Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Айыл өкмөтүнүн нотариаттык аракеттери тууралуу

2021-03-04 / Юридикалык кеңеш

Түрмөк Нуржан МАМЫРАЛИЕВА (ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун буйрутмасы менен) жана КР ЖӨБ Союзунун эксперттери тарабынан даярдалды.

СУРОО. Айыл өкмөтүнүн кызматкери (жооптуу катчысы) тарабынан нотариаттык аракеттерди жасоо туурабы?

ЖООП. “Нотариат жөнүндө” Мыйзамдын 3-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде калктуу пунктта нотариус болбогон учурларда, нотариалдык аракеттерди жасоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктар ЖӨБ органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамдарга ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ЖӨБ органдарына берилет.

Мындан сырткары, КР Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине ылайык, мамлекеттик алым алынуучу объектилердин курамына ЖӨБ органдары киргизилген жана алар тарабынан нотариалдык аракеттерди жасагандыгы, ошондой эле нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрүн (дубликаттарын) бергендиги үчүн мамлекеттик алым алынат. Жогорудагы ченемдик укуктук актылардын негизинде кээ бир айыл аймактарда нотариус жок болсо айыл өкмөттөрдүн кызматкерлери (анын ичинде жооптуу катчысы) тарабынан нотариаттык аракеттерди жасоо мыйзамдарга дал келет.

Ошол эле учурда “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренесинин 6-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык ЖӨБ органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарга кирген КР мыйзамдарына ылайык нотариаттык аракеттерди жасоо ыйгарым укугу берилиши мүмкүн деп көрсөтүлгөн.

Ошол себептен КР ЖӨБ Союзу Өкмөт менен, өзгөчө Өкмөттүн Аппараты жана Юстиция министрлиги менен нотариалдык аракеттерди жасоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды ЖӨБ органдарына, Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде аларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык, финансылык жана башка каражаттарын чечип, өткөрүп берүү боюнча тиешелүү иштерди алып барууну колго алгандыгын белгилейбиз.

Окшош материалы: