Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кесиптештердин тажрыйбасын үйрөнөбүз: Баткендеги муниципалитеттер Жалал-Абаддагы айыл өкмөттөрдүн мыкты тажрыйбаларын өздөштүрүүдө

2023-11-07 / ЖӨБ тажрыйбасы

Өмүрбек АЛМАНБЕТОВ, ЖӨБ Союзунун директорунун кеңешчиси

“Миң уккандан бир көргөн артык” деген макал бар. Билим алуу үчүн керектүү маалыматты издеп, ал эми аны тапкандан кийин иш жүзүндө туура колдоно билиш керек. Айыл өкмөттөрүндө, өзгөчө алыскы аймактарда жумушта колдонуу үчүн мыкты практикалар тартыш болгону абдан сезилет, ал эми муниципалитеттин алдына коюлган милдеттерди чечүүнүн алдыңкы ыкмаларына жетүү мүмкүнчүлүгү, тилекке каршы, чектелүү.

Ошондуктан ЖӨБ Союзу ЖДКЖ Долбоорунун колдоосу менен өлкөнүн муниципалитеттерине тажрыйба алмашуу боюнча сапарларга катышууга көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө умтулуп жатат. Мындай сапарлар алардын институционалдык өнүгүүсүнө баа жеткис салым болуп калмакчы. Долбоордун өнөктөшү болбогон муниципалитеттерге мындай колдоо аларга тажрыйбаны өз көзү менен көрүүгө, аны менен таанышып чыгууга, билим алууга жана бул тажрыйбаны өзүнүн муниципалдык башкаруу практикасында колдонууга мүмкүнчүлүк берет.

Анда ушундай тажрыйба алмашуу сапарынын бири тууралуу сөз кылсак. 2023-жылдын жайында ЖӨБ Союзу Жалал-Абад облусунун муниципалитеттеринин тажрыйбасын үйрөнүү үчүн Баткен облусунун айыл өкмөттөрүнө иш сапарын уюштурган. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу, муниципалитеттер аралык кызматташтыкты уюштуруу ыкмалары, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү сапардын негизги темасы болуп калды.

Айыл өкмөттөргө барып, жеринде көрүп, муниципалдык ишканалардын иши менен таанышуу тажрыйба алмашуу сапарынын программасына кирди. Катышуучулар жетишилген жыйынтыктар жөнүндө презентацияларды көрүшүп, андан кийин суроо-жооп түрүндө эркин форматта тажрыйба алмаша алышты. Иш-чарага Баткен облусунун 28 муниципалитетинин башчылары жана адистери катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Баткен облусунан келгендер тажрыйба алмашуу сапары абдан жемиштүү болгонун жана көргөн тажрыйбасын иш жүзүндө колдонууга даяр экенин белгилешти.

Элдин жашоосун оңдоо маселелеринде жергиликтүү бийлик органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кызматташууга абдан кызыкдар болгонун да белгилей кетүү керек. Алсак, Базар-Коргон районундагы тажрыйба алмашуу сапарына райондун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы (акими) Мирлан КАРАГУЛОВ, ал эми Ноокен районундагы иш-чарага аким Таалай ИШЕНБЕКОВ өздөрү катышты.

Ошондой эле Баткен облусу да тажрыйба алмашууга абдан терең кызыгуусун көрсөттү. Муну бир эле факт тастыктап турат: муниципалитеттердин башчылары менен бирге иш-чарага жергиликтүү мамлекеттик бийликтин төрт өкүлү – КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын уюштуруучулук-инспектордук иштер бөлүмүнүн башчысы, Лейлек райондук мамадминистрациясынын аппаратынын жетекчиси, Кадамжай райондук мамадминистрациясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы, Баткен райондук мамадминистрациясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы катышты.

Сапардын соңунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да, муниципалдык жетекчилер да оң пикирлери менен бөлүштү. Мисалы, Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы Асылкан САТТАРОВА: “Мен Баткен облусунун муниципалитеттеринен сапарга катышып жаткандар өздөрүнүн айыл аймактарында ушундай эле иштерди уюштура алат деп ишенем. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ушул сапарды уюштургандыгы үчүн КР ЖӨБ Союзунун жетекчилигине жана жамаатына терең ыраазычылык билдирем. Биз жергиликтүү өз алдынча башкарууну биргеликте өнүктүрүп, элге кызмат кыла беребиз”.

Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүнүн башчысы Эмилбек ЖОРОЕВ буларга токтолду: “Бул сапар практикалык билим алуу жагынан абдан жардам берди: жол-жоболорду үйрөнүп, тарифтер жана полигондун бюджети тууралуу суроолорго жоопторду ала алдык. Биз ошондой эле Сумбула айылында муниципалдык ишкана ачууну да пландап жатабыз”.

Бул тажрыйба алмашуу сапары ЖӨБ органдарынын мамлекеттик жергиликтүү башкаруу органдары менен эриш-аркак иш алып баруусунда муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча мыкты практиканы жайылтуу канчалык маанилүү экенин дагы бир жолу тастыктады. Иш сапардын жыйынтыгы боюнча Баткен облусунун айрым муниципалитеттери калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча алган тажрыйбасын өз ишинде колдоно башташты. Мисалы, Баткен районунун Кыштуу айыл өкмөтүндө “Таян Тазалык” муниципалдык ишканасы (техникалык тейлөө кызматы) ачылып жатат. Ушул эле райондун Самаркандек айыл өкмөтүндө катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу боюнча муниципалдык ишкананы уюштуруу маселеси жергиликтүү кеңештин депутаттарынын кароосуна киргизилди. Элеттик жаштарды спортко тартуу максатында “Орто-сай” участогунда спорт залдын курулушу бүтөйүн деп калды. Кадамжай районунун Орозбеков айыл өкмөтүндө эс алуу зонасын куруу пландалып, ал үчүн 5 гектар жер бөлүндү. Ошондой эле күн прожекторлорун орнотуу менен көчөлөрдү жарыктандыруу да планда бар. Ушул эле райондун Чаувай айыл өкмөтүндө көчөлөрдү жарыктандырууну жана эс алуу зоналарын уюштуруу боюнча иштер жүрүп жатат. Сметалык документтер даярдалып, 0,3 гектар жер аянты бөлүндү.

Базар-Коргон жана Ноокен райондорундагы “Кеңеш-Тазалык” жана “Масы-Тазалык” муниципалдык ишканаларынын иш тажрыйбасы менен таанышып чыккандан кийин Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл өкмөтүндө 2017-жылдан бери иштебей турган “Тазалык” муниципалдык ишканасын 2024-жылы ишке киргизүү пландалууда. Мындан тышкары, жалпы пайдалануудагы жерлерде жарыктандырууну уюштуруу пландалып жатат.

Алга айыл өкмөтү үчүн Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүнүн калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча тажрыйбасы пайдалуу болду. Бүгүнкү күндө Алга айыл өкмөтүнүн аймагында алты скважина казылып, ишке берилип калды. Калк үчүн шарттарды түзүү боюнча башка муниципалитеттердин тажрыйбасы да пайдалуу болду. Мисалы, Алга айылынын борборуна алып баруучу Бостон көчөсүндө электр жарыгы орнотулуп, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол курулган. Жалпы билим берүүчү “Чукур-Кыштак” жана М.ГОРЬКИЙ атындагы №8 мектептерде чакан футбол үчүн талаа даярдалды. Бостон көчөсүнө узундугу 500 метр асфальт төшөлдү.

Жалал-Абад облусунун муниципалитеттеринин мыкты тажрыйбасы Кадамжай районунун Масалиев айыл өкмөтүн да шыктандырып, алар 2024-жылы катуу тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу боюнча муниципалдык ишкана түзмөй болушту. Бул үчүн зарыл болгон сумманы жергиликтүү бюджетке киргизүү жөнүндө жергиликтүү кеңешке тиешелүү сунуш берилди. Коомдук пайдалануудагы жерлерди жарыктандыруу боюнча план түзүлүп жатат.

Окшош материалы: