Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кеңештин депутатынын мандатын негизги иш менен айкалыштыруу жөнүндө

2021-08-09 / Юридикалык кеңеш

ЖӨБ органдарына кеп-кеңештерди КР ЖӨБ Союзунун адистери Данияр АЙТБАЕВ (жооптор) жана Венера БОЛТОБАЕВА (консультациялар) беришти.

СУРОО. Айыл өкмөтүнүн башчысы жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коюп, депутат болуп шайланды. Эми айыл өкмөт башчы кызмат ордун бошотуу боюнча арыз жазышы керекпи? 

ЖООП. Шайлоонун жыйынтыктары аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталып, ал чечим БШК тарабынан бекитилип, жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий жарыялоо болгондон кийин, шайланган жаран 3 күндүн ичинде кайсыл кызматта иштээрин тандашы керек болот.  Эгерде шайланган жаран депутаттык кызматты тандаса, анда ал жаран “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, акимдин атына “башка ишке өткөндүгүмө байланыштуу айыл өкмөт башчысы кызмат ордунан өз каалоомдун негизинде бошотууну суранам” деп арыз жазышы керек.

СУРОО. Айылдык кенештин депутаты муниципалдык тазалык ишканасында бухгалтер болуп иштегенге мыйзам жол береби?

ЖООП. Бухгалтердин кызмат орду техникалык тейлөөчү кызматкерлердин катарына киргендиктен, алар муниципалдык кызматкер болуп эсептелишпейт. Ошондуктан, жергиликтүү кеңештин депутаты болгон учурда деле өзүнүн ыйгарым укуктарын өндүрүштүк же кызматтык ишинен кол үзбөстөн жүзөгө ашыра алат.

Окшош материалы: