Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жер участокторун жеке менчик турак үй курууга берүү тууралуу

2021-09-03 / Юридикалык кеңеш

Консультацияны ЖӨБ Союзунун юристи Венера БОЛТОБАЕВА даярдады

ЖӨБ органдары кимдерге жеке менчик турак үй куруу (ЖТК) үчүн жер участокторун бере алат?

ЖӨБ органдары жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун жынысына, расасына, аялуу болушуна, этностук таандыктыгына карабастан, 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандарына гана; жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогуна муктаж катары кезекте тургандарга жана бул жер участокторун алууга мыйзамдуу негиздери бар адамдарга бере алышат. Мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 Токтому менен бекитилген Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жободо аныкталган укуктук жүйөлөр каралат.

КР Жер кодексинин 32-беренесине ылайык (Жер участогун менчикке же пайдаланууга акысыз берүү), жер участогу Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигине ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында акысыз түрдө бир жолу, атап айтканда: турак үйдү курууга жана тейлөөгө жана белгиленген ченемдер боюнча өзүмдүк көмөкчү чарба жүргүзүүгө жана дача курууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жер үлүшүнө укугу бар жарандарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган өлчөмдө берилет.

Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун алуу укугуна Кыргыз Республикасынын төмөнкүдөй жараны ээ болот:

  • бул административдик-аймактык бирдиктин аймагында үч жылдан кем эмес жашаган – Бишкек жана Ош шаарлары үчүн, ал эми башка аймактарда (айылдык аймактарда жана башка шаарларда) – бир жылдан кем эмес жашаган жаран;
  • Кыргыз Республикасынын (бүткүл) аймагы боюнча мурда жеке менчик турак үй курууга берилген жер участогу жок жаран;
  • турак жай аянты белгиленген санитардык нормаларга жана талаптарга жооп бербеген жарандарды кошпогондо, менчик турак жайы (үйү, квартирасы) жок жаран;
  • акыркы 5 жылдын ичинде сатуу-сатып алуу, алмашуу, тартуулоо ж.б.у.с. бүтүмдөрдү түзүп, менчигинде турган турак жайды үчүнчү жактарга берүү менен өзүнүн турак жай шарттарын начарлатууга багытталган жарандык-укуктук иштерди жасабаган жаран.

Жеке менчик турак үй үчүн жерди берүүдөгү өзгөчөлүктөр

Жеке менчик турак үй куруу үчүн жерди берүүдө төмөнкү өзгөчөлүктөрдү эске алуу керек.

Жер тилкесин Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигине акысыз берүү бош жерлер болгон шартта ишке ашат.

Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогу калктуу конуштардын башкы пландарына ылайык, ал эми ал жок болсо – облустун, шаардын, райондун башкы архитектору менен макулдашылган башкы пландардын схемасына ылайык берилет.

Жер участокторун берүү боюнча иштерди жүргүзүү жана уюштуруу тийиштүү ыйгарым укуктуу орган (ЖӨБдүн аткаруу органы) түзгөн комиссия тарабынан ишке ашырылат, анын компетенциясына жогоруда көрсөтүлгөн максаттар үчүн жер участогун берүү кирет.

Берилчү объект болуп тийиштүү аймакта жайгашкан жана менчикке берилиши мүмкүн болгон жер участоктору эсептелет.

Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн өлчөмүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү өкүлдүк органдары (жергиликтүү кеңештер) аныкташат.

Жеке менчик турак үй куруу үчүн берилчү жер участоктору үчүнчү жактардын укуктарынан бош болушу жана жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жүргүзүү үчүн чектөөсүз болууга тийиш.

ЖӨБдүн тиешелүү органынын расмий сайтына (эгер болсо) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторунун берилери жөнүндө кулактандыруу жарыяланат, мында коомдук угуу боло турган дата жана жер, ошондой эле жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун алуучу жарандардын тизмеси көрсөтүлөт.

Кыргыз Республикасынын жарандарына жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участоктору тапшырган арыздарына ылайык кезегине жараша ирет менен берилет, буга 2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгон адамдардын балдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда жаракат алып, майып деп таанылган адамдар жана курман болгондордун балдары кирбейт, аларга жер участоктору биринчи кезекте берилет.

Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун алуу үчүн документтердин тизмеги:

  • аныкталган формадагы арыз;
  • ким экенин билдирүүчү документтин көчүрмөсү;
  • кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын анын менчик укугундагы турак жайы же жеке менчик турак жай куруу үчүн мурда берилген жер участогу жоктугу тууралуу маалымкаты;
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эгер болсо);
  • эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан учурда иштеген жеринен өтүнүч (жарандын каалоосу боюнча берилет);
  • турак жай шарттарын текшерүү актысы (жеке же биргелешкен менчик турак жайы бар болгон учурда);
  • ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жумушсуздук статусу бар экенин ырастаган маалымкаты;
  • жашаган жеринен үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат.

Ыйгарым укуктуу органдардын ыйгарым укуктары жана функциялары

Жер-жерлердеги тийиштүү атайын укуктуу органдар тапшырылган документтерди кароо максатында Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү тууралуу арызын кароо боюнча төмөнкүдөй курамдагы комиссия түзүшөт:

  • ЖӨБдүн аткаруучу-тескөөчү жана өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрү (комиссиялардын кошо төрагалары);
  • архитектура боюнча мамлекеттик органдын өкүлү;
  • кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча жергиликтүү мамлекеттик органдын өкүлү;
  • коомчулуктун өкүлдөрү.

Комиссия Кыргыз Республикасынын жарандарынан жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө түшкөн өтүнүчтөрдү жана аларга кошулган документтерди аныкталган тартипте изилдейт жана жер участогун берүү же жер участогун берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим чыгарат.

Комиссия убактылуу негизде, бирок айына 1 жолудан кем эмес иштейт. Комиссиянын утурумдук иштерин жеке менчик үй куруу үчүн жер участогун берүү компетенциясына кирген ыйгарым укуктуу органдын туруктуу негизде иштөөчү тийиштүү кызматтары аткарышат.

Жеке менчик турак үй куруу үчүн бөлүп берүү белгиленген ар бир жер участогу боюнча маалыматтык пакет түзүлөт, ага төмөнкүлөр кирет:

  • жер участогу жайгашкан орун (дареги), кадастрлык номери (эгер болсо);
  • жер участогунун планы анын чек араларын, сервитуттар колдонулуучу чек араларын чийүү менен;
  • инженердик коммуникациялардын ар кыл түрлөрүнө кошуунун шарттары жана болжолдуу наркы жөнүндө жалпыланган корутунду.

Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик органдын өкүлүнүн милдетине төмөнкүлөр кирет:

  • жер участогунун документте белгиленген чек араларга жана аянттарга туура келишин натурасында текшерүү;
  • жеке менчик турак үй куруу үчүн берилчү жер участокторунун чек араларын чектеш жер участокторунун менчик ээлери же пайдалануучулары менен макулдашуу;
  • сервитуттар же башка чектөөлөр бар же жок экенин текшерүү.

Архитектура боюнча мамлекеттик органдын өкүлүнүн милдетине төмөнкүлөр кирет:

  • комиссиянын жыйналыштарын өткөрүү үчүн керектүү материалдарды жана документтерди даярдоо;
  • бекитилген курулуш куруу документтерин, курулуштук нормаларды жана эрежелерди эске алуу менен участоктун чек араларын аныктоо;
  • санитардык, өрткө каршы жана башка кызматтарга бөлүп берүү белгиленип жаткан жер участогун пайдалануунун шарттары жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуунун шарттары жөнүндө суроо жиберүү;
  • алынган маалыматтардын негизинде жер участогун пайдалануунун мүмкүндүктөрү жөнүндө жалпыланган техникалык корутунду түзүү.

Жеке менчик турак жай куруу (ЖМТК) үчүн жер участокторун берүү боюнча ЖӨБ органдарынын ар бир кадамы көрсөтүлгөн аракеттеринин алгоритми

1-кадам. Айылдык аймактын же шаардын Башкы планы иштелип чыгат жана бекитилет1. Башкы план архитектура органдары тарабынан иштелип чыгат жана мыйзамда белгиленген тартипте жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет. Эскертүү: бул кадам бекитилген Башкы план болбогон учурда аткарылат.

2-кадам. Үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелери иштелип чыгып, бекитилет. Үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелерин ЖӨБдүн аткаруучу органы иштеп чыгат жана жергиликтүү кеңештер бекитет. Эскертүү: бул кадам бекитилген Үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелери болбогон учурда аткарылат.

3-кадам. Жарандарды турак жай менен камсыздоо жана инфраструктураны (инженердик жана социалдык) өнүктүрүү Программасы иштелип чыгып, бекитилет. Турак жай менен камсыз кылуу эрежелерин жана Инфраструктураны өнүктүрүү эрежелерин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары иштеп чыгат жана жергиликтүү кеңештер бекитет. Эскертүү: бул кадам бекитилген Турак жай менен камсыз кылуу программалары жана Инфраструктураны өнүктүрүү эрежелери болбогон учурда аткарылат.

4-кадам. Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү боюнча арыздарды караган комиссия түзүлөт. Комиссия жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан түзүлөт.

5-кадам. Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участоктору бериле тургандыгы жөнүндө расмий жарыя жайгаштырылат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органынын расмий сайтына (эгер болсо) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторунун берилери жөнүндө кулактандыруу жарыяланат, мында коомдук угуу боло турган дата жана жер, ошондой эле жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун алуучу жарандардын тизмеси көрсөтүлөт.

6-кадам. ЖӨБдүн аткаруучу органы жаранга жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун берүү же жер участогун берүүдөн баш тартуу тууралуу чечимди чыгарат. Комиссия оң чечим кабыл алган учурда ЖӨБдүн аткаруучу органы жеке менчик турак үй куруу үчүн жер тилкесин берүү жөнүндө токтом чыгарат. Эгерде Комиссия жер берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алса, аткаруучу орган жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун берүүдөн баш тартуу тууралуу Чечим чыгарат.

7-кадам. Жер тилкесин натурасында бөлүп берүү жана документтерди түзүү. Жарандарга жер участогун бөлүп берүү архитектура органдары тарабынан жүзөгө ашырылат жана Жер участогун натурасында бөлүп берүү жөнүндө тиешелүү акт менен таризделет.

8-кадам. Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун берүү боюнча жаранга документтер жол-жоболоштурулат жана берилет. Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө токтомду жана ЖМТК үчүн жер участогун бөлүп берүү жөнүндө актыны жарандын колуна берүү, ошондой эле бул жөнүндө укуктарды каттоо боюнча жергиликтүү органга маалымат берүү (КР Жер кодексинин 31-беренесинин талаптары).

Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер берүүнүн укуктук негиздери Кыргыз Республикасында жеке менчик турак үй куруу үчүн жер берүү төмөнкү нормативдик актылар менен жөнгө салынат:

  • 2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • 1999-жылдын 12-июнундагы Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
  • КР Турак жай кодекси;
  • “Архитектура жана шаар куруу жөнүндө” КР Мыйзамы;
  • “Жеке менчик турак үй куруу жөнүндө” КР Мыйзамы;
  • КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 Токтому менен бекитилген Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобо (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-февралындагы токтомунун редакциясына ылайык)
  • КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы №6 Токтому менен бекитилген КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестри (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-февралындагы №80 токтомунун редакциясына ылайык).

Тиешелүү айылдык же шаардык кеңештин токтомдору:

  • жеке турак үйлөрдү куруу үчүн жер участокторун берүү нормаларын белгилөө жөнүндө;
  • облустун, шаардын, райондун башкы архитектору менен макулдашылган калктуу конуштардын башкы пландарын, схемаларын бекитүү жөнүндө;
  • тиешелүү айылдык аймактын үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө.

 

_____________ 

1 Калктуу конуштун Башкы планы болбогон учурда облустун, шаардын, райондун башкы архитектору менен макулдашылган башкы пландардын схемалары менен. КР Жер кодексинин 20-беренесинин 13-пунктуна ылайык, Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын башкы пландары Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

 

Окшош материалы: