Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Айыл башчысы тууралуу

2021-09-03 / Юридикалык кеңеш

ЖӨБ органдарынын суроолоруна жоопторду юрист Нуржан МАМЫРАЛИЕВА даярдады (ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун буюртмасы менен).

Айыл башчысын кантип кызматтан бошотсо болот?

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдын 52-беренесине ылайык, айыл башчысы тиешелүү аймактагы тургундардын жыйындарынын макулдугу менен айыл өкмөт башчысы тарабынан дайындалат жана муниципалдык кызматчы болуп саналат.

Милдеттерди аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы, этикалык нормаларды сактабаганы, кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн айыл башчысы кызматынан бошотулушу мүмкүн. Айыл өкмөт башчынын демилгеси боюнча кызматчы өз кызматын токтотушуна себеп болчу учурлардын толук тизмеси “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КР Мыйзамынын 47-беренесинде берилген. Мындан тышкары, жогорудагы мыйзамдын 46-беренесине ылайык, айыл башчы өзү жазган арыздын негизинде өз каалоосу боюнча кызматынан бошотулушу мүмкүн. Айыл өкмөт башчысынын буйругу менен кызматтан бошотулат. Кызматынан бошотулганда жашоочулардын чогулушунун макулдугу талап кылынбайт.

Окшош материалы: