Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Айыл чарба багытындагы жерлердин мамлекеттик фондуна (мындан ары – АЖМФ) тиешелүү жерлер үчүн ижара акыны ЖӨБ органдары тарабынан аныктоонун тартиби

2021-08-09 / Юридикалык кеңеш
Айыл чарба багытындагы жерлердин мамлекеттик фондуна (мындан ары – АЖМФ) тиешелүү жерлер үчүн ижара акыны ЖӨБ органдары тарабынан аныктоонун тартиби

ЖӨБ органдарына кеп-кеңештерди КР ЖӨБ Союзунун адистери Данияр АЙТБАЕВ (жооптор) жана Венера БОЛТОБАЕВА (консультациялар) беришти.

АЖМФ жерлерин ижарага берүүнүн тартибин жана шарттарын (анын ичинде ижара акысын аныктоо тартибин) КР Жер кодекси, КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен бекитилген АЖМФ жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө Типтүү жобо менен жөнгө салынат.

АЖМФ жерлерин ижарага берүү айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан жана айылдык кеңеш бекиткен АЖМФ жерлерин пайдалануунун келечек планынын негизинде жүргүзүлүшү керек.

1. АЖМФ жерлерин аукцион1 өткөрүү аркылуу ижарага берүүдө ижара акысын аныктоо боюнча ЖӨБ органдарынын иш-аракеттеринин алгоритми

1-кадам. АЖМФ жерлерин ижарага берүү максатында айыл өкмөтү 7 кишиден кем эмес Жер комиссиясын түзөт, анын курамына төмөнкүлөр кирет:

  • жергиликтүү кеңештин үчтөн кем эмес депутаты (ушул депутаттардын ичинен комиссиянын төрагасы шайланат)
  • райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү,
  • айыл өкмөт башчысы (кызматы боюнча),
  • башка мүчөлөр (айыл башчылары, коомчулуктун жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү).

Жер комиссиясынын курамы жана иш регламенти жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.

Жогоруда айтылган Типтүү жобонун ченемдерине ылайык, бул Жер комиссиясы:

  • лотторду түзөт (аукционго коюлган жер участоктору) жана алардын чек араларын аныктайт;
  • жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча ар бир лот боюнча баштапкы ижара акысынын өлчөмүн белгилейт (ошону менен бирге баштапкы ижара акысынын өлчөмү жер салыгынын өлчөмүнөн бери дегенде 20 пайыздан жогору болушу керек);
  • ар бир лот боюнча аукциондун «арымынын» өлчөмүн белгилейт (баштапкы ижара акысынан 10 пайыздан 20 пайызга чейинки өлчөмдө);
  • жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча ижара акысын төлөөнүн түрүн жана мөөнөттөрүн аныктайт;
  • тооруктардын жыйынтыгынын протоколуна кол коёт;
  • ушул Типтүү жободо белгиленген башка функцияларды жүзөгө ашырат.

2-кадам. Аукционду уюштуруу жана өткөрүү боюнча айыл өкмөтү жана Жер комиссиясы даярдык иштерин жүргүзүшөт (аукцион жөнүндө кулактандыруу жайгаштырылат, аукционго катышуу тууралуу талапкерлердин арыздары катталат, талапкерлерди аукционго киргизишет (керектүү документтердин пакетинин толуктугу, кепилдик төгүмү түшкөнү ж.б. текшерилет).

3-кадам. Аукцион Типтүү жободо белгиленген тартипте өткөрүлөт, аукциондун жыйынтыгы боюнча ижара акысынын эң көп суммасын сунуш кылган жеңүүчү аныкталат.

4-кадам. Аукциондун жеңүүчүсү аукцион өткөрүлгөн күнү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюуга тийиш. Протоколго ошондой эле аукционду алып баруучу, Жер комиссиясынын мүчөлөрү кол коюшат.

5-кадам. Протоколдун негизинде аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койгондон тартып 10 иш күндүн ичинде айыл өкмөтү менен ижарачы-аукциондун жеңүүчүсүнүн ортосунда жер участкасын ижаралоо келишими түзүлөт (келишимде аукциондун жеңүүчүсү сунуш кылган ижара акысынын өлчөмү көрсөтүлөт). Ижара келишими олуттуу шарттарды камтышы керек, анын ичинде ижара төлөмдөрүн төлөө мөөнөтү, буудайдын азык-түлүк данын өстүрүү үчүн жердин үчтөн бир бөлүгүн пайдалануу жөнүндө милдеттенме, ошондой эле ижара акысын индексациялоо шарттары жана жылдык жер салыгынын өлчөмү каралууга тийиш, эгерде булар өзгөрүлсө келишимди кайра карап чыгуу шарты камтылышы керек).

6-кадам. Айыл өкмөтү жер участогуна укук берүү жөнүндө документтердин көчүрмөсүн кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик органга жөнөтөт (КР Жер кодексинин 31-беренесинин талаптары).

2. АЖМФ жерлерин конкурс2 аркылуу ижарага берүүдө ижара акысын аныктоо боюнча ЖӨБ органдарынын иш-аракеттеринин алгоритми

1-кадам. АЖМФ жерлерин ижарага берүү максатында айыл өкмөтү 7 кишиден кем эмес Жер комиссиясын түзөт, анын курамына төмөнкүлөр кирет:

  • жергиликтүү кеңештин үчтөн кем эмес депутаты (ушул депутаттардын ичинен комиссиянын төрагасы шайланат)
  • райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү, 
  • айыл өкмөт башчысы (кызматы боюнча),
  • башка мүчөлөр (айыл башчылары, коомчулуктун жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү).

Жер комиссиясынын курамы жана иш регламенти жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.

Жогоруда айтылган Типтүү жобонун ченемдерине ылайык, бул Жер комиссиясы:

  • лотторду түзөт (конкурска коюлган жер участоктору) жана алардын чек араларын аныктайт;
  • конкурстун шарттарын аныктайт (анын ичинде ижара акысынын өлчөмүн);
  • жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча ижара акысынын баштапкы же белгиленген өлчөмүн белгилейт. Ошол эле учурда ижарачыга берилген АЖМФ жерине жараша, Жер комиссиясы төмөнкү жолдор менен конкурсту өткөрө алат,
  • ижара акысынын өлчөмүн конкурстун шарттарынын бири катары белгилөө (баштапкы ижара акысы аныкталат, ижара акысынын өлчөмү жана формасы, ижара акысын төлөө шарттары боюнча мыкты шарттарды сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп табылат); же
  • конкурстун шарттарынын бири катары ижара акысынын өлчөмүн белгилебей коё алат (ижара акысы фиксацияланган болот, жер участогун жакшыртуу боюнча мыкты инвестициялык милдеттенмелерди сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп табылат). Ошол эле учурда баштапкы ижара акысынын өлчөмү тиешелүү жер үчүн жер салыгы өлчөмүнөн төмөн болушу мүмкүн эмес,
  • жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча ар бир лот боюнча баштапкы ижара акысынын өлчөмүн аныктайт;
  • жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча ижара акысын төлөөнүн түрүн жана мөөнөттөрүн аныктайт;
  • конкурстун жыйынтыгынын протоколуна кол коёт;
  • ушул Типтүү жободо белгиленген башка функцияларды жүзөгө ашырат.

2-кадам. Конкурсту уюштуруу жана өткөрүү боюнча айыл өкмөтү жана Жер комиссиясы даярдык иштерин жүргүзүшөт (конкурс жөнүндө кулактандыруу жайгаштырылат, конкурска катышуу тууралуу талапкерлердин арыздары катталат ж.б.).

3-кадам. Конкурс Жер комиссиясы тарабынан Типтүү жободо белгиленген тартипте өткөрүлөт. Конкурстук табыштамаларды ачуунун жыйынтыгы боюнча Жер комиссиясынын пикири боюнча мыкты шарттарды сунуш кылган жеңүүчү аныкталат.

4-кадам. Конкурстун жыйынтыгы боюнча Жер комиссиясы конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протокол түзүп, ага конкурстун жеңүүчүсү жана Жер комиссиясынын мүчөлөрү кол коюшат.

5-кадам. Протоколдун негизинде конкурсту жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койгондон тартып 10 иш күндүн ичинде айыл өкмөтү менен ижарачы-конкурстун жеңүүчүсүнүн ортосунда жер участкасын ижаралоо келишими түзүлөт (келишимде аукциондун жеңүүчүсү сунуш кылган ижара акысынын өлчөмү көрсөтүлөт). Ижара келишими олуттуу шарттарды камтышы керек, анын ичинде ижара төлөмдөрүн төлөө мөөнөтү, буудайдын азык-түлүк данын өстүрүү үчүн жердин үчтөн бир бөлүгүн пайдалануу жөнүндө милдеттенме, ошондой эле ижара акысын индексациялоо шарттары жана жылдык жер салыгынын өлчөмү каралууга тийиш, эгерде булар өзгөрүлсө келишимди кайра карап чыгуу шарты камтылышы керек).

6-кадам. Айыл өкмөтү жер участогуна укук берүү жөнүндө документтердин көчүрмөсүн кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик органга жөнөтөт (КР Жер кодексинин 31-беренесинин талаптары).

3. АЖМФ жерлерин түз берүү3 аркылуу ижарага берүүдө ижара акысын аныктоо боюнча ЖӨБ органдарынын иш-аракеттеринин алгоритми

3.1. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга4, ошондой эле социалдык багыттагы субъектилерге5 жер берүүдө ЖӨБ органдарынын иш-аракеттеринин алгоритми:

1-кадам. Жергиликтүү кеңеш АЖМФ жерлерин пайдалануунун келечек планын бекитүүдө, ушул категориядагы жерди пайдалануучулардын муктаждыктарын изилдөөнүн негизинде экономикалык жактан жагымдуу жерлердин зонасынан жер участокторун бөлүп берүүгө укуктуу. Мында түз берүү жолу менен ушул жергиликтүү кеңештин аймагында жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга, социалдык багыттагы субъектилерге берилиши мүмкүн болгон АЖМФ жерлеринин жалпы көлөмүнүн 20% ашпаган жалпы аянты бөлүнөт.

2-кадам. Айыл өкмөтү АЖМФ жерлерин ижарага берүү жөнүндө социалдык багыттагы субъектилерден, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн жана жарандардан түшкөн арыздарды кабыл алат жана каттайт.

3-кадам. Жерди пайдалануучулардын ушул категорияларынан келип түшкөн арыздарды Жер комиссиясы карайт жана АЖМФ жерлери ижарага бериле турган социалдык багыттагы субъектилердин, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана жарандардын Тизмесин түзөт.

4-кадам. Айыл өкмөтү менен социалдык багыттагы субъектилердин, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана жарандардын Тизмесине киргизилген адамдардын ортосунда АЖМФ жерлерин ижарага берүү келишими түзүлөт. АЖМФ жерлерин социалдык багыттагы субъектилерге, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга берүүдө ижара акысын Жер комиссиясы түзөт, муну жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча жер салыгынын өлчөмүндө аныктайт, ал эми ижара мөөнөтү 5 жылдан ашпашы керек.

5-кадам. Айыл өкмөтү бул субъектилерге жер участогуна укук берүү жөнүндө документтердин көчүрмөсүн кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик органга жөнөтөт жана бул документтерди тапшыруу үчүн жоопкерчилик алат (КР Жер кодексинин 31-беренесинин талаптары).

3.2. АЖМФ жерлерин үрөнчүлүк, асыл-тукум, эксперименттик, тажрыйба-селекциялык чарбаларга, илимий-изилдөө мекемелерине, сорт сыноо станцияларына жана участокторуна, айыл чарба кооперативдерине берүүдө ЖӨБ органдарынын иш-аракеттеринин алгоритми

1-кадам. Жогоруда аталган субъектилердин муктаждыктарын изилдөөнүн негизинде, АЖМФ жерлерин пайдалануунун келечек планын бекитүүдө, жергиликтүү кеңеш бул адамдарга берүү үчүн АЖМФтин жер-пландаштыруу зоналарынан сугат жерлерин 20 жылга чейин бөлүп бериши керек. Ошол эле учурда, аталган жактарга жерди ижарага берүүнүн башка шарттарын (анын ичинде эң жогорку ижара акысынын өлчөмүн) жергиликтүү кеңештер белгилейт.

2-кадам. Айыл өкмөтү үрөнчүлүк, асыл-тукум, эксперименттик, тажрыйба-селекциялык чарбаларга, сорт сыноо станцияларына жана участокторуна, айыл чарба кооперативдерине түз берүү үчүн Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери бар экендиги жөнүндө райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына (мындан ары – РАӨБ) билдирүү жиберет.

3-кадам. РАӨБ 14 календардык күндүн ичинде үрөнчүлүк, асыл-тукум, эксперименттик, тажрыйба-селекциялык чарбаларга, сорт сыноо станцияларына жана участокторуна, айыл чарба кооперативдерине мындай жерлердин бар экендиги жөнүндө кат жүзүндө билдирет.

4-кадам. Үрөнчүлүк, асыл-тукум, эксперименттик, тажрыйба-селекциялык чарбалар, сорт сыноо станциялары жана участоктору, айыл чарба кооперативдери 14 календардык күндүн ичинде тиешелүү айыл өкмөтүнө Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин түз берүү жолу менен алуу жөнүндө өздөрүнүн сунуштарын кат жүзүндө киргизишет.

5-кадам. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин түз алуу боюнча сунуштар берилбеген же баш тартылган учурда Жер комиссиясы бул участкаларды аукцион же конкурс өткөрүү жолу менен бергенге укуктуу.

6-кадам. Жер комиссиясы бул субъектилерден келип түшкөн сунуштарды кароонун жыйынтыгы боюнча оң чечим кабыл алса, айыл өкмөтү алар менен жер участогун ижарага берүү келишимдерин түзөт.

7-кадам. Айыл өкмөтү жер участогуна укук берүү жөнүндө документтердин көчүрмөсүн кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик органга жөнөтөт (КР Жер кодексинин 31-беренесинин талаптары).

3.3. АЖМФтин ээси табылбаган жерди6 берүүдө ЖӨБ органдарынын иш-аракеттеринин алгоритми

1-кадам. Жергиликтүү кеңеш АЖМФ жерлерин келечек планын бекитүүдө ушул фонддун талап кылынбаган жерлерин аныктайт. Ошол эле учурда, жергиликтүү кеңеш ижара акысын төлөө боюнча жеңилдиктерди белгилей алат.

2-кадам. Айыл өкмөтү аталган жер тилкелерин алууга талапкер адамдардан арыздарды кабыл алат жана каттайт.

3-кадам. Жер комиссиясы арыздарды карап чыгат жана арыз берүүчүлөр менен ушул жерлерди ижарага берүүнүн шарттары жөнүндө (анын ичинде жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталган жеңилдиктерди эске алуу менен ижара акысынын өлчөмү боюнча да) сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

4-кадам. Бул субъектилерден келип түшкөн арыздарды кароонун жыйынтыктары боюнча Жер комиссиясы оң чечим кабыл алса, айыл өкмөтү жер участогун ижарага берүү тууралуу келишимди түзөт.

5-кадам. Айыл өкмөтү бул субъектилерге жер участогуна укук берүү жөнүндө документтердин көчүрмөсүн кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик органга жөнөтөт жана бул документтерди тапшыруу үчүн жоопкерчилик алат (КР Жер кодексинин 31-беренесинин талаптары).

 

_______________

1 Аукцион – тооруктун түрү, мында эң чоң суммадагы ижара акысын сунуштаган катышуучу жеңүүчү деп таанылат.

2 Конкурс – тооруктун түрү, мында АЖМФ жерлерин  ижарага алуучу конкурстун шарттарында белгиленген белгилүү бир милдеттенмелерди өзүнө алат.

3 Түз берүү – АЖМФ жерлерин жеке жана юридикалык жактарга тоорук өткөрбөстөн, түз сүйлөшүүлөр жолу менен берүү ыкмасы.

4 Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана жарандар – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилген жакыр үй-бүлөлөрдүн жана жарандардын социалдык паспорту бар үй-бүлөсүнүн жан башына жыйынды кирешеси керектөөнүн кепилденген минималдык деңгээлинен (КГМД) ашпаган үй-бүлөлөр жана жарандар.

5 Социалдык багыттагы субъектилер – жергиликтүү жана республикалык бюджеттердин эсебинен каржылануучу, иш-аракеттери саламаттык сактоого, айыл калкын иш менен камсыздоого, билим берүүгө, тарбиялоого (ооруканалар, мектептер ж.б), социалдык камсыздоого, жарандардын коомдук талаптарын канааттандырууга багытталган уюмдар.

6 Талап кылынбаган жер участоктору – бул АЖМФтин суроо-талапка ээ болбогон жерлери.

Окшош материалы: