Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Билим берүү объекттерин жергиликтүү бюджеттен каржылоо тууралуу

2021-09-03 / Юридикалык кеңеш

ЖӨБ органдарынын суроолоруна жоопторду юрист Нуржан МАМЫРАЛИЕВА даярдады (ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун буюртмасы менен).

ЖӨБ органы жергиликтүү бюджеттин эсебинен билим берүү мекемелерин каржылоодон (күтүүдөн) баш тарта алабы?

2021-жылдын августунда күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ЖӨБ органында билим берүү мекемелерин жергиликтүү бюджеттен каржылоодон баш тартууга негиз жок. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы №302 “Айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу билим берүү уюмдарын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө” Токтомуна ылайык, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана жалпы билим берүү уюмдарынын имараттарын жана жайларын күтүүгө кеткен чыгымдарды каржылоо функциясы, ошондой эле айлык акы менен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөрдү кошпогондо мектепке чейинки, мектептен тышкаркы жана башка билим берүү уюмдарынын бардык чыгашаларын каржылоо функциясы ЖӨБ органдарында кала берет. Мындан тышкары Бюджеттик кодекстин 51-беренесине ылайык, билим берүүнүн, саламаттык сактоонун, эс алуу, маданият, социалдык коргоонун, турак жай жана коммуналдык чарбачылыктын, айлана-чөйрөнү коргоонун муниципалдык ишканаларын, мекемелерин күтүүгө кеткен чыгымдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чыгаша милдеттенмелери катары аныкталган. Толугу менен дотацияда турган айылдык аймактарга билим берүү мекемелерин күтүүгө кеткен чыгымдарды төлөө үчүн республикалык бюджеттен теңдештирүүчү гранттар берилет.

“Муниципалитет” журналынын редакциясынын пикири. Ошол эле учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү эксперттер көптөн бери билим берүү тармагынын бир бөлүгү катары билим берүү объектилерин каржылоону мамлекеттин жана республикалык бюджеттин жоопкерчилигине өткөрүп берүүнүн сунуштап келатышат. Анын үстүнө, буга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жалпы билим берүүчү мектептерди каржылоону жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке которуу боюнча планды деталдуу түрдө талкуулаган. Бирок, бул маселе боюнча реалдуу чечимдер кабыл алына элек.

Окшош материалы: