Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

КР ЖӨБ Союзунун бекемделиши ЖӨБ органдарынын жана жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктарын натыйжалуу коргоого жардам берет. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоору менен өнөктөштүктүн жетишкендиктери

2021-05-21 / Көңүл чордонунда
КР ЖӨБ Союзунун бекемделиши ЖӨБ органдарынын жана жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктарын натыйжалуу коргоого жардам берет. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоору менен өнөктөштүктүн жетишкендиктери

Бектурган ОРОЗБАЕВ, КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун директору

Тарыхы

2022-жылы Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзу (ЖӨБ Союзу) өзүнүн 20 жылдык мааракесин белгилейт. Түзүлгөндөн тартып Союз Кыргыз Республикасындагы бардык ЖӨБ органдарынын кызыкчылыктарын көрсөтүп келет. Өз мүчөлөрүнө жардам көрсөтүү олуттуу финансылык, материалдык жана адам ресурстарын талап кылат. Мүчөлүк төгүмдөр жетиштүү чогулбагандыгын эске алуу менен, Союз эл аралык уюмдар аткарган жана каржылаган ар кандай долбоорлордун жардамына таянат. Мындай жардамда Союз ишке ашырган демилгелерди эксперттик колдоо өзгөчө орунду ээлейт. 

Белгилей кетсек, белгилүү бир убакыт ЖӨБ Союзунун борбордук бийлик органдарынын арасындагы, эң башкысы анын мүчөлөрү – ЖӨБ органдарынын арасындагы таасири жана бедели уставдык милдеттерди натыйжалуу чечүү үчүн жетишсиз болгон. 2017-жылдан баштап, Союз негизги үч өнөктөштүн, анын ичинде “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс”1 жана Швейцария өнүгүү жана кызматташтык боюнча башкармалыгы каржылаган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу”2 долбоорлорунун жана USAID каржылаган “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун аркасында институционалдык өнүгүү үчүн түрткү алган. 

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоору менен кызматташтыктын алкагында, ЖӨБ Союзу негизги үч багыт боюнча иштеген. Биринчи багыт Союздун өзүн мүчөлүк уюм катары институционалдык өнүктүрүүгө багытталган. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун колдоосу менен Союз финансылык туруктуулук планын иштеп чыккан, кийин ал Союздун башкармалыгы тарабынан жактырылган. Бул документтин аркасында Союз туруктуулукка жетүүнүн так финансылык багыттарын белгилеген. Экинчи багыттын алкагында, Союз өз мүчөлөрүнө толук кандуу жардам көрсөтө баштаган, анын ичинде Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын этика кодексин кабыл алуу практикасын жайылтууга, юридикалык онлайн-кызмат көрсөтүүгө, жергиликтүү жамааттардын уставдарын кабыл алууда же жаңыртууда ЖӨБ органдарына колдоо көрсөтүүгө, өз ара окутуу платформасын уюштурууга көмөктөшкөн. Колдоо көрсөтүүнүн үчүнчү багыты – бул борбордук жана аймактык башкаруу органдары менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү күчөтүү. Бул багыттын алкагында Союз КР Президентине Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көз карашы боюнча анын саясатынын артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө баяндама даярдаган.

КР ЖӨБ Союзунун финансылык туруктуулук планы

2018-жылы USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун көмөктөшүүсү менен Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун институционалдык туруктуулугун күчөтүүгө, уюмду өнүктүрүү планында каралган перспективаларды баалоого, ошондой эле мүмкүн болгон тобокелдиктерге негизделген, финансылык туруктуулугунун болжолдуу модели иштелип чыккан.

Союздун финансылык туруктуулук планына ылайык, Союздун Башкармалыгы приоритеттүү болуп саналган ички документтерди иштеп чыккан жана бекиткен. Алардын ичинде:

  • 1) Союздун ишине мониторинг жана баалоо жүргүзүү жөнүндө жобо;
  • 2) товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жөнүндө жобо;
  • 3) эсепке алуу саясаты;
  • 4) ММК менен иштөө саясаты.

ЖӨБ Союзунун кызмат көрсөтүүлөр тизмеси да аныкталып, алар эки категорияга бөлүнгөн: жалпы - мүчөлүк төгүмдөрдүн эсебинен Союздун бардык муниципалитеттерге кызмат көрсөтүүлөр: жана акылуу – кошумча акы үчүн айрым муниципалитеттердин жеке суроо-талабы боюнча көрсөтүлүүчү кызматтар. Ошондой эле модель туруктуу кирешелердин түшүүсүнүн негизги сценарийин жана финансылык туруктуулук коэффициентин камтыйт. 2021-жылы бекитилген финансылык туруктуулук коэффициенти сакталып жана 0,81%га барабар экени белгилүү болду. Мүчөлүк төгүмдөрдүн түшүүсү жылдан жылга көбөйүп жатат жана 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча 3,0 миллион сомго жетти.

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын этика кодексин кабыл алуу практикасын жайылтуу

ЖӨБ Союзу 2018-жылы ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын жалпы таанылган этика ченемдерин сактоосу маселелерин талкуулоонун жүрүшүндө, айыл жана шаар депутаттарынын ишмердүүлүгүнүн жана этикасынын ченемдерин, эрежелерин иштеп чыгуу боюнча башка өлкөлөрдүн муниципалдык түзүмдөрүнүн тажрыйбасын изилдеп, жергиликтүү кеңештерде мындай документ жоктугун эске алып,  USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун колдоосунда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын типтүү этика кодексинин концепциясын жана түзүмүн иштеп чыккан. Типтүү кодекс Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун 2018-жылдын июлундагы буйругу менен бекитилген жана ыңгайлаштыруу, кабыл алуу үчүн жергиликтүү кеңештерге сунушталган. 

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын этика кодексин кабыл алуу практикасын андан ары жайылтуу максатында, Союз 2019-жылы Депутаттардын этика кодексин кабыл алууда 15 жергиликтүү кеңешке көмөк көрсөткөн. Бул тандалып алынган ЖӨБларда жергиликтүү өз алдынча башкарууну андан ары өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизген. 2020-жылы КР ЖӨБ Союзу дагы 15 жергиликтүү кеңеште Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын этика кодексин жайылтууга киришкен.

Өз ара окутуу платформасы

2020-жылдын мартында ЖӨБ Союзу Кыргыз Республикасынын ЖӨБ органдарынын өз ара окутуу платформасын түзүү демилгесин көтөргөн, анын жардамы менен айыл башчылар жана кеңештердин өкүлдөрү “тең-теңине” принциби боюнча жергиликтүү деңгээлде натыйжалуу кызмат көрсөтүүлөргө бирин бири окутушат. Мындай ыкма ЖӨБ органдарынын кызматкерлери өздөрү тренерлер жана презентацияларды өткөрүүчүлөр катары чыкканы менен уникалдуу болгон.  

Пилоттук райондордо “Ийгиликтүү аймак” долбоору ашырган алдыңкы практикалардын масштабын кеңейтүү аркылуу, Платформа пилоттук жана пилоттук эмес ЖӨБ органдарынын биргеликте катышуусунда, ЖӨБ органдарын райондук деңгээлде колдоо максатында, өнүмдөрдү, билимди жана көндүмдөрдү берүүгө жана алмашууга карата бирдиктүү мамилени киргизүү жана апробациялоо мүмкүнчүлүгүн берген. 

2020-жылдын мартынан августуна чейинки мезгилде тандалып алынган 4 райондо: Сузак, Жети-Өгүз, Ноокат жана Нарын райондорунда жергиликтүү КЭУ катышуусунда ушул райондордун бардык ЖӨБ органдарынын катышуусу менен 8 жыйын өткөрүлгөн. 2020-жылдын аягында Союз өз ара окутуунун экинчи фазасын баштаган, анын алкагында Ош областынын Араван районунда, Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунда, Нарын областынын Кочкор районунда жана Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунда жыйындар өткөрүлдү. 

Айылдык муниципалитеттердин арасында өз ара окутуу платформасынын ийгиликтүү иш тажрыйбасын эске алып, 2021-жылдын апрелинде Союз USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун колдоосу менен, республиканын борборунда шаардык муниципалитеттер үчүн жыйын өткөрдү. 

Онлайн юридикалык кызматынын иши 

“КР ЖӨБ органдарынын өз ара окутуу платформасын түзүү” долбоорунун алкагында WhatsApp топ форматында онлайн-юридикалык колдоо кызматы түзүлгөн жана колдоого алынган. WhatsApp форматында онлайн юридикалык колдоо кызматы боюнча түшкөн суроо-талаптарды талдоо көп берилген суроолор төмөндөгүлөргө тиешелүү экенин көрсөттү:

  • өзгөчө кырдаалдын алдын алуу жана жоюу боюнча ЖӨБ органдарынын иш-аракеттери;
  • эмгек мыйзамдары жана муниципалдык кызмат (өргүүлөрдү жана башка акчалай төлөмдөрдү эсептөөгө байланыштуу көп суроолор берилген);
  • айыл өкмөтү кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жол-жоболору;
  • муниципалдык мүлктү башкаруу.

Долбоор иштеген убакта жалпысынан 13 ЖӨБ органынан – Союздун мүчөлөрүнөн консультация берүүгө 35 суроо-талап түшкөн. ЖӨБ пилоттук органдары USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун консультанттары тарабынан берилген консультацияларга жогорку баа беришти. 

ЖӨБ органдары тарабынан Жергиликтүү жамааттардын уставдарын кабыл алууда жана жаңыртууда колдоо көрсөтүү 

2019-жылдан баштап, ЖӨБ Союзу USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун колдоосу менен Ысык-Көл областынын Ак-Чий жана Жети-Өгүз айыл аймактарына, Ош областынын Тепе-Коргон, Алля Анаров жана Керме-Тоо айыл аймактарына, ошондой эле Ноокат шаарына жергиликтүү жамааттардын уставдарын иштеп чыгууда же жаңыртууда көмөк көрсөткөн. Белгилей кетсек, жергиликтүү жамааттардын уставдарын иштеп чыгууда жана жаңыртууда Союз 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун буйругу менен бекитилген Жергиликтүү жамааттардын типтүү уставын пайдаланган.

ЖӨБ Союзу Жергиликтүү жамааттардын колдонуудагы уставдарына укуктук экспертиза, жаңы уставды иштеп чыгуу же колдонуудагы уставды жаңыртуу боюнча жумушчу комиссиянын мүчөлөрү үчүн окутуу иш-чараларын өткөргөн. 

Жергиликтүү жамааттардын уставдарын кабыл алуу процесси жергиликтүү жамааттын ЖӨБ органдары менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнө таасирин тийгизди. Кабыл алынган ЖЖ Уставынын аркасында, жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү жергиликтүү маанидеги маселелерди талкуулоого жана чечүүгө тартылат, өнүгүү демилгелерин илгерилетет, муниципалитеттерди жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү үчүн көбүрөөк инвестициялар тартылат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көз карашы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин саясатынын артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө баяндама

ЖӨБ Союзу Саясый-экономикалык талдоо (СЭТ) методологиясынын жардамы менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу статусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентине Жылдык баяндама даярдоо методикасын иштеп чыккан жана тиешелүү баяндаманы даярдаган. 

Баяндаманы иштеп чыгуу ЖӨБ өнүгүү деңгээлинин критерийлери боюнча топтоштурулган, 2019-жылдагы КР Президентинин чечимдерин жана демилгелерин тандоо менен башталган. Өткөрүлгөн эки фокус-топтун жана катышуучулардан түшкөн сунуштарды талдоонун жыйынтыгында Баяндаманын тексти даярдалган, ал ЖӨБ органдары жана жергиликтүү жамааттар менен талкууга чыгарылган.

Баяндаманын долбооруна комментарийлер берилип жана текстке тиешелүү толуктоолорду киргизгенден кийин, Баяндама КР Жогорку Кеңешинин Аппаратынын, КР Президентинин Аппаратынын жана КР Өкмөтүнүн Аппаратынын, мамлекеттик органдардын жана эксперттик коомдоштуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда талкууланган. 

Жалпысынан, Кыргыз Республикасынын ЖӨБ органдарынын көз карашынан алганда анын саясатынын артыкчылыктуу багыттарын жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө КР Президентине Баяндаманы даярдоо боюнча ЖӨБ органдары да, кызыкдар мамлекеттик органдар да оң пикирин билдиришти. ЖӨБ органдары Баяндама жана анын сунуштамалары Кыргыз Республикасынын Президентинин жергиликтүү жамааттар жана алардын кызыкчылыктарын көрсөткөн ЖӨБ органдары менен туруктуу өз ара аракеттенүү формаларынын бири болуп калаарына жана жергиликтүү жамааттар, ЖӨБ органдары жана мамлекеттик башкаруу органдары региондорду өнүктүрүү ишиндеги көйгөйлөрдү, чакырыктарды жана чечимдерди талкуулоону уюштура турган процесс болуп калат деп үмүттөнөт. 

____________ 

1 ӨСИ аткарып жатат.
2 Хельветас жана ӨСИ аткарып жатат.

Окшош материалы: