Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

COVID-19 пандемиясы шартында коомдук бюджеттик угууларды кантип онлайн- жана офлайн- өткөрүүгө болот?

2021-09-03 / Көңүл чордонунда
COVID-19 пандемиясы шартында коомдук бюджеттик угууларды кантип онлайн- жана офлайн- өткөрүүгө болот?

Нургуль ЖАМАНКУЛОВА, ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталынын контент боюнча администратору Айнура БАЛАКУНОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун эксперти

Акыркы мезгилге чейин Кыргыз Республикасынын элеттик жамааттарында онлайн- форматтагы бюджет боюнча коомдук угуулар фантастикадай сезилчү. ЖӨБ органдары менен жарандардын өз ара аракеттенүүсүнүн мындай формасы Кыргыз Республикасынын айыл жерлеринде тамыр алып кетерине ишенгендер аз эле. Бирок, COVID-19 пандемиясы чыныгы турмушка өзүнүн түзөтүүлөрүн киргизип, буга чейин мүмкүн болбогон нерселерди да мүмкүн кылды. Айталы, Садовое айылдык аймагы1 2022-жылга бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларды аралаш офлайн- жана онлайн-форматтарында өткөрдү. 

Айылдык аймак маалыматтык өнөктүктүн жардамы менен эки жарым миң жаранга жетип, угууларга дээрлик 140 адам тартылып, жарандардан 60ка жакын сунуш түштү.

Көйгөйдүн өзөгү

2020-жылы COVID-19 пандемиясынан улам Садовое ААнын ЖӨБ органдары коомдук бюджеттик угууларды толук өткөрө алышкан эмес. Мунун натыйжасында жергиликтүү жамаат менен 2021-жылга бюджеттин долбоору талкууланбай калган. Өзгөчө кырдаал шартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү илдеттин жайылышына жол бербөө максатында адамдардын чогулуусуна чектөө киргизгендиктен жарандарды бюджеттин долбоорун талкуулоого чогултуу мүмкүн болгон эмес. Ошол эле маалда онлайн-иш-чараларды өткөрүү көндүмдөрү жетиштүү деңгээлде өнүгө элек болчу, мындай иш-чаралар үчүн атайын санарип аспаптар пайда боло элек эле. Натыйжада, жарандар жергиликтүү бюджеттин кирешелери жана чыгашалары боюнча артыкчылыктуу үмүттөрүн айтып, суроолорду узатып, аларга жооп алып, жалпысынан эле жергиликтүү деңгээлде бюджеттик процесске катышуу үчүн мыйзамдуу укуктарын колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышкан.

Эмнелер жасалды?

2021-жылы да ушундай кырдаалдын түзүлүп калышына жол бербөө максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин талаптарын аткаруу үчүн 2021-жылы Садовое АА бюджет боюнча коомдук угууларды аралаш форматта – офлайн- жана онлайн- түрүндө өткөрүү чечимин кабыл алган.

Угууларды уюштуруу үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен жумушчу топ түзүлүп, анын курамына ЖӨБдүн аткаруу органынын өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана активисттер кирген. Бул угууларга жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн назарын мүмкүн болушунча бурдуруу максатында айыл өкмөтү социалдык тармактарды жана мессенджерлерди колдонуу менен масштабдуу маалыматтык өнөктүк өткөрүп, натыйжада дээрлик эки жарым миң адам алдыда болчу угуулар тууралуу маалыматка ээ болду. Жумушчу топтун мүчөлөрү угуулар башталганга ЧЕЙИН маалыматтык өнөктүк өткөрүп, бардык мүмкүн болгон жана жеткиликтүү каражаттарды – социалдык тармактарды, мессенджерлерди колдонуп, жергиликтүү гезитке жарыя берип, эл көп чогулган жерлерде баннерлерди илип, кулактандырып турушту. Мектептердин, бала бакчалардын ата-энелер комитеттеринин, диаспоралардын, жаштар топторунун, өз ара жардам берген топтордун WhatsApp’тагы тайпалары жана жеке билдирүүлөр аркылуу маалымат жигердүү түрдө таркатылды. Аймактын аксакалдарына 2022-жылга бюджеттин долбоору менен бирге кошумча түрдө чакыруу баракчаларын берип чыгышты.

Биринчи болуп онлайн-угуулар өттү, аларды уюштуруу үчүн айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин сайтында (https://gb.minfin. kg/) жайгаштырылган “Жергиликтүү жамааттын жарандык бюджети” веб-тиркемесин колдонду. Тиркеме жарандар үчүн маалыматты адис эмес адамдар үчүн түшүнүктүү болгондой кылып жайгаштыргандан тышкары, ошону менен катар жарандарга суроолорду берүүгө, жооп алууга жана сунуштарды киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет. Адамдарга бюджеттик маалыматты жана бюджетке өздөрүнүн сунуштарын ойлонуп көрүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн айыл өкмөтү жарандарга берилген мүмкүнчүлүктөр жөнүндө алдын ала маалымдап, ыңгайлуу мөөнөттү белгилеген, ага ылайык суроолор жана сунуштар 14 күндүн ичинде кабыл алынган. Ошентип, ЖӨБ органы жарандарга бюджеттик процесске катышып, жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуу укугун ишке ашыруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү берди. Бул мүмкүнчүлүктөн 40тан ашык адам колдонуп, алар угууга катышуу үчүн каттоодон өтүштү. Катышуучулардын курамында санариптик байланыш каражаттарын эркин колдонгон жаштар басымдуулук кылды, бирок улуу муун да четте калган жок – айылдын аксакалдары да онлайн-угууларга катышты.

Угуулардын демилгечиси, жергиликтүү кеңештин депутаты Анара АСАДОВА белгилегендей, бул алгачкы тажрыйба элет деңгээлинде онлайн-иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүгү бар болгонун тастыктады. Бирок бардык эле жарандар мындай чукул өзгөрүүлөргө, офлайн-иш-чаралардан толук баш тартууга даяр эмес: “Интернеттеги Жарандык бюджетибиз жайгаштырылган баракчага 70тен ашык адам кирди, 41 адам (13 аял) онлайн-бюджеттик угууларга катталды, анын ичинде 15 депутат, 28 жашка толо элек жаштардын 21 өкүлү, айылдын беш аксакалы бар. Бул Садовое аймагы үчүн олуттуу жыйынтык болду. Буга карабастан, угууларды онлайн-форматта өткөргөндөн кийин калктын бардык катмары камтылбаганын түшүндүк. Андыктан көбүрөөк адамга жетип, жыйынтыктарды чыгаруу үчүн коомдук бюджеттик угууларды офлайн-форматта өткөрүү чечими кабыл алынды. Мындан тышкары, Садовое айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын талаптарын аткарыш керек эле, Уставга ылайык, эгерде угууларга 70тен кем эмес адам катышса, коомдук иш-чара мыйзамдуу деп эсептелет”.

2021-жылдын 16-июлунда коомдук бюджеттик угуулар офлайн-форматында өттү. COVID-19 пандемиясына байланыштуу бардык санитардык талаптар аткарылды: уюштуруучулар социалдык аралыкты эске алуу менен мектептин чоң спорттук залына 96 адамды отургузушту; бардык катышуучуларга кире бериште беткаптар таратылып берилип, колдору дезинфекциялоочу каражаттар менен тазаланган.

Каттоо учурунда катышуучуларга таркатма материалдар берилди: 2022-жылга бюджеттин долбоору, брошюралар, күн тартиби, суроолор жана сунуштар үчүн бланктар таратылды; иш-чаранын башында баарына жүрүм-турум эрежелери түшүндүрүлдү.

Финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы https://gb.minfin.kg/ сайтына жайгаштырылган жарандык бюджет үчүн веб-тиркемени колдонуп, 2022-жылга бюджеттин долбоору менен тааныштырды, андан кийин катышуучулар суроолорун узатып, сунуштарын бере алышты.

Онлайн- жана офлайн- угуулардын жыйынтыгы боюнча жарандардан 60ка жакын сунуш түштү, анын ичинде онлайн түрүндө 20, жазуу түрүндө 25 жана оозеки 15 сунуш болду.

Уюштуруучулар жарандардын сын-пикирлерин жана сунуштарын карап чыгып, WhatsApp топтору аркылуу жарандардын суроолоруна жана сунуштарына жооп жөнөтүп, кайтарым байланышты түзө алышты.

Коомдук бюджеттик угуулардын жыйынтыгы боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу матрицасына ылайык, 21 сунуш жактырылып, кээ бирлери толугу менен, калганы жарым-жартылай эске алынган. Алардын ичинен Маданият үйүн толугу менен оңдоо боюнча сунуштар өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Маданият үйүндө кыздар, аялдар жана үй кожойкелери үчүн ийримдерди жана секцияларды ачуу пландаштырылып жатат; дренаждык системаларды тазалоо, ирригациялык тармактардын жана айыл чарба багытындагы жолдордун абалын оңдоо; коомдук жайларга таштанды челектерин орнотуу жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча иш алып баруу пландары бар.

2022-жылдын бюджетинде эске алынбаган сунуштардын көбү ички жолдорду оңдоого, жарыктандырууга жана айрым бир объекттердин курулушуна тиешелүү болчу. Булардын ичинен көбү 2021-жылдын бюджетинде каралып, бирок жергиликтүү тургундардын алар тууралуу маалыматы болгон эмес. Ошентип, мындай көрүнүштү өткөн жылы бюджет долбоорун талкуулоо үчүн коомдук бюджеттик угуулардын пандемияга байланыштуу өткөрүлбөй калганынын түздөн-түз кесепети катары бааласак болот.

ЖӨБ органдарынын айтымында, айрым сунуштар жергиликтүү бюджетте каражаттын жоктугуна байланыштуу камтылбады, бирок алар кошумча каражаттарды тартуу же СЭӨПкө киргизүү аркылуу ишке ашырылат. Мисалы, суу мунарасы “Прогресс Исток” ТСКАКБнын эсебинен курулат, ал эми таза суу менен камсыз кылуу көйгөйү “Ала-Тоо Булагы”1 долбооруна катышуу аркылуу чечилет деп пландалууда.

Маселенин баасы 

Жергиликтүү бюджеттин чыгымдарынын жалпы суммасы 5 миң сомду түзүп, алар баннерди, жарандык бюджетти жана брошюраларды (таркатма материалдарды) басып чыгарууга, антисептиктерди, беткаптарды, кагаздарды, карандаштарды сатып алууга жумшалды.

Экономикалык натыйжалуулугу

Бюджеттик угууларды уюштуруунун бул ыкмасы 2500дөн ашуун жаранды бюджетти талкуулоо процессине ашыкча чыгымдарсыз тартууга шарт түздү.

Социалдык натыйжалуулугу

Аралаш онлайн- жана офлайн-форматындагы бюджеттик коомдук угуулардын социалдык эффективдүүлүгү ар кандай аспаптардын жардамы менен Садовое айылдык аймагынын бойго жеткен калкынын 40 пайыздан ашыгына жетүү мүмкүндүгүндө көрүнүп турат. Алдыда боло турган угуулар тууралуу маалыматы болбогон үй-бүлө калган жок. Угууларга баары катышпаса да, каалоочулар өз ойлорун жана сунуштарын айтууга мүмкүнчүлүк алышты. Бул болсо социалдык чыңалууну басаңдатууга салым кошуп, элге жергиликтүү өз алдынча башкаруу алардын үнүн угат деген ишенимди берип, ЖӨБ менен калктын ортосундагы ишенимге көмөктөшөт. 

Социалдык эффективдүүлүктүн дагы бир өңүтү жергиликтүү бюджеттин долбоорунда элеттик аялдардын сунуштары эске алынгандыгы жана үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча чараларга каражат бөлүнгөндүгү менен түшүндүрүлөт.

Абдукерим ДЖУМАЗОВ, дунган диаспорасынын өкүлү: “Угуулардын жардамы менен биз депутаттардын жана айыл өкмөт башчысынын пландары жөнүндө билдик, көптөгөн айылдаштарыбыз өз сунуштарын айтышты, аларды жергиликтүү бийлик аткарууга милдеттенме алды”.

Улан КЕРИМБАЕВ, “Жаштар ынтымагы” тобунун өкүлү: “Айылдын жаштарынын атынан жаңы жетекчи Д. С. РАИМКУЛОВго жана жаңы шайланган депутаттык корпуска жемиштүү иштерди каалайм. Биздин бюджетибиз ушунчалык ачык жана айкын каралып жатканына кубанычтамын. Бул – ачыктыкка жана айкындуулукка карай жасалган чоң кадам!”.

Лариса ЛИСОВЕНКО: “Мен бул жерде отурган аялдардын айтынан айтам: бүгүн биздин үнүбүз жетти. Себеби 2022-жылга бюджеттин долбоорун талкуулоодо үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу үчүн каражат бөлүү боюнча биздин сунуш эске алынды”.

 

___________ 

1 Техникалык жардам жана консультациялык колдоо “Жарандардын бюджеттик процесске катышуусуна көмөктөшүү” Долбоорунун алкагында, Жарандык коомду өнүктүрүү Ассоциациясынын (ЖКӨА – Казакстан) колдоосу менен “Innovation for change” (# I4C) эгидасы алдында берилди. Бул Долбоорду Кыргызстанда Өнүктүрүү саясат институту аткарат.

2 Ишке ашпай калган “Таза Суу” программасынын ордуна 2017-жылы башталган “Ала-Тоо Булагы” программасына ылайык, өлкөнүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Чүй облустарындагы 141 айылда 2018-2021-жылдары ичүүчү суу менен жабдуу системасын колдонууга берүү пландалууда. Программа Дүйнөлүк банк жана Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат. 94,2 миллион доллар өлчөмүндө донордук каражаттардан тышкары, бул максаттарга мамлекеттик бюджеттен 3 миллион доллар бөлүү пландаштырылган. 

Окшош материалы: