Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү кеңештин убактылуу комиссиясы тууралуу

2021-09-03 / Юридикалык кеңеш

ЖӨБ органдарынын суроолоруна жоопторду юрист Нуржан МАМЫРАЛИЕВА даярдады (ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун буюртмасы менен).

Жергиликтүү кеңештин убактылуу комиссиясынын курамында канча адам боло алат?

Убактылуу комиссиянын сандык жана жеке курамын жергиликтүү кеңеш ар бир учурда өз-өзүнчө аныктайт. Убактылуу комиссиянын түзүлүшү айылдык кеңештин токтому менен жол-жоболоштурулат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

  • убактылуу комиссиянын аталышы;
  • убактылуу комиссиянын мүчөлөрүнүн сандык жана жеке курамы;
  • убактылуу комиссия кайсы маселени чечүү үчүн түзүлүп жатса, бул үчүн белгиленген тапшырмалар;
  • убактылуу комиссиянын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү.

Убактылуу комиссиянын мүчөлөрү айылдык кеңештин депутаттары тарабынан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат.

Убактылуу комиссиянын курамы боюнча да добуш берилет. Добуш берүүнүн жыйынтыктары алардын курамын шайлоо жөнүндө айылдык кеңештин токтому менен жол-жоболоштурулат.

 

Окшош материалы: