Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Электрондук китепкана: маалыматтык технологияларды киргизүү жана элеттик китепкананын жаңы жашоосу

2021-04-05 / ЖӨБ тажрыйбасы
Электрондук китепкана: маалыматтык технологияларды киргизүү жана элеттик китепкананын жаңы жашоосу

Найзабек КӨЛБАЕВ, Чүй облусунун Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы, Назгүл КУРМАНБЕКОВА, Аламүдүн айылдык аймагынын китепканасынын №2 филиалынын башчысы, Азиз ЖУМАНАЛИЕВ, Аламүдүн айылдык аймагынын мамлекеттик сатып алуулар боюнча адиси.

2021-жылы 21-мартта Чүй облусунун Аламүдүн айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын жана бир катар өнөктөш уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда айылда электрондук китепкананын расмий ачылышы болду. Бүгүнкү күндө элеттик китепкана ар бир адамдын маалыматка, билимге жана маданий баалуулуктарга эркин жетүүгө болгон конституциялык укугун камсыз кылган, китепти акысыз пайдаланууга мүмкүнчүлүк берген айылдагы жападан жалгыз мекеме болуп саналат. Бирок өкмөттөгү өзгөрүүлөр, каржылоонун жетишсиздиги, Интернеттин бардык жерге жетиши көптөгөн элеттик китепканаларды оор абалга кептеди – китепканалар иш жүзүндө айылдын маданий борбору болбой калышты. Бирок, Аламүдүн айылдык аймагынын китепканасынын мисалы санарип кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү жана элеттиктердин эс алуусун уюштуруу жолу менен айылдык китепканаларга кантип жаңы дем берүүгө боло турганын көрсөтүүдө.

Аламүдүн айылдык аймагынын элеттик китепканасынын тарыхы бай:

  • 1974-жылы 27-августта Аламүдүн айылдык кеңешинде Аламүдүн айылдык китепканасы ачылган.
  • 1974-жылы 1-январда китепкананын китеп фондунда 5 миң китеп болгон. Китепкананын алгачкы окурмандары балдар болчу.
  • 1986-жылдын 1-январына карата китепкананын фонду 7735 китептен турган. Китепкана 30 чакты мезгилдүү басылмаларды алып турган. 1986-жылдын аягында китепканага 500 окурман келе баштаган.
  • 1990-жылы март айында китепкананын жанында “Гүл өстүрүүчүлөр” клубу уюштурулуп, ал гүл өстүргөндү жакшы көргөн окурмандардын башын бириктирди.
  • 1999-жылдын октябрь айында китепкана айылдык маданият мекемелеринин арасында өткөн сынактын жеңүүчүсү болду. Китепкананын башчысы О.И.ДОЦЕНКО Ардак грамотасы менен сыйланып, сыйакы да алган.
  • 2004-жылдын 9-июлунда китепкана мурдагы бала бакчанын имаратына көчүрүлдү. Китеп фонду 8610 китептен турган.
  • 2008-жылдын 2-ноябрында айылдык китепкана “Китеп – билим булагы” аттуу райондук конкурста “Мыкты китепкана-2008” номинациясы боюнча диплом менен сыйланды.
  • 2018-жылы Жалал-Абад облусунда өткөн “X-Форумда” китепканага “Мыкты айылдык китепкана” наамы жана 50 000 сомдук китеп түрүндөгү сыйлык тапшырылды.

Бирок акыркы он жылда китепкана оор күндөрдү башынан өткөрдү. Китепкананын ишине бир катар терс факторлор таасирин тийгизген: китеп менен жабдуу системасынын талкаланышы, басылып чыгууга даярдалган адабияттар жөнүндө борборлоштурулган маалыматтын жоктугу, каржылоонун жетишсиздиги ж.б. Ошентип, китепкана өтө оор абалда калган. Жаңы китептер түшпөй, ал эми колдо болгондору абдан катуу эскиргендиктен элет тургуну билимге, өлкөнүн коомдук жана маданий жашоосуна жетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калган. Албетте, бул жаштардын, балдардын жана өспүрүмдөрдүн даярдык деңгээлине жана өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизди. Китеп фонддору эскирип,  китепкана окуу процессинин эң жөнөкөй талаптарына да жооп бере албай калган.

Буга карабастан, айылда китепкананын кызмат көрсөтүүлөрүнө болгон талап кала берди. Алсак, Аламүдүн айылдык аймагында жашаган 12 миң адамдын ичинен беш миңден ашыгы ушул күнгө чейин китепкананын кызматын колдонуп келишет.

Окурмандарынын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн Аламүдүн айылдык китепканасы заман талабына ылайык өнүгүүнүн жаңы багыттарын таап, заманбап технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн болушунча толук пайдаланууга аракет кылууну чечти. Буга байланыштуу 2020-жылдын 12-майында Аламүдүн айыл аймагында Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата уюштурулган “Санариптик трансформация шартындагы китепканалар” деген темада жолугушуу өттү. Аламүдүн айыл аймагынын башчысы Найзабек КӨЛБАЕВ уюштурган жолугушууга эки элеттик китепкананын башчылары, Кыргызстандагы IT компаниялардын өкүлдөрү жана окурмандар катышты.

Жолугушуунун катышуучулары китепкана-чылыкка жаңы санариптик кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү жана өнүктүрүү зарылдыгына көңүл бурушуп, бир добуштан “санариптештирүү кызмат көрсөтүүнүн ыкчамдыгын бир кыйла жогорулатат, алардын сапатына оң таасирин тийгизет, демек, китепканага жаңы окурмандарды тартууга жардам берет” деген бүтүмгө келишти.

IT компаниялардын өкүлдөрү менен өткөн жолугушуунун жыйынтыгында “Электрондук китепкана” Долбоорун ишке ашыруу тууралуу макулдашууга жетүү мүмкүн болду. Электрондук китепкана көркөм адабияттын маалымат базасына, лицензияланган окуу жана илимий адабияттарга, журналдарга, орто мектептердеги окуу багыттары боюнча онлайн тесттерге жеткиликтүүлүктү камсыз кылган Электрондук Китепкана Тутумдарынын комплексинен aтурат деп пландаштырылган. 2020-жылдын июль айында китепкананын китеп фондусу (№2 филиал) дүйнөлүк деңгээлдеги жаңы кызыктуу китептер менен, ошондой эле кыргыз жана орус адабиятындагы жаңы чыгармалар менен толукталды.

“COVID-19 пандемиясы жана андан кийин башталган карантин бизди жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө болгон мамилебизди кайра карап чыгууга мажбур кылды. Пандемия маалында бардыгы – окугандар, иштегендер онлайнга өттү. Жада калса жакындарыбыз менен да онлайн гана байланышып калдык. Ошол эле учурда биз жергиликтүү мүнөздөгү жана маанидеги маалыматтык ресурстардын тартыштыгын сездик. Ооба, Интернет маалыматка бай, бирок, мисалы, кыргыз тилиндеги китептер аз болуп жатпайбы. Ошондо Аламүдүн борбордук китепканасынын №2 филиалынын базасында санарип платформаны түзө алабыз деген бүтүмгө келдик”, – деп айтты Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Найзабек КӨЛБАЕВ китепкананын ачылышында.

Муниципалитеттин башчысынын айтымында, Германия жана Балтика өлкөлөрүнө болгон окуу сапарларына катышуу учурунда топтолгон башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы аны дал ушундай чечимге түрттү: “Европа жана Балтика өлкөлөрүндөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун көз карандысыздык деңгээлин көрүп, мен өзүмө өзүм суроо бердим: “Эгерде бул планды азыр ишке ашыра албасак, анда качан? Бул өлкөлөрдүн ЖӨБ органдары муну жасай алса, биздин колубуздан келбейби?”.

Бирок китепканага санариптик инновациялар гана эмес, жаңы инфраструктура да керек эле. Мына ушул жерде аларга жергиликтүү өз алдынча башкаруу жардамга келди. Аламүдүн айылдык аймагынын башчысы Найзабек КӨЛБАЕВдин демилгеси менен жергиликтүү бюджеттен 1 миллион 200 миң сомдук каражат бөлүнүп берилди. Бул акча №1 орто мектептин аймагында жаңы китепкананын имаратын курууга, суу жана канализация өңдүү коммуналдык кызматтарга кошуп, ошондой эле электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн толук кандуу иштеши үчүн байланыш каражаттары менен жабдууга жетти.

2020-жылдын этегинде китепканада окурмандар (колдонуучулар) үчүн электрондук каталогго жана электрондук билим берүү ресурстарына жете алган төрт компьютер пайда болду. Компьютерде иштеген убакытты эсепке алуу үчүн китепканада журнал ачылып, андан студенттердин реферат жазып, ар кандай программаларда (Word, Excel, Power Point) иштегени көрсөтүлүп турат. Китепкананы санариптештирүү жөнүндө жобо даярдалып, ал Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин дайындар базасында катталды. Бирок китептерди санарипке өткөрүү оңой жана тез бүтчү иш эмес.

Азиз ЖУМАНАЛИЕВ, Аламүдүн айылдык аймагынын мамлекеттик сатып алуулар боюнча адиси: “Бул долбоорду ишке ашырууда эң чоң маселе китепканалардын реестрин санарипке өткөрүү болду. Биздин айылдык китепканада 9 миңден ашуун китеп бар. Китепкананы санариптештирүүдө кадрдык ресурстардын жетишсиздигинен улам ишке жергиликтүү мектептин мугалимдери, үч айылдык бала бакчанын тарбиячылары тартылды”.

Азыр Аламүдүн айылдык китепканасы (№2 филиал) айылдыктардын маалыматка болгон муктаждыгын канааттандырат, китепкана жана библиографиялык иш-чараларды уюштуруп, бир гана элеттиктердин эмес, жалпы улуттук жана дүйнөлүк маданияттын, илимдин, билимдин өнүгүшүнө кам көрөт. Аламүдүн айыл аймагынын китепканасы ата мекендик, чет элдик адабияттардын мүмкүн болушунча толук жыйнагын чогултуп, сактап, окурмандарын камсыз кылып келатат. Китепкана айыл тургундары жана орто мектептердин окуучулары менен тыгыз жана үзгүлтүксүз иштешип, элеттиктердин катышуусунда көптөгөн ири иш-чараларды өткөрүп турат.

Гүлмира АСЕКОВА, №1 орто мектептин директору: “Айылдык китепкана биздин мектептин аймагында жайгашкандыгына, окуучуларга жана мугалимдерге мектеп программалары боюнча керектүү маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейгенине абдан кубанычтамын. Балдар китепканага келип, анын базасында өткөрүлүп жаткан бардык иш-чараларга катышып жатканына абдан ыраазы”.

Гүлайым КОЖОМКУЛОВА, №1 мектептин 3-Б классынын класс жетекчиси: “Биз үчүн китепкананын ар бир иш-чарасы – чоң окуя, биз ага абдан даярданабыз, кээ бир учурларда ата-энелерди да тартабыз. Ал эми балдардын жана ата-энелердин чогуу жасаган иши ортодогу мамилени ого бетер бекемдейт эмеспи. Китепкананын жамаатына чыгармачыл ийгиликтерди, жигердүү окурмандарды жана жаңы идеяларды каалайм”.

Курманбек ТЕЛТАЕВ, айыл тургуну: “Мен китепканага көп жылдан бери барам. Китепкананын тейлөө сапатына абдан ыраазымын. Китепканачылар китеп тандоодо ар дайым жардам берүүгө аракет кылышат, ар бир адамга сый мамиле жасашат. Менин үй-бүлөм да китепканага жазылышкан, балдар окууга керектүү адабияттарды алып турушат”.

 

 

Окшош материалы: