Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү кеңештеги стаж жана депутаттык тууралуу

2021-03-04 / Юридикалык кеңеш

Түрмөк Нуржан МАМЫРАЛИЕВА (ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун буйрутмасы менен) жана КР ЖӨБ Союзунун эксперттери тарабынан даярдалды.

СУРОО. Жергиликтүү кеңештин депутатынын мөөнөтү муниципалдык стаж катары эсептелинип, ал стаж айлык акыга кошулуп саналабы?

ЖООП. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдын 25-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүнө ылайык депутаттын жергиликтүү кеңештеги иштеген убактысы муниципалдык кызмат стажына, ошондой эле жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланганга чейин иштеген адистиги боюнча иш (кызмат) стажына кошулуп эсептелет.

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-январындагы №8 токтому менен бекитилген атайын Жобонун 4-пунктунда иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага ай сайынкы үстөк акыны алууга укук берүүчү жалпы иш стажына кошуу үчүн бир катар кызмат орундарды ээлеген мезгилдер каралган, анын ичине саясий, атайын, административдик мамлекеттик кызмат орундарын, ошондой эле саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген мезгил дагы кирет.

Жогоруда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актыларынын негизинде, жергиликтүү кеңештин депутатынын мөөнөтү муниципалдык стаж катары эсептелинип, ал стаж кызматтык маянага ай сайынкы үстөк акыны алууга укук берет.

Окшош материалы: