Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Айыл өкмөт башчысынын өргүүсү жөнүндө

2021-04-30 / Юридикалык кеңеш

СУРОО. Мыйзамдар боюнча айыл өкмөт башчысына канча күн эмгек өргүүсү каралган - 28 күнбү же 30 күнбү? “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38

ЖООП. Ооба, чындыгында эле, “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, кызматчыга жыл сайын ден соолугун чыңдоо үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте жөлөкпул төлөө менен 30 календардык күнгө созулган акы төлөнүүчү өргүү берилет. Бирок бул норма административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген муниципалдык кызматчыларга тиешелүү. 

“Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, ушул Мыйзамдын колдонулушу саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга, башкача айтканда жергиликтүү кеңештин депутаттарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчыларына (шаар мэрлерине жана айыл өкмөт башчыларына) жайылтылбайт.

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 6-беренесине ылайык, айыл өкмөтүнүн башчылары эмгек мыйзамдарына баш ийишет.

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 117-беренесине ылайык, ар жылдык акы төлөнүүчү негизги өргүү кызматкерлерге 28 календардык күнгө берилет.

“Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 2-1-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын стажына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардагы, анын ичинде СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү мөөнөттүү кызматтагы эмгек ишинин, мурдагы СССРдин партиялык, комсомолдук жана мамлекеттик органдарынын аппараттарындагы ишинин, ошондой эле убактылуу болбогон кызматчынын ордун ээлөө боюнча эмгек ишинин убактысы кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 токтомунун 8-пунктунда ушул жарлыктын 4-пунктунда каралган ченемдер муниципалдык кызматтарды  ээлеген адамдарга (башкача айтканда, шаар мэрлерине жана айыл өкмөт башчыларына) жайылтылат. Ошондой эле мамлекеттик жарандык кызматчы жана муниципалдык кызматчы өргүүгө чыкканда ден соолугун чыңдоо үчүн эки айлык эмгек акынын өлчөмүндө жөлөкпул төлөнөрү аныкталды.

Ошентип, бул учурда эч кандай укуктук карама-каршылык жок. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен айыл өкмөт башчыларына жыл сайын 28 календардык күнгө акы төлөнүүчү өргүү каралган, муниципалдык кызматтын эмгек стажына айыл өкмөтүнүн башчысы кызматындагы эмгек ишмердүүлүгү да кирет, ден соолугун чыңдоо үчүн эки айлык эмгек акынын өлчөмүндө жөлөкпул төлөнөт.

 

Окшош материалы: