Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Эстеликтерди коргоону каржылоо тууралуу

2021-09-03 / Юридикалык кеңеш

ЖӨБ Союзунун юристи Венера БОЛТОБАЕВА жооп берет.

ЮНЕСКО түзгөн Бүткүл дүйнөлүк маданий жана табигый мурастар тизмесине (дүйнөлүк маанидеги эстеликтердин тизмесине) кирген эстеликтерди коргоо боюнча иш-чараларды ЖӨБ органы жергиликтүү бюджеттен каржылай алабы?

Жок, каржылай албайт. Бүткүл дүйнөлүк маданий жана табигый мурастарынын тизмеси (дүйнөлүк маанидеги эстеликтердин тизмеси) ЮНЕСКО тарабынан өлкөлөрдүн өкмөттөрүнөн түшкөн өтүнмөлөрдүн негизинде түзүлөт. Башкача айтканда, объекттин ЮНЕСКОнун тизмесине кошулушу эстелик Кыргыз Республикасы тарабынан дүйнөлүк маанидеги эстелик катары таанылганын билдирет (“Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” КР Мыйзамынын 22-беренеси). Мындай эстеликтерди коргоо мамлекеттин милдети болуп саналат. “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” КР Мыйзамынын 9-беренесине ылайык, Маданият, маалымат жана спорт министрлиги эл аралык жана республикалык маанидеги тарыхый-маданий мурас объекттерин каржылоонун, эсепке алуунун, издеп табуунун, изилдөөнүн, күтүүнүн, консервациялоонун, реставрациялоонун, регенерациялоонун, музейлештирүүнүн, пропагандалоонун тартибин белгилейт. Мыйзамдын 10-беренесине ылайык, ЖӨБ органдары экономикалык жана социалдык өнүгүү пландарында жергиликтүү маанидеги эстеликтерди эсепке алууну, коргоону жана реставрациялоону уюштуруу боюнча иш-чараларды карайт, ошондой эле аларды жүзөгө ашырууну жергиликтүү бюджеттик каражаттардын эсебинен каржылашат.

Бирок жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилген эл аралык маанидеги эстеликтерди коргоо боюнча иш-чараларды төмөнкүдөй учурда жүргүзө алышат: эгерде тиешелүү ыйгарым укуктар КР Маданият, маалымат жана спорт министрлиги тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына берилген болсо. Мында коргоо боюнча иш-чаралар республикалык бюджеттен максаттуу трансферттердин эсебинен жүзөгө ашырылууга тийиш.

Окшош материалы: