Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары тууралуу

2021-09-03 / Юридикалык кеңеш

ЖӨБ органдарынын суроолоруна жоопторду юрист Нуржан МАМЫРАЛИЕВА даярдады (ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун буюртмасы менен).

Депутаттар айыл өкмөтүнүн штатын кыскарта алышабы?

Жок, кыскарта алышпайт. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу” КР Мыйзамына ылайык, бюджет чөйрөсүндөгү мамлекеттик, муниципалдык жана башка категориядагы кызматчылардын жана кызматкерлердин санынын чеги жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Жергиликтүү кеңеш Өкмөт тарабынан аныкталган типтүү нормативдердин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын түзүмүн жана штаттык санын бекитет. Айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” Токтому менен бекитилген.

Жергиликтүү кеңештин депутаттары мамлекеттик сатып алуулар боюнча конкурстук комиссиянын курамына кире алышабы?

Мыйзамда комиссиянын курамы так көрсөтүлгөн жна жергиликтүү кеңештин депутаттары анын курамына кире алышпайт. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамдын 10-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, конкурсту өткөрүү үчүн сатып алуучу уюм конкурстук документацияларды веб-порталда же электрондук каталогдо жарыялаганга чейин конкурстук комиссия түзөт. Конкурстук комиссиянын курамы конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандыруу жарыяланардын алдында сатыпалуучу уюмдун буйругу менен бекитилет жана сатып алуучу уюмдун өкүлдөрүн камтыйт, ошондой эле коомдук уюмдардын өкүлдөрүн жана (же) тартылган эксперттерди камтышы мүмкүн. Жергиликтүү кеңештин депутаттары бул тизмеде жок.

Окшош материалы: