Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жайыттар тууралуу

2021-09-03 / Юридикалык кеңеш

ЖӨБ органдарынын суроолоруна жоопторду юрист Нуржан МАМЫРАЛИЕВА даярдады (ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун буюртмасы менен).

Айылдык кеңештин депутаттары жайыт комитетинин ишине кийлигише алышабы?

Ооба, бирок “Жайыттар жөнүндө” КР Мыйзамында каралган ыйгарым укуктардын чегинде гана кийлигише алышат. “Жайыттар жөнүндө” мыйзамга ылайык, тескөө укугун кошпогондо, мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу үчүн жоопкерчилик жана контроль жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берилет. Ошондуктан ЖӨБ органдары башкарууга катышат жана алардын ролу мыйзамдар менен так аныкталган. Айталы, “Жайыттар жөнүндө” мыйзамдын 4-беренесине ылайык, жергиликтүү кеңеш жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планын жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планын, ошондой эле алардын аткарылышы жөнүндө отчетторду бекитет. Башкача айтканда, кеңеш гана жайыттарды пайдалануу тууралуу чечимди кабыл алып, аны пайдалануу планы түрүндө бекитүүгө укуктуу. Кеңеште каралбай жана бекитилбесе, жайыт комитети жайыт билеттерин берүүгө же жайыттарга карата башка аракеттерди жасоого укуксуз.

“Жайыттар жөнүндө” КР Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, жайыт комитети жайыт пайдалануучулардын өкүлдөрүнөн, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, айлана-чөйрө жана токой чарба маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлүнөн, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчыларынан турат. Бул, демек, жергиликтүү кеңештин депутатына жайыт комитетинин ишине аралашууга укук берет. 

Мындан тышкары “Жайыттар жөнүндө” КР Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, жайыт жерлерин пайдалануу үчүн каражаттар жергиликтүү бюджетке түшөт жана жайыт жерлерин пайдалануу үчүн келип түшкөн каражаттардын үчтөн экисинен кем эмес бөлүгү жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртууга, ошондой эле жайыт комитетин күтүүгө пайдаланылат. Жергиликтүү бюджетти бекитүү жана белгиленген каражатты бөлүп берүү тууралуу чечимди жергиликтүү кеңеш кабыл алат.

Жайыттарды бак-дарак отургузуу үчүн берүүгө болобу?

Ооба, болот. “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамда “жайыттарды башка максаттарда пайдалануу” деген түшүнүк бар. Бул – жайыт ресурстарын мал жаюудан башка максаттар үчүн пайдалануу, аларга аң уулоо, бал чарбачылык, дары чөптөрдү чогултуу, мөмө-жемиш терүү, чөп жана отун дайындоо, жалпы таралган пайдалуу кендерди казып алуу, жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) байланыш курулмаларын орнотуу, туризм жана жарандардын эс алуусу кирет. Ошентип, мыйзамдар бак-дарактарды отургузуу үчүн жайыттарды колдонууга тыюу салбайт. Жайыттарды башка максаттарга пайдалануу үчүн жайыт билеттерин берүү жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык жүргүзүлөт жана жайыттарды башка максаттарда пайдалануу жөнүндө келишим да түзүлөт. Жайыттарды башка максаттарда башкаруу жана пайдалануу пландары жамааттын жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планынын бир компоненти болуп саналат. Бул пландарды жергиликтүү кеңеш бекитет.

 

Окшош материалы: