Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалдык кызматчылардын сыйакысы тууралуу

2021-03-04 / Юридикалык кеңеш

Түрмөк Нуржан МАМЫРАЛИЕВА (ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун буйрутмасы менен) жана КР ЖӨБ Союзунун эксперттери тарабынан даярдалды.

СУРОО. ЖӨБ органдарынын жетекчилери муниципалдык кызматчыларга сыйакы (премия) төлөп берсе болобу?

ЖООП. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамдын 31-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык кызматчыга ЖӨБ органынын ишинин натыйжалары боюнча кызматчынын ишин баалоону эске алуу менен сыйакы төлөнүшү мүмкүн деп белгиленген. Ал эми КРнын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 токтому менен бекитилген “КРнын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, кызматчы тиешелүү бааны алганда, баалоо боюнча комиссия кызматчынын жогорку натыйжаларга жетишүүсүнө дем берүү максатында ЖӨБ органынын жетекчилерине бир катар сунуштарды киргизет, бирок алардын ичинде сыйакы (премия) төлөө сунушу каралган эмес.

Андыктан ЖӨБ органдарынын жетекчилери тарабынан муниципалдык кызматчыларга сыйакы (премия) төлөнүшү, тилекке каршы, мыйзамдарга дал келбейт экен. Ошол себептен ЖӨБ Союзу бул маселеге мындан ары да терең изилдөө жүргүзүп, муниципалдык кызматчылардын иш алып барууда чоң жүктөмүн эске алып, алардын кылган эмгегин тиешелүү деңгээлде баалоо максатында, кызматтык маяналарынан сырткары дем берүүчү башка үстөктөрдү жана кошумча төлөөлөрдү караштыруу боюнча улуттук деңгээлде тийиштүү иш-аракеттерди жүргүзөт.

Окшош материалы: