Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖДКЖ Долбоорунун колдоосу менен БАЖБА Талас жана Чүй облустарынын ЖӨБ органдарынын квалификациясын жогорулатуунун үстүндө иштеп жатат

2023-11-07 / ЖӨБ тажрыйбасы

Өмүрбек АЛМАНБЕТОВ, ЖӨБ Союзунун директорунун кеңешчиси

Талас жана Чүй облустарынын 52 пилоттук айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңештеринин депутаттары жана кызматкерлери жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жана мамлекеттик сатып алууларды уюштуруунун негиздерин үйрөнүштү. Окуу курстарын Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы (БАЖБА) ЖДКЖ Долбоорунун колдоосу менен өткөрдү.

Окуу БАЖБА менен ЖДКЖ Долбоорунун ортосунда түзүлгөн гранттык макулдашуунун алкагында Чүй жана Талас облустарынын пилоттук айылдык аймактарынын ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү үчүн уюштурулган. Окуу курстарынын жыйынтыктары боюнча катышуучулар муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмелеринин долбоорлорун даярдап чыгышты. Ал эми катышуучулардын 70 пайызга жакыны (пилоттук 52 муниципалитеттен) www.gb.minfin. kg тиркемесинде өздөрүнүн жарандык бюджетин толтура алышты.

“ЖЕРГИЛИКТҮҮ ДЕҢГЭЭЛДЕ КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮ УЮШТУРУУНУН НЕГИЗДЕРИ” ТЕМАСЫНА ОКУУ КУРСУ

2023-жылдын жайында Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы (БАЖБА) Талас жана Чүй облустарында “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун негиздери” темасында окуу курсун өткөрдү. ЖДКЖ Долбоорунун пилоттук айылдык аймактарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттары жана жооптуу катчылары негизги максаттуу аудитория болушту. Курстун жүрүшүндө катышуучулар төмөнкүдөй темалар менен таанышып чыгышты:

  • кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун негиздери;
  • жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын муниципалдык кызмат көрсөтүү жана аларды практикада колдонуу маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен иштөө көндүмдөрүн өркүндөтүү;
  • муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестрлерин, алардын стандарттарын жана административдик регламенттерин түзүү маселелери боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын билимин өркүндөтүү;
  • кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун жана жеткирүүнүн ар кандай ыкмалары, кызмат көрсөтүү процессинин экономикалык жана финансылык туруктуулугу жөнүндө билимдерди өркүндөтүү;
  • Кыргыз Республикасынын аймагында катуу тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жайгаштыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифти эсептөө методикасы ж.б.

“Катышуучулардын жалпы саны 151 адамды түздү (тест тапшырып, андан ийгиликтүү өткөн 135 катышуучу курстан өткөндүгү тууралуу сертификат алышты). Теориядан тышкары, катышуучулар чакан топтордо мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын кызмат көрсөтүүлөрүн, жеке кызмат көрсөтүүлөрдү аныктоо боюнча практикалык тапшырмаларды аткарышты. Окутуунун өз алдынча бөлүгүндө катышуучулар ар кандай формада кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууга SWOT-талдоо жасап чыгышты, алардын жыйынтыктарын ар бир топ өз алдынча тааныштырып берди. Окуу процессинде суроолор-жооптор сессиясы да болду, алар кийинчерээк жалпы талкууга коюлду”, – деп айтып берди БАЖБАнын долбоорлор боюнча менеджери Айнура ЧАНДЫБАЕВА.

Катышуучулардын айтымында, алган билимдери жергиликтүү кеңештин депутаттарына өзүнүн иш-милдеттерин кыйла жакшы аткарууга жардам бермекчи.

Нуржанов айылдык кеңешинин депутаты Роза ЖЕЕНАЛИЕВА мыйзамдардагы соңку жаңылыктар тууралуу укпаганын белгиледи: “Мен, мисалы, муниципалдык кызматчылар жөнүндө мыйзам тууралуу уккан эмесмин. Жергиликтүү кеңештин V чакырылышынын депутаты катары мен баарын билем го деп ойлоп жүргөн элем. Бирок курстан кийин көп нерсе өзгөргөнүн жана үйрөнө турган көп нерселер бар экенин түшүндүм. Силердин жардамыңар менен мен муниципалдык кызмат темасын жана жергиликтүү маанидеги маселелерди тереңирээк жана дыкат изилдешим керектигин билип калдым”.

Жергетал айылдык кеңешинин депутаты Гүлмира ТОЙЧУБЕКОВА түрдүү жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди эсептөө методикасы менен тааныша алганын айтты: “Адатта калк менен тарифтерди талкуулоо учурунда 50-100 сом деп коюп, андан кийин сессияда бекитип келгенбиз. Бирок курстан кийин бул туура эмес экенин түшүндүм. Ар бир тариф толук, чыгымдардын негизинде эсептелип чыгышы керек экен”.

Катышуучулар ошондой эле окуу маалында муниципалдык жана мамлекеттик кызматтын ортосундагы айырманы, муниципалдык ишканалардын ишин уюштуруунун оң жана терс жактары, аутсорсинг жана муниципалдык социалдык заказ, муниципалитеттер аралык кызматташтыкты жана жеке сектор менен өнөктөштүктү уюштуруунун ыкмалары жөнүндө көбүрөөк билип калышканын айтып, алган билимдери жергиликтүү кеңештердин депутаттары катары өз иш-милдеттерин жакшыраак аткарууга жардам берерин белгилешти.

 

“МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАРДЫ УЮШТУРУУНУН НЕГИЗДЕРИ” ОКУУ КУРСУ

 

2023-жылдын 26-июнунан 8-июлга чейин БАЖБА Чүй жана Талас облустарындагы 47 пилоттук айыл аймагынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттары жана айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү үчүн “Мамлекеттик сатып алууларды уюштуруунун негиздери” курсу боюнча (8 академиялык саат) 9 онлайн-тренинг өткөрдү. Окууга айыл өкмөт башчылары, мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистер, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчылары катышты.

Курстун алкагында тренингдин катышуучулары төмөнкүдөй темаларды окуп үйрөнүштү:

  • мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдар;
  • мамлекеттик сатып алуулардын усулдары;
  • сатып алуучу уюмдун уюштуруучулук түзүмү;
  • товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн техникалык өзгөчөлүктөрүнө коюлган талаптар;
  • мамлекеттик сатып алууларды пландоо;
  • сатып алуулар жөнүндө документтерди түзүү жана товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жөнүндө кулактандырууну жарыялоо;
  • товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда жеткирүүчүлөрдүн сунуштарын баалоо жана салыштыруу;
  • жеңүүчү тандоо. Контракт түзүү;
  • мамлекеттик сатып алуулар келишимин башкаруу жол-жобосу жана банктык коштоо;
  • даттануунун тартиби;
  • Сатып алуучу уюмдар үчүн “Тандоо” порталы;
  • мамлекеттик сатып алуулар порталында иштөө.

Окууларды жергиликтүү деңгээлде мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу чөйрөсүндө бай теориялык жана практикалык тажрыйбасы бар тренерлер Дастанбек УЛАНБЕК УУЛУ, Абсаттар ТАШИЕВ, кошо-тренерлер Бакыт ЮСУПОВ жана Жамал ТУКЕНАЛИЕВА өткөрүштү.

Катышуучулардын жалпы саны 157 адамды түздү, алардын 134ү БАЖБАнын лицензияланган сертификаттарын алышты. Окуу онлайн-форматта өткөнүнө карабастан, катышуучулар мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболору боюнча актуалдуу маселелерди жигердүү талкуулашты; тема боюнча консультациялар менен катар, алар каттоонун жол- жоболору боюнча тренерлерден өз суроолоруна жоопторду алышты.

Кубаныч ОКОЕВ, Кара-Буура айыл өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча адиси: “Мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилген сайын ушундай тренингдерди өткөрүп турсаңар жакшы болоор эле. Бул биздин ишибизде көптөгөн каталардан оолак болууга жардам бермек”.

Мееркан МЫРЗАБЕКОВА, Көк-Сай айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси: “Биз билбей калып, кетирип алган каталардан улам кээде аудиторлордон коркуп отурабыз. Мен, мисалы, финансы-экономикалык бөлүмдүн жетекчиси болуп иштейм, менин милдеттерим ансыз деле кыйла көп, бирок бизде сатып алуулар боюнча адис жок болгондуктан, мага бул ишти айкалыштырууга туура келет, жүк оор, ошондуктан өзгөрүүлөрдү байкап турууга дайыма эле мүмкүн боло бербейт”.

Алмазбек МАМЫРАЛИЕВ, айылдык кеңештин төрагасы: “Айрым жеке ишкерлер каттоодон өтө албай жатышат, мындан улам алар мамлекеттик сатып алуулар порталында жок. Бирок алар каттоодон өткөн башкалар айткан баадан бир кыйла арзан баада кызмат көрсөтө алышмак. Каттоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүп берсеңер жакшы болоор эле. Мисалы, ички жолдорду оңдоо үчүн зарыл болгон шагыл, кум, майда таш жана башка чийки заттарды жеткире ала турган жергиликтүү жеке ишкерлер бар, бирок биз башка региондордо иштеген башка жеткирүүчүлөрдүн кызмат көрсөтүүлөрүн кымбат баага сатып алууга мажбур болуп жатабыз, себеби биздин жергиликтүүлөр мамлекеттик сатып алуулар порталында жок”.

 

Окшош материалы: