Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

9 (155) 11 Сентябрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Айып пулдар тууралуу

2021-09-03 / Юридикалык кеңеш

ЖӨБ органдарынын суроолоруна жоопторду юрист Нуржан МАМЫРАЛИЕВА даярдады (ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун буюртмасы менен).

Айылдык кеңеш мыйзам бузуулардын айрым түрлөрү үчүн айып санкцияларын орното алабы?

Жергиликтүү кеңеш бузуулардын кандайдыр бир түрү үчүн айыптын өлчөмүн беките албайт. Тилекке каршы, мындай практика айрым элеттик ЖӨБ органдарында кездешет, ал жерде жергиликтүү кеңештер үй жаныбарлары (бодо малы) башка адамдардын эгиндерин тебелеп-тепсеп кеткен адамдарга айып пулдун өлчөмүн белгилешет. Айып санкцияларынын көлөмүн айылдык кеңештер жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү менен макулдашканына карабастан, мындай иш-аракеттер дагы эле мыйзамсыз бойдон калууда, себеби жергиликтүү кеңештин мындай ыйгарым укуктары жок.

Айып санкцияларынын көлөмү Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси менен белгиленген. Бузуулардын көпчүлүк түрлөрүнө карата жеке жана юридикалык жактар үчүн айыптардын бирдиктүү “торчосу” колдонулат (Кодекстин 27-беренеси):

  • 1-категориядагы айып пул: жеке адамдар үчүн- 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн- 50 эсептик көрсөткүч;
  • 2 категориядагы айып пул: жеке адамдар үчүн- 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн- 130 эсептик көрсөткүч;
  • 3-категориядагы айып пул: жеке адамдар үчүн- 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн- 170 эсептик көрсөткүч;
  • 4-категориядагы айып пул: жеке адамдар үчүн- 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн- 230 эсептик көрсөткүч;
  • 5-категориядагы айып пул: жеке адамдар үчүн- 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн- 280 эсептик көрсөткүч;
  • 6-категориядагы айып пул: жеке адамдар үчүн- 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн- 350 эсептик көрсөткүч;
  • 7-категориядагы айып пул: жеке адамдар үчүн- 150 эсептик көрсөткүчтө, юридикалык жактар үчүн- 450 эсептик көрсөткүч;
  • 8-категориядагы айып пул: жеке адамдар үчүн- 175 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн- 550 эсептик көрсөткүч.

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 313-беренесине ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз чечимдери менен бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген комиссияларды түзөт. Комиссия жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштеген коллегиалдуу орган болуп саналат. Жергиликтүү кеңеш комиссия жөнүндөгү жобону, анын сандык жана жеке курамын бекитет. Комиссия Бузуулар жөнүндө кодекстин ошол беренелери боюнча мыйзам бузуулар боюнча иштерди карайт, ага ылайык комиссияга айып пулдун көлөмүн карап, мыйзам бузган адамга салууга укук берилген. Айып пулдун өлчөмү Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде аныкталган. Комиссиялардын ыйгарым укуктарына кирбеген бузууларды бул орган кароого жана алар боюнча жаза колдонууга укуксуз.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алар түзгөн бузуулар жөнүндө иштер боюнча комиссиялар КР Жоруктар жөнүндө кодексте каралган айдоолорду атайылап же абайлабай тепсөө, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн талаадагы жыйналган түшүмүн жок кылуу же бузуу (148-берене), көчөттөрдү зыянга учуратуу (149-берене) жөнүндө иштерди кароого укуксуз. Жогоруда айтылган жоруктар жазалануучу кылмыш катары каралат, анын жазасы сот тарабынан белгиленет. Эгинге зыян келтирилген жана талкаланган учурда жарандар укук коргоо органдарына кайрылышат, андан кийин жоруктар тууралуу иштер райондук соттордо каралат. Айдоолорду атайылап же абайлабай тепсөө, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн талаадагы жыйналган түшүмүн жок кылуу же бузуу, көчөттөрдү зыянга учуратуу II категориядагы коомдук иштерге тартуу менен II категориядагы айып пул түрүндө жазалоого алып келет. II категориядагы айып: жашы жете электерге – 150дөн 250гө чейин эсептик көрсөткүчтөргө чейин (15000ден 20000 сомго чейин, башка жеке жактарга – 300дөн 600гө чейин эсептик көрсөткүчтөргө, 30 000ден 60 000 сомго чейин). II категориядагы коомдук иштер: жашы жете электер үчүн – 30дан 40 саатка чейин, башка жеке адамдар үчүн – 40тан 60 саатка чейин.