Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

9 (155) 11 Сентябрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Айыл өкмөтү эмгек келишими менен (штаттык ырааттаманын тышында) ишке алган адамга акысы төлөнгөн эмгек өргүүсүн берүүнүн тартиби

2021-08-09 / Юридикалык кеңеш

ЖӨБ органдарына кеп-кеңештерди КР ЖӨБ Союзунун адистери Данияр АЙТБАЕВ (жооптор) жана Венера БОЛТОБАЕВА (консультациялар) беришти.

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин (мындан ары – Эмгек кодекси) 4- жана 8-беренелерине ылайык, айыл өкмөтү ишке алган (штаттык ырааттаманын тышында) адамдар менен эмгек мамилелери эмгек келишиминин негизинде түзүлүшү керек. Ошол эле учурда эмгек келишимдери эмгек мыйзамдарында белгиленген кызматкерлердин укуктарынын жана кепилдиктеринин деңгээлин төмөндөтүүчү шарттарды камтый албайт. Эгерде мындай шарттар эмгек келишимине киргизилсе, алар колдонулбайт.

КР Эмгек кодексинин 55-беренесине ылайык, тараптардын макулдашуусу боюнча, кызматкер менен жумуш берүүчүнүн ортосунда эмгек келишими белгисиз мөөнөткө да, белгилүү бир мөөнөткө да түзүлүшү мүмкүн.

КР Эмгек кодексинин 117-беренесине ылайык, ар жылдык акы төлөнүүчү негизги өргүү кызматкерлерге 28 календардык күнгө берилет.

Эмгек кодексинин 126-беренеси акы төлөнүүчү жыл сайын берилчү эмгек өргүүсүнүн тартибин аныктайт, ага ылайык, “акы төлөнүүчү өргүү жыл сайын берилүүгө тийиш”. 

Иштей баштаган биринчи жылда өргүүнү пайдалануу укугу кызматкерде ошол уюмда үзгүлтүксүз иштегенине 11 ай толгондо келип чыгат. Тараптардын макулдугу боюнча кызматкерге өргүү 11 ай өткөнгө чейин да берилиши мүмкүн. Ошондой эле үзгүлтүксүз иштегенине 11 ай толгонго чейин акы төлөнүүчү өргүү кызматкердин арызы боюнча төмөнкүдөй берилүүгө тийиш:

  • 1) аялдарга - кош бойлуулук жана төрөтү боюнча өргүүгө чыгардын алдында же түздөн-түз андан кийин;
  • 2) 18 жашка чейинки кызматкерлерге;
  • 3) айкалыштырып иштегендерге, эгерде негизги жумуш орду боюнча эмгек өргүүсү айкалыштырып иштегенине 11 ай толгонго чейинки мезгилге туура келсе;
  • 4) 3 айга чейинки жаштагы баланы (балдарды) багып алган кызматкерлерге;
  • 5) мыйзамдарда каралган башка учурларда.

Иштеп жаткан экинчи жана андан кийинки жылдары үчүн өргүү ошол уюмда белгиленген акы төлөнүүчү ар жылдык өргүүлөрдү берүүнүн кезегине ылайык иш жылынын кандай убагында болбосун берилиши мүмкүн.

Акы төлөнгөн эмгек өргүүсү берилген учурларды кошпогондо (аялдар үчүн – кош бойлуулук жана төрөтү боюнча өргүүгө чыгардын алдында же түздөн-түз андан кийин, ошондой эле айкалыштырып иштегендерге, эгерде негизги жумуш орду боюнча эмгек өргүүсү айкалыштырып иштегенине 11 ай толгонго чейинки мезгилге туура келсе) өргүүнү иш жылынын иштелген бөлүгүнө пропорциялуу, бирок 14 календардык күндөн кем эмес берүүгө уруксат берилет.

Эгерде жамааттык же эмгек келишиминде башкача каралбаса, негизги өргүүнү биринчи иш жылында 11 ай өткөнгө чейин аванс менен алууга укугу бар кызматкерге иш жылынын иштелген бөлүгүнө пропорциялуу берилет.

Эгер кызматкер бир айдан кем эмес иштеген учурда, анын пайдаланылбаган эмгек өргүүсүн компенсациялоо укугу пайда болот”.

Эмгек кодексинин 135-беренеси эмгек өргүүсүнүн узактыгын иштеген убакытка пропорциялуу эсептөөнүн тартибин аныктайт. Бул ченемге ылайык, эмгек өргүүсүнүн узактыгын иш жылындагы иштеген убакытка пропорциялуу эсептөө бир айга туура келүүчү өргүүнүн өлчөмүн иш жылындагы иштелген айлардын санына көбөйтүү жолу менен жүргүзүлөт.

Иштеген убакытка пропорциялуу үлүштө өргүү күндөрүнүн жалпы узактыгы 0,5ке барабар болот жана андан ашыгы 1 күнгө чейин тегеректелет, ал эми 0,5тен азы эсептен чыгарылат.

Иш жылындагы иштелген толук айлардын эсеби төмөнкүдөй чыгарылат:

  • 1) иш жылына киргизилген күндөр эсептелинет;
  • 2) алынган сумма бир жылдагы жумуш күндөрүнүн айлык орточо санына бөлүнөт;
  • 3) 13 жана андан ашык жумуш күнүнө барабар калдык күндөр толук айга чейин тегеректелет, ал эми 13 жумуш күнүнөн аз калдык күндөр эсептен чыгарылат.