Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргызстандын жергиликтүү өз алдынча башкаруусундагы аялдардын саясий тагдыры: аялдардын саясий укуктарын илгерилетүү үчүн өнөктүктүн жыйынтыктары тууралуу баштапкы байкоолор

2021-08-09 / Көңүл чордонунда
Кыргызстандын жергиликтүү өз алдынча башкаруусундагы аялдардын саясий тагдыры: аялдардын саясий укуктарын илгерилетүү үчүн өнөктүктүн жыйынтыктары тууралуу баштапкы байкоолор

Надежда ДОБРЕЦОВА, Айнура ДЖУНУШАЛЕВА, АДИЛ уулу Арген. Рецензент: Кайыргуль САДЫБАКАСОВА, гендердик өңүт боюнча эксперт

Өнүктүрүү саясат институту 2021-жылдагы үгүт жана шайлоо өнөктүгүнүн алкагында аялдардын саясий укуктарын илгерилетүүгө көмөктөшкөн жана тоскоол болгон факторлор тууралуу баштапкы байкоолорун жалпылаштырып чыкты. Жигердүү маалыматтык өнөктүк жана жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коюуга ниеттенген аялдар менен иштөө аялдардын саясий жолунда ийгиликтин фактору эмнелер болуп жатканы, ал эми эмнелери тоскоолдук кылаары жөнүндө кызыктуу байкоолорду жана баштапкы тыянактарды чыгарууга мүмкүндүк берди. Ошол эле учурда, ийгиликтин көптөгөн факторлору “таяктын эки учундай” мүнөзгө ээ экендигин белгилей кетүү маанилүү – алар аялга жергиликтүү кеңештин депутаты болууга жардам бергендей эле, тоскоолдук да жаратышы мүмкүн. Ийгилик факторлорунун жана тоскоолдуктардын жыйындысы ар бир жамаат үчүн өзгөчө экендигин, шайлоо кырдаалы түрдүү муниципалитеттерде ар башкача түзүлгөнүн белгилей кетүү маанилүү. Кээ бир жерде аялдар жергиликтүү парламенттерден тынч жана ишенимдүү түрдө орун алышты, ал эми бир жерде кеңешке кирбей калганына нааразы болгон эркектер депутаттык мандатка талапкер аялдарга бир топ иш-аракеттери менен терс мамилесин көрсөтүштү:  шайлоонун жыйынтыктарын сотко берүү ниетинен баштап, түздөн-түз коркутууга жана зомбулук көрсөтүүгө чейин жетти.

Корутундулар жана сунуштар соңку мүнөзгө ээ эмес, аларды шайлоонун тигил же бул жыйынтыктарын түшүндүргөн айрым гипотезалар катары гана караш керек. Бул гипотезаларды тастыктоо же четке кагуу үчүн масштабдуу сандык социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү талап кылынат. Бул изилдөө аялдардын саясий катышуусун коом кандай кабыл алып жатканы, үстөмдүк кылган стереотиптер жана жалган ишенимдер тууралуу толугураак жана терең элес аялдардын саясий катышуусунун натыйжалуу стратегиясын жана тактикасын иштеп чыгуу үчүн керек. Мунун натыйжасында келечекте аялдардын саясий катышуусун колдоого иштиктүү стратегияны жана тактиканы даярдоого мүмкүн болот.

КИРИШ СӨЗ

2021-жылдын 11-апрелинде өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоо биринчи жолу аялдар үчүн жаңы “мүмкүнчүлүктөр коридорун” эсепке алуу менен өткөрүлдү. Ал жергиликтүү кеңештердин курамында бир жыныстагы адамдар үчүн 30% квота коюу жолу менен түзүлгөн. Өнүктүрүү саясат институту (мындан ары – ӨСИ) “Алдыдагы жергиликтүү шайлоодо аялдардын катышуусун жана тартылышын кеңейтүү боюнча маалыматтык өнөктүк өткөрүү” Долбоорунун1 алкагында ири маалыматтык өнөктүктү өткөрдү. Бул өнөктүк маалында ӨСИ түрдүү аспаптардын жана маалымдоо каналдарынын жардамы менен Кыргыз Республикасынын жарым миллионго жакын жаранына жете алды. Мындан тышкары, Өнүктүрүү саясат институту WhatsApp’тагы 19 топ менен тыгыз иштешти, алар өлкө боюнча депутаттыкка талапкер болгон 500дөн ашык аялдык башын бириктиришти. WhatsApp-топтору аял талапкерлердин ортосунда маалымат алмашуу, ыкчам консультация берүү жана эң негизгиси, өз ара колдоо көрсөтүү максатында түзүлгөн. Топтордун иш тажрыйбасы көрсөткөндөй, топтун мүчөлөрүнүн өз ара моралдык колдоосу аларга пайда болгон кыйынчылыктарды жеңүүгө түрткү берди. ӨСИ үчүн топтор аналитикалык мүнөздөгү баалуулукка да ээ болду, себеби бул топтордун ишинин алкагында алынган маалыматтар депутаттыкка талапкер болуп каттоодон өтүп, андан кийин үгүт иштерине катышкан аялдардын өздөрүнөн түздөн-түз алынып турган.

Жигердүү маалыматтык өнөктүк жана жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлигин коюуга ниеттенген аялдар менен иштөө ӨСИге аялдардын саясий өсүшүндө эмнелер ийгиликтин фактору болуп, ал эми эмнелер тоскоол болуп жаткандыгына кызыктуу байкоолорду жүргүзүп, баштапкы тыянактарды чыгарууга мүмкүнчүлүк берди. Ийгилик факторлорунун баштапкы топтому төмөнкүчө болду:

  • аялдын жаш курагы анын жергиликтүү шайлоого катышуусуна тоскоол болбойт;
  • шайлоодогу жеңиш үгүт өнөктүгү маалындагы жигердүүлүк менен гана эмес, буга чейин көрсөтүлгөн лидерлик сапаттар менен, талапкердин өз жамаатынын өнүгүшүнө кошкон салымы менен камсыздалат;
  • аялдарды коррупцияга азыраак шектешет;
  • көпчүлүк адамдар аялдар үгүт өнөктүгүндө эркектерге караганда көбүрөөк жүйөлүү убадаларды беришет деп эсептешет;
  • аял талапкер үчүн үй-бүлөнүн (жолдошунун, балдарынын жана жакын туугандарынын) колдоосу өтө маанилүү.

Ошол эле учурда ийгиликтин көптөгөн факторлору кош мүнөздө экендигин белгилей кетүү маанилүү – алар аялга жергиликтүү кеңештин депутаты болууга жардам бергендей эле, ошол эле маалда тоскоол да болот. Мисалы, аялдар коррупцияга азыраак шектелип, жакшы депутат болуп эсептелет, себеби аялдардын акчасы эркектерге караганда азыраак. “Тыйындын экинчи тарабы” – аялдарда үгүт өнөктүгүн жүргүзүү үчүн финансылык мүмкүнчүлүктөрү аз. Позитивдүү пикир: аялдар өз программаларында жетүүгө мүмкүн болгон жыйынтыктарды сунуш кылышат жана куру убадаларды азыраак беришет. Бирок ушул эле фактор аялга каршы иштеши мүмкүн: гендердик стереотиптерден улам көпчүлүк муну аялдын алсыздыгы, жамааттын бардык көйгөйлөрүн бир заматта чечүүгө жөндөмсүздүгү катары эсептешет. Тоскоолдуктар  бир жактуу мүнөзгө ээ жана алардын болжолдуу тизмеси төмөнкүчө түзүлгөн:

  • коом жергиликтүү саясаттагы аялдардын ролун четке кагып келет, гендердик стереотиптердин кысымы дагы деле болсо байкалууда, бирок аял-депутаттарга шайлоочулардын колдоосун азайткан жок;
  • аялдардын шайлоого катышуу үчүн финансылык мүмкүнчүлүктөрү азыраак;
  • аялдарга кантип депутат болуп (үгүт өнөктүгү), депутаттык ишти кантип аткарышы керектиги жөнүндө билим жетишсиз болууда;
  • аялдарга караганда эркектерде шайлоочулар менен бейформалдуу баарлашуу, бош убактысын өткөрүү мүмкүнчүлүгү көбүрөөк, аларга коомдук мейкиндиктер жеткиликтүү, бул болсо эркектерге шайлоочуларды тартып, аларды ынандырууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк берет;
  • аялдардын шайлоо өнөктүгүнө жана жалпысынан саясий багытта иш алып барууга убактысы аз, анткени эркектерге караганда төлөнбөгөн үй жумуштарына көбүрөөк убакыт коротушу керек (Улуттук статистика комитетинин убакыттын бюджети тууралуу байкоосуна караганда).

Тоскоолдуктар бир жактуу жана айкын мүнөзгө, ал эми ийгиликтин факторлору эки ача мүнөзгө ээ болгону гендердик жагынан алып караганда шайлоонун позитивдүү жыйынтыктары туруктуу болбогонунан кабар берет. Ийгилик факторлору тоскоолдуктардай эле айкын болоору келечекте кандай күч-аракеттер көрүлө тургандыгынан көз каранды болот.

Ийгилик факторлорунун жана тоскоолдуктардын жыйындысы ар бир жамаат үчүн уникалдуу болгонун, шайлоо кырдаалы түрдүү муниципалитеттерде ар башкача түзүлгөнүн белгилей кетүү маанилүү. Кээ бир жерде аялдар жергиликтүү парламенттерден тынч жана ишенимдүү түрдө орун алышты, ал эми бир жерде кеңешке кирбей калганына нааразы болгон эркектер депутаттык мандатка талапкер аялдарга бир топ иш-аракеттери менен терс мамилесин көрсөтүштү:  шайлоонун жыйынтыктарын сотко берүү ниетинен баштап, түздөн-түз коркутууга жана зомбулук көрсөтүүгө чейин жетти. Өлкөдө аялдардын саясий жигердүүлүгүн бир калыпта кеңейтүүгө тоскоол болгон жалгыз фактор – аялдардын шайлоо процесси жана анын чоо-жайы жөнүндө билиминин жоктугу, жергиликтүү кеңештин депутатынын ролу, ыйгарым укуктары жана милдеттери боюнча жалпы компетенттүүлүктүн жетишсиздиги.

Бул жерде келтирилген божомолдорду жасоого жол берген маалыматтар шайлоо алдындагы мезгилде маалыматтык жолугушууларга катышкан жигердүү аялдар аркылуу топтолуп, андан кийин аймактар боюнча WhatsApp-топторуна бириктирилди. Жалпысынан топторго 556 катышуучу катталды, алардын ичинен болжол менен 15% же 80ден ашык адам жыйынтыктарды талкуулоого катышты. ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталы (www.myktyaimak. gov.kg) аркылуу 150 аял талапкер үчүн онлайн консультация маалыматтарды алуу үчүн дагы бир маанилүү булак болуп калды. Бул консультацияны ӨСИ “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында өткөргөн. Долбоорду Швейцариянын Өкмөтү каржылап, ӨСИ ишке ашырып келүүдө.

Өнүктүрүү саясат институту мындай изилдөөгө, ошондой эле аялдардын саясий катышуусун кеңейтүү боюнча келечектеги өнөктүктөргө катышуу ниетин билдирип, бардык кызыкдар тараптарды кызматташууга чакырат. Бардык суроолор боюнча office@dpi.kg электрондук дарегине кат жазууңузду өтүнөбүз.

Нурия МУКАМБЕТОВА, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылдык аймагы: “Саясат – эркектер гана үстөмдүк кылган мейкиндик деген түшүнүк дагы деле жашап келе жатат. Ошондуктан, көпчүлүк аялдар бийликке умтулушпайт (айрымдары жамааттын көйгөйлөрүн эркектер жакшыраак чечет деп ойлошот, башкаларына болсо күйөөлөрү уруксат бербейт, үчүнчүлөрү жамааттын иштерине катышуу өтө эле көп убакытты талап кылат деп ойлошот). 
Туугандарым мени колдошту, бирок башка талапкерлерди колдогондой болгон жок: алар шайлоочуларды ташып келишкен жок, шайлоо күнү үгүт иштерин активдүү жүргүзүшкөн жок, УШКнын кире беришинде туруп, келгендерден добушун берип коюуну суранышкан жок. Бул алар тараптан туура болду. Ушундай мыйзам бузуулардын бардыгын токтотуш керек деп эсептейм. Натыйжада, татыктуу депутаттар эмес, командасы жигердүү иштеп бергендер (шайлоочуларды ташып келип, убада берип, дасторкон жайгандар ж.б.) шайлоодон өтүп кетүүдө. 
Мен депутат болдум, бирок жогорудагы мыйзам бузуулардан улам утулуп калышым мүмкүн эле. Мага билим жетишпей турду. Каттоо учурунда бардык ишти болжолдоп, ички туюмума таянып жасадым, менде бир нече материалдар болсо дагы, баары бир жетиштүү билим жана көндүм жетпей жатканын сезип турдум. Талапкерлерге өзүн көрсөтүүдөн мурун бардык жол-жоболор менен таанышып алгыла деп кеңеш берем.
Үгүт иштерин жүргүзүү жагынан алып караганда шайлоочулар менен жолугушуулар баарынан жакшы “иштейт” экен деп калдым. Материалдардын ичинен программаны гана колдондум, шайлоочулар менен жолугушууларда ал ар дайым жанымда болду. 
Албетте, мен ийгиликтүү депутат болгум келет. Бул үчүн шайлоочуларым менен болушунча тез-тез жолугуп, алардын көйгөйлөрүн билип, жамааттын көйгөйлөрүн чечүү үчүн бардык тажрыйбамды жана билимимди жумшаганга аракет кылышым керек деп ойлойм”.

ИЙГИЛИКТИН ФАКТОРЛОРУ: ЭКИ АЧА ЧЕЧМЕЛЕНИШИ

Аялдын жаш курагы анын жергиликтүү шайлоого катышуусуна тоскоол болбойт

Шайлоо алдында аялдын жаш курагы анын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышууга болгон саясий укугун колдонууда чоң тоскоолдук болуп калышы мүмкүн деген пикир басымдуулук кылган. Бирок иш жүзүндө, көпчүлүк учурларда жергиликтүү кеңештин депутаттыгына аял канча жашында талапкер болуп жаткандыгы маанисиз болуп чыкты. Кыз-келиндерге жаш курагы кеңештин курамына киришине тоскоолдук кылбаган учурлар болду. Мисалы, ӨСИ 28 жашка толо элек бери дегенде 10 аял шайлоо өнөктүгүн ийгиликтүү жүргүзгөндүгүн көрдү. Шайлоодо улгайган курактагы аялдар жеңишке жетишкен мисалдар андан да көп, бул таң калыштуу деле эмес, анткени көптөгөн жамааттарда кары адамдарды сыйлашат,  ал эми депутат болуп калган улгайган аялдар, эреже катары, өз айылдарында жигердүү турмуштук позициясы менен белгилүү болуп калышкан, жергиликтүү кеңештин депутаты катары иш тажрыйбасы болгондор да аз эмес. Натыйжада, аялдын жашына караганда анын коомдук жигердүүлүгү, кесипкөй сапаттары, саясий дарамети аялдардын шайлоого катышуусунун жыйынтыктарына көбүрөөк таасир этет деп божомолдоого болот.

Бирок эч бир жаш курагы шайлоодо жеңишке жетүүгө кепилдик болуп бербейт же стереотиптерден коргобойт. Айталы, келинге ал али өтө эле жаш жана тажрыйбасыз болгонун, анын милдети балдарын өстүрүп-чоңойтуу экенин, ал эми улгайган аялга алдан тайып калганын, андан көрө неберелерин бакса туура болоорун айтышы мүмкүн. Ошентип, аялдар жынысы жана курагы боюнча эки басмырлоого дуушар болушат, бирок гендердик теңчиликке берилген кепилдиктер өмүр бою сакталышы керек.

Айнагүл ЫРЫСБАЕВА (https://youtu.be/uPoLF6b4va8): “Мен дээрлик 40 жыл мектепте мугалим болуп иштедим, азыр пенсиядамын. Айылдын өнүгүшүнө салым кошо алаарымды түшүнүп, айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлигимди көрсөттүм. Эң башкы максатым – бюджеттин туура бөлүштүрүлүшүнө көмөктөшүү. Эркек депутаттар менен аял депутаттардын ортосунда ар дайым көп талаш-тартыштар болуп келет. Эркек депутаттар социалдык көйгөйлөргө “алагды” болгусу келбейт, аялдардын муктаждыктарын байкашпайт. Аялдар өз укуктарын коргошу керек, мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруунун жолун табууга тийиш. Тилекке каршы, Кыргызстандын элет жергелеринде жашагандардын менталитетинде көптөгөн стереотиптер бар. “Карыганда үйдө эле отурбайсызбы, эмне жасай алмак элеңиз” деген сыяктуу сөздөрдү уккан күндөрүм болду. Бирок мен мындай пикирлерди кулагымдын сыртында калтырууга аракет кылам, эмне кыла алаарымды жана эмне кылып жаткандыгымды билемин”.
СУНУШ
Жергиликтүү деңгээлде чечимдерди кабыл алууга катышуусун кеңейтүүнү көздөгөн аялдар жаш курагына карабастан ар тараптуу колдоого муктаж. Ошондуктан, келечектеги колдоо чарасы катары тренингдерге, мектептерге, семинарларга, маалымат жолугушууларына жана башка ушул сыяктуу иш-чараларга катышуу үчүн жаш куракка чектөө киргизбөө сунушталат. Аялдарга карата басмырлоонун көп кырдуу мүнөзүнүн эске алынышын камсыз кылып, аялдардын жашоо цикли учурунда мыйзамдардын алкагында жана аны ишке ашыруунун жүрүшүндө, анын ичинде ар кандай курактагы аялдарды билим берүүчү, маалымдоочу иш-чараларга тартуу аркылуу гендердик теңчилик принцибинин колдонулушун камсыз кылуу зарыл.

Шайлоодогу жеңиш үгүт өнөктүгү маалындагы активдүүлүк менен гана эмес, буга чейин билинген лидерлик сапаттар менен, шайлоолорго карабастан, жамааттын өнүгүшүнө кошкон салымы жана бул салым жөнүндө коомчулуктун маалымдуулугу менен камсыздалат.

Жогоруда айтылгандай, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер аялдын жаш курагы анын шайлоо процессинде артыкчылыгы же коркунучу болуп калбайт, басмырлоого жаштар да, улгайган аялдар да кабылат. Аялдын жамаатты өнүктүрүүгө кошкон салымы, анын буга чейинки жарандык активдүүлүк тажрыйбасы, жамаатты өнүктүрүүдө иш жүзүндө жетишкен жыйынтыктары жана ишке ашырылган долбоорлор баарынан маанилүү болуп чыга келет. Шайлоо өнөктүгү өтүп-өтпөгөнүнө карабастан, аялдардын айылдын, жамааттын өнүгүүсүнө кошкон салымы, айыл тургундары дуушар болгон көйгөйлөрдү чечүүдө жигердүүлүгү позитивдүү үгүт өнөктүгүн уюштурууда артыкчылык болуп берет. Ал тургай, кээде негизги иш жеринде, мисалы, мектеп мугалими катары иш ордунда лидерлик сапаттарын, эрктүүлүүгүн көрсөтүү да жетиштүү болуп калат.

Лаззат ТАБАЛДЫ кызы Сары-Коо айылдык аймагынын Жекен айылында жашайт, көптөн бери мектепте иштеп, билим берүү тармагына кошкон салымы менен белгилүү: “Мен өзүм үчүн жигердүү түрдө үгүт жүргүзгөн жокмун, бирок өз талапкерлигимди сунуштадым жана маалыматты тараттым. Ошентип эл өзү эле мен үчүн добушун берди. Үй-бүлөмдүн, мугалимдер жамаатынын жана көптөгөн айылдаштарымдын колдоосу мага ишеним берди”.
СУНУШ
Шайлоого катышууга даярдыктар үгүт өнөктүгү расмий башталганга чейин бир-эки ай мурун эмес, кеминде бир же эки жыл мурун башталышы керек. Бул убакыт аялдын жамааттын ишенимине ээ болуп, жамааттын жашоосун оңдоого салым кошуп, өзгөрүүлөргө жетише алган адам катары кадыр-баркка ээ болушу үчүн керек. Дал ушул белгилүүлүк, кадыр-барк жана аброй бар болсо, алар аялга шайлоо өнөктүгүндө жардам берет, көпчүлүк учурда жаш курагы да, материалдык абалы да, ал тургай “келин” статусу да кеңешке өтүүгө тоскоолдук болбойт.
42 жаштагы Элеонора СЫЙДАНОВА 2016-жылдан бери Беловодск айылдык кеңешинин депутаты катары өз жамаатына жардам берип келатат. Элеонора айылдын турмушуна жигердүү катышып, жергиликтүү эл менен тыгыз иштешүүнүн натыйжасында депутат болду: “Айылдыктар өздөрү мага депутат болууну сунуштап, менин талапкерлигимди сунуштап, колдоо көрсөтүүгө убада беришти. Шайлоого барганда, бул колдоону чындап сездим. Шайлоого бир нече аял талапкер катышты, бирок кеңештин курамына мен гана кирдим – 2016-жылдын чакырылышында 31 депутаттын курамында мен жалгыз аял болдум”.

Аялдар коррупциянын деңгээлин азайтууга көмөктөшөт

Депутаттыкка талапкер аялдардын өздөрүнүн ою боюнча, эркектерге караганда аялдардын дарегине коррупция боюнча айыптоолор алда канча аз айтылат. Биринчиден, эркектерге караганда аялдардын бийликке жеткиликтүүлүгү чектелүү, мындан улам коррупциялык иш-аракеттер үчүн мүмкүнчүлүктөрү да азыраак. Бирок андан да маанилүүсү, жарандар аялдар бийликке жеткенден кийин коррупциялык иш-аракеттерге көп аралашпайт деп ишенишет. Мунун себебин сураганда, маектештердин бири (айыл өкмөт башчысы) мындай үмүттүн эки себебин көрүп жатканын айтты: “Биринчиден, аялдар балдарга шарт түзүүгө бюджеттик каражатты көбүрөөк бөлүп берүүгө аракеттенишет, ал эми балдар болгон жерде уурулук да аз болот, экинчиден, аялдар бири-бирине абдан көз салып турушат жана аял кесиптештеринин начар жүрүм-турумуна жол беришпейт, башкача айтканда, аялдардын ортосунда туура эмес кадамдарды колдогон мамиле азыраак кездешет”. Мындай пикирге кошулбаса да болот, бирок эл аралык изилдөөлөр да ушул өңдүү тыянактарды чыгарган. Айрыкча, аялдар бюджетке социалдык мүнөз берип, каражатты биринчи кезекте балдардын муктаждыктарына, билим алуусуна бөлүүнү артык көргөндүгүнө байланыштуу ушундай көрүнүш жаралат экен. 

Материалды толук окуу...

 

_____________________ 

1 Кыргызстандагы шайлоону колдоо программасынын гранты, бул программаны Кыргыз Республикасындагы БУУӨП ишке ашырып, Швейцария Өкмөтү каржылайт.

Окшош материалы: