Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ээси жок менчик тууралуу

2021-03-04 / Юридикалык кеңеш

Түрмөк Нуржан МАМЫРАЛИЕВА (ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун буйрутмасы менен) жана КР ЖӨБ Союзунун эксперттери тарабынан даярдалды.

СУРОО. Кыргызстанда кээ бир административдик-аймактык бирдиктердин аймагында кыймылдуу же кыймылсыз ээси жок буюмдарды (мүлктү) ЖӨБ органдары өздөрүнө кантип өткөрүп алса болот?

ЖООП. Мүлк жарандык жүгүртүүдө укуктук объект катары чыгып, ошондой эле ал бирөөгө таандык субъект болуп эсептелинет. Бирок, тигил же бул юридикалык жагдайларга байланыштуу, мүлк кээ бир учурларда ээси жок болуп калат.

Андыктан, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин (мындан ары - Граждандык кодекс) 257-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык менчик ээси жок же менчик ээси белгисиз буюмдар, же менчик ээси менчиктөө укугунан баш тарткан буюмдар ээси жок буюмдар деп таанылат.

Граждандык кодекстин 257-статьясынын 3-бөлүгүнүн негизинде ээси жок кыймылсыз буюмдарды кыймылсыз буюмду мамлекеттик каттоочу орган тиешелүү мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын арызы боюнча эсепке алат.

Ээси жок кыймылсыз мүлктү эсепке алган күндөн тартып үч жыл өткөндөн кийин мамлекеттик же муниципалдык мүлктү башкарууга ыйгарым укугу бар орган бул буюмду мамлекеттик же муниципалдык менчикке түштү деп табуу жөнүндө талап менен сотко кайрыла алат.

Ээси жок буюмдарга (мүлккө) менчик укугун таануу жол-жобосу жана негиздери Граждандык кодексте аныкталган жана сот тарабынан гана жүзөгө ашырылат экендигин белгилейбиз, андыктан, кээ бир административдик-аймактык бирдиктердин аймагында кыймылдуу же кыймылсыз ээси жок буюмдарды (мүлктү) ЖӨБ органдары соттордун чечимдеринин гана негизинде өздөрүнө өткөрүп алса болоорун маалымдайбыз.

Окшош материалы: