Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Көңүл чордонунда
ЖӨБ органдары маморгандар менен биргеликте конституциялык реформанын алкагында аймактарды өнүктүрүүдөгү көйгөйлөрдү талкуулашты
Бектурган ОРОЗБАЕВ, КР ЖӨБ Союзунун директору
2021-жылдын 25-26-февралында Бишкекте КР ЖӨБ органдары күн тартибин – актуалдуумаселелердин тизмесин түзүштү. Жарандардын муктаждыктарын өз убагында жана толук канааттандыруу үчүн ЖӨБ органдарынын мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу максатында ЖӨБ органдары мамлекет, өкмөттүк түзүмдөр менен тез арада биргелешкен иш алып баруусу зарыл.
Иш-чара Кыргыз Республикасында ЖӨБдү өнүктүрүүнүн көйгөйлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо жана ЖӨБ органдарынын жергиликтүү өнүгүүнү камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын жарандарынын кызыкчылыгында кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн күчөтүү максатында мамлекет менен ЖӨБ органдарынын өз ара аракеттенүү механизмдерине байланыштуу сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгуу үчүн уюштурулган.
Тегерек столдун идеясы күн тартибин – актуалдуу маселелердин тизмесин түзүү болгон. 2021-жылдын аягында мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын биргелешкен ишинин жыйынтыктарын талкуулаган тегерек столдун экинчи бөлүгүн өткөрүү пландаштырылууда. ЖӨБ органдарынын атынан ишти ЖӨБ Союзу уюштурууга тийиш.
Талкууга бардык ЖӨБ органдарынан делегаттар – айрым шаарлардын мэрлери, Кыргыз Республикасынын бардык 40 районунан айыл аймак башчылары, КР Жогорку Кеңешинин вице-спикери А. КАСЫМАЛИЕВА, КР ЖК депутаттары К. БОКОЕВ, А. КАРАШЕВ, КР Президентинин аппаратынын, КР Жогорку Кеңешинин, КР Өкмөтүнүн жана министрликтер менен ведомстволордун, эл аралык уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Бул иш-чараны “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун (ЖДККЖ) колдоосу менен КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу уюштурду. Аталган долбоорду Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык боюнча Башкармалыгы (SDC) аркылуу Швейцария өкмөтү каржылайт. Иш-чараны уюштурууга Аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик катышты.
Макала толугу менен акы төлөп жазылуу аркылуу жеткиликтүү. Толугураак маалымат: http://myktyaimak.gov.kg/single-news?id=57
Окшош материалы:
-
№1 (123) / 2022-01-11 25 муниципалитет чыр-чатакты эрте алдын алуу боюнча ишинде колдоого ээ болушат
-
№1 (123) / 2022-01-11 Жергиликтүү жамааттагы чыр-чатактардын “портрети”. Анын себеби эмнеде жана кантип чыр-чатактардын алдын алууга болот?
-
№12 (122) / 2021-12-17 2022-2024-жылдарга республикалык бюджеттин долбоорунун Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансылык абалына тийгизген таасирин талдоо
-
№12 (122) / 2021-12-16 Райондук бюджет? Бюджет аралык мамилелер системасындагы тобокелдиктер
-
№11 (121) / 2021-11-01 Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жергиликтүү жамааттар күнү менен куттуктоосу
-
№10 (120) / 2021-10-04 Жайыттарды калктуу конуштардагы жерлерге өткөрүү (трансформациялоо) тартиби тууралуу. 2021-жылдын 13-августундагы өзгөрүүлөрдү эсепке алуу менен
-
№10 (120) / 2021-10-04 Мамлекет жергиликтүү бюджеттер тууралуу унутуп калдыбы? ЖӨБ Союзунун 2022-2024-жылдарга фискалдык саясаттын негизги багыттарындагы кемчиликтер тууралуу пикири