Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кеңешке отчёт тапшырганга чейин айылдык чогулушту өткөрүү тууралуу

2021-03-04 / Юридикалык кеңеш

Түрмөк Нуржан МАМЫРАЛИЕВА (ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун буйрутмасы менен) жана КР ЖӨБ Союзунун эксперттери тарабынан даярдалды.

СУРОО. Айыл өкмөтүнүн башчысы жергиликтүү кеңешке өз ишмердигинин жыйынтыгы боюнча отчет бере элек болсо да айылдык чогулушту өткөргөнгө болобу?

ЖООП. Айыл өкмөтүнүн башчысынын жергиликтүү кеңешке өз ишмердиги боюнча отчет берүүсү – бул анын мыйзам менен белгиленген жана сөзсүз аткарылуучу ыйгарым укугу болуп саналат. Ал эми жергиликтүү жамааттын чогулушу болсо – бул жергиликтүү жамааттын уставына ылайык айыл аймагындагы тийиштүү маселелер боюнча сунуштамаларды же чечимдерди кабыл алуу менен, бир көчөнүн, бир кварталдын, кичи райондун же айылдын аймагында жашаган тургундардын чогулушунда аларды талкуулоо жолу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусунун тикелей формасы болуп эсептелинет.

Демек олуттуу мааниге ээ маселелер же жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жана аткаруу органдарынын талкууну талап кылган маалыматтары болгон учурларга жараша жергиликтүү жамааттын жыйыны бир жылда бир нече ирет өткөрүлүшү мүмкүн.

Ошондуктан жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жыйыны, айыл өкмөтүнүн башчысынын жергиликтүү кеңешке отчет берүүсү менен байланышпастан, жергиликтүү жамааттын уставына ылайык, белгиленген тартипте өткөрүлөт. 

Окшош материалы: