2011-жылдын 5-августундагы №451 токтомуна ылайык, участкалык врач, ветеринардык врач, участкалык инспектор кызмат ордуна талапкерлерди Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте контракттык негизде кабыл алуу мүмкүнчүлүгү каралган болчу. Бирок, КР Өкмөтү тарабынан тиешелүү тартип иштелип чыкпагандыктан жана белгиленбегендиктен бул ченем иштеген эмес.

Бул жогоруда көрсөтүлгөн үч штат (участкалык врач, ветеринардык врач, участкалык инспектор) Өкмөт аныктаган тартипте бардык ЖӨБ органдарында бирдей шартта, айлык акысы менен чечилип киргизилиши керек болчу, бирок, тилекке каршы бул маселе чечилбегендиктен КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-октябрындагы №518 токтому менен аталган иштебеген ченем жокко чыгарылганын маалымдайбыз.

Ошону менен бирге, Эмгек кодексинин талаптарына ылайык ветеринардык врач менен сиздер тараптан түзүлгөн келишимге жогорудагы КР Өкмөтүнүн №518 токтомунун эч кандай тиешеси жок экендигин белгилейбиз.

 

Окшош материалы: