Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Айылдык кеңештин жооптуу катчысы тууралуу

2021-03-04 / Юридикалык кеңеш

Түрмөк Нуржан МАМЫРАЛИЕВА (ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун буйрутмасы менен) жана КР ЖӨБ Союзунун эксперттери тарабынан даярдалды.

СУРОО. Калктын саны 6001 адамдан жогору болгон айылдык кеңештерде жооптуу катчы кызмат орундарын ишке киргизүү кайсыл ченемдик укуктук актыларга ылайык жүзөгө ашырылат?

ЖООП. Айылдык кеңештерде жооптуу катчы кызмат орундарын ишке киргизүүдө колдонула турган негизги ченемдик укуктук актылар төмөнкүлөр:

  • КР Президентинин “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын Реестрин бекитүү жөнүндө” 2017-жылдын 31-январындагы №17 Жарлыгы;
  • КР Өкмөтүнүн “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу жөнүндө” 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 токтому;
  • КР Өкмөтүнүн “Айылдык кеңештердеги акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” 2020-жылдын 5-февралындагы №64 токтому;
  • КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 токтому менен бекитилген “КР мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо тартиби жөнүндө” Жобо;
  • КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 токтому менен бекитилген “КР мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби жөнүндө Жобо”.

Мындан сырткары КР ЖӨБ Союзу Өнүктүрүү саясат институту менен биргеликте жергиликтүү кеңештердин типтүү иш-аракеттер планын иштеп чыгып, учурда макулдашуу процессин жүргүзүп жатат. Мына ушул типтүү иш-аракеттер планын айылдык кеңештин жооптуу катчылары өз ишмердүүлүгүндө пайдаланып, колдонууга алуусун сунуштап кетмекчибиз. Кененирээк маалыматты www.soyuzmsu.kg сайтынан же Мыкты практикалар порталынан (www.myktyaimak.gov.kg) алсаңыз болот. 

Окшош материалы: