Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ТСКАКБ тууралуу

2021-09-03 / Юридикалык кеңеш

ЖӨБ органдарынын суроолоруна жоопторду юрист Нуржан МАМЫРАЛИЕВА даярдады (ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун буюртмасы менен).

Айылдык кеңештин токтому менен ТСКАКБ айыл өкмөттүн балансына өткөрүлүп, азыр анын иши жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланууда. Бул чечим мыйзамдуубу?

Айыл өкмөтү ТСКАКБны балансына өткөрүп, анын ишин жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылай албайт. ТСКАКБ – бул коммерциялык эмес уюм, коомдук бирикме түрүндөгү өз алдынча юридикалык жак, ал өз Уставына ылайык иш алып барат. ТСКАКБнын негиздөөчүлөрү жеке адамдар, айыл өкмөтү ТСКАКБнын негиздөөчүсү боло албайт. КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы №59 “Айылды суу менен камсыздоо системаларын ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринин балансынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө” Токтомуна ылайык, “айылды суу менен камсыздоо системалары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчигине өткөрүп берилген учурдан баштап жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аларды ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринин башкаруусуна өткөрүп берет”. “Ичүүчү суу жөнүндө” КР Мыйзамынын 9-беренесине ылайык, айыл жерлеринде чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумдарын (суу түтүктөрүн, курулуштарын) пайдалануу менчик (суу түтүктөрүнүн, курулуштарынын) ээси менен түзүлгөн келишим боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

Эгерде ТСКАКБ суу менен жабдуу системасын башкара албай жатса жана калкты ичүүчү суу менен талаптагыдай камсыз кылбаса, анда ЖӨБ органы аны менен келишимди бузууга жана жарандарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселесин чечүүнү уюштурууга укуктуу. Бул маселени ЖӨБ органы башка адистештирилген суу менен камсыздоо ишканалары аркылуу чече алат (мисалы, муниципалдык ишкананы түзүп, же башка адистештирилген суу менен камсыздоо ишканаларына аутсорсингге бере алат).

Бүгүнкү күндө КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы №59 “Айылды суу менен камсыздоо системаларын ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринин балансынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө” Токтомуна ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджетти түзүүдө ТСКАКБнын башкаруусуна өткөрүп берилген айылды суу менен камсыздоо системаларын жыл сайын оңдоо үчүн финансылык каражат караштырат.

Окшош материалы: