Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу: туруктуу жергиликтүү өнүгүү жана жарандардын кызыкчылыгында кызмат көрсөтүү үчүн мүмкүнчүлүктөр жана тоскоолдуктар” тегерек стол талкуусунун Резолюциясы

2021-04-05 / Көңүл чордонунда
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу: туруктуу жергиликтүү өнүгүү жана жарандардын кызыкчылыгында кызмат көрсөтүү үчүн мүмкүнчүлүктөр жана тоскоолдуктар” тегерек стол талкуусунун Резолюциясы

ТЕГЕРЕК СТОЛ ТАЛКУУСУНУН РЕЗОЛЮЦИЯСЫ

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.
2021-жыл, 25-февраль

Биз, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу: туруктуу жергиликтүү өнүгүү жана жарандардын кызыкчылыгында кызмат көрсөтүү үчүн мүмкүнчүлүктөр жана тоскоолдуктар” тегерек стол талкуусунун (мындан ары – тегерек стол) катышуучулары:
  • ЖӨБ органдарынын 54 өкүлү:
  • Мамлекеттик органдардын 25 өкүлү, анын ичинде КР Жогорку Кеңешинин Аппаратынын, КР Президентинин Аппаратынын, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлдөрү;
  • ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык коом уюмдарынын 21 өкүлү,

ТӨМӨНКҮЛӨРДҮ БЕЛГИЛЕЙБИЗ.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн, социалдык туруктуулугун жана туруктуу өнүгүүсүн бекемдөө үчүн, өлкөнүн ар бир жаранынын бакубатчылыгын жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (мындан ары – ЖӨБ органдары) төмөнкүлөрдү ишке ашырууга жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу зарыл:
  • жарандарга өз убагында талаптагыдай сапаттагы жана көлөмдөгү кызматтарды көрсөтүү;
  • жарандардын муктаждыктарына толук жооп берүү, жергиликтүү жамааттарды жана бизнести өнүктүрүү үчүн зарыл болгон инфраструктуранын деңгээлин камсыз кылуу;
  • жарандарга жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатында конституциялык укуктарын, анын ичинде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуу укугун жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды түзүү;
  • бардык муундардын руханий, адеп-ахлактык, маданий өнүгүү жаатындагы жарандардын материалдык эмес муктаждыктарын канааттандыруу;
  • жергиликтүү жамааттын ар бир социалдык тобу, анын ичинде аялдар, балдар жана турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр, улгайган жарандар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, мигранттар, азчылыктар үчүн өнүгүү жыйынтыктарынын тең салмактуулугун камсыз кылуу;
  • жергиликтүү экономиканын туруктуу өнүгүшү үчүн, анын ичинде бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
  • жоопкерчилик алган аймакта мамлекеттик саясаттын чараларын жана берилген ыйгарым укуктарды толугу менен жүзөгө ашыруу.
ЖӨБ органдары бул функцияларды аткаруу үчүн мамлекеттик бийлик органдары жана ЖӨБ органдары өз аракеттерин бириктирип, эки негизги багыттарга же чөйрөлөргө топтолгон бир катар курч маселелерди чечиши керектигин белгилешет.
ЖӨБ органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, жергиликтүү өнүгүүнү камсыз кылуу жана жарандардын муктаждыктары менен талаптарын канааттандыруу боюнча административдик жана саясий потенциалын күчөтүү жаатында төмөнкүдөй чараларды көрүү зарыл:
  • мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын, анын ичинде өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шартындагы иш-милдеттерин жана ыйгарым укуктарын так бөлүштүрүү;
  • ЖӨБ органдарына түзүмүн жана штаттык санын бекитүү боюнча, ошондой эле муниципалдык кызматчылардын эмгек акысынын өлчөмүн белгилөө боюнча ыйгарым укуктарды берүү;
  • бардык жергиликтүү кеңештер үчүн төрагалардын штаттык санын жана айлык акыларын аныктоо боюнча бирдиктүү тартипти белгилөө;
  • муниципалдык кызматчылардын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын квалификациясын жогорулатуу үчүн окутуу программаларын уюштуруу;
  • тиешелүү мамлекеттик органдардын (Мамлекеттик Кадр кызматы, Жер ресурстары боюнча мамагенттик, “Инфоком” ж.б.) “Санарип аймак” программасын ишке ашырууда пайда болгон көйгөйлүү маселелерди чечүүсү;
  • түз өз ара аракеттенүүнү жана кызматташууну өнүктүрүү боюнча ЖӨБ органдарынын ишин күчөтүү;
  • мамлекеттик башкарууну реформалоонун алкагында ЖӨБдүн аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоо принцибин сактоо;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында мамлекеттик органдар тарабынан ЖӨБ органдарына текшерүүлөрдү жүргүзүү.
ЖӨБ органдарынын жергиликтүү маселелерди чечүү, жергиликтүү өнүгүүнү камсыз кылуу жана жарандардын муктаждыктары менен талаптарын канааттандыруу үчүн өзүнүн финансылык жана инфраструктуралык жөндөмдүүлүгүн бекемдөө жаатында төмөнкүдөй чаралар көрүлүшү керек:
  • бюджет аралык мамилелерди өнүктүрүүнүн жаңы Концепциясын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
  • республикалык бюджетти иштеп чыгууда жана бекитүүдө жергиликтүү бюджеттин параметрлерин кошо алганда, бюджет аралык мамилелер маселелери боюнча ЖӨБ Союзу менен макулдашуу жана талкуулоо механизмин киргизүү;
  • мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешелеринде жергиликтүү кирешелердин үлүшүн 20 пайызга чейин көбөйтүү боюнча чараларды көрүү;
  • бюджеттик камсыздоону теңдештирүү тутумун анын акыйкаттыгын, ачыктыгын, жеткиликтүүлүгүн камсыз кылган, коррупциялык факторлорду жана теңдештирүүчү гранттарды “кол менен башкарууну” болтурбагандай кылып реформалоо;
  • өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн ЖӨБ органдарын жетиштүү көлөмдөгү финансы менен камсыз кылуу;
  • ЖӨБ органдарынын ыйгарым укуктарын кеңейтүү бөлүгүндө, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө КР мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча иштерди жүргүзүү;
  • COVID-19 пандемиясы маалында ЖӨБ органдарынын жергиликтүү бюджеттеринин күтүлбөгөн чыгымдарын мыйзамдаштыруу;
  • жерлерди трансформациялоо маселесин чечүү жана аймактардын башкы пландарын иштеп чыгуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү;
  • жаңы конуштарга электр энергиясын жеткирүүгө байланыштуу көйгөйлүү маселелерди чечүү;
  • жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүү боюнча иштерди улантуу жана ЖӨБ органдарына кызматтарды жакшыртуу боюнча иш-чаралардын пландарын иштеп чыгууда жардам берүү.
Жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик башкаруунун реформаларынын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен, катышуучулар КР Президенти менен ЖӨБ органдарынын ортосунда мамилелердин жаңы формаларын түзүү зарылдыгын билдиришти. Буга байланыштуу төмөнкүдөй чараларды көрүү керек:
  • КР Конституциясына киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен ЖӨБ кодексин иштеп чыгууну аяктоо;
  • Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын абалы жана ЖӨБ органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелерди жарандардын кызыкчылыгында чечүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө КР Президентине ЖӨБ Союзунун милдеттүү түрдө жылдык отчетун даярдоо;
  • ЖӨБ системасын мындан ары өнүктүрүүнүнпринциптерин жана идеяларын сактоого кепилдик берген жогорку орган катары КР Президентине караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча кеңеш түзүү. 
Бул Резолюция 2021-жылдын 25-февралында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу: туруктуу жергиликтүү өнүгүү жана жарандардын кызыкчылыгында кызмат көрсөтүү үчүн мүмкүнчүлүктөр жана тоскоолдуктар” тегерек стол талкуусунун катышуучулары тарабынан кабыл алынды. Резолюцияны колдоп 100 катышуучу добуш берди; каршы – 0 катышуучу; калыс – 0 катышуучу.

 

Окшош материалы: