Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мамлекет жергиликтүү бюджеттер тууралуу унутуп калдыбы? ЖӨБ Союзунун 2022-2024-жылдарга фискалдык саясаттын негизги багыттарындагы кемчиликтер тууралуу пикири

2021-10-04 / Көңүл чордонунда
Мамлекет жергиликтүү бюджеттер тууралуу унутуп калдыбы? ЖӨБ Союзунун 2022-2024-жылдарга фискалдык саясаттын негизги багыттарындагы кемчиликтер тууралуу пикири

Бир нече жылдардан бери ЖӨБ Союзу фискалдык саясаттын негизги багыттарына (ФСНБ) жана республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорлоруна анализ жүргүзүп келет. ЖӨБ Союзу ФСНБнын бюджеттер аралык мамилелер бөлүмү формалдуу болуп келген жана учурда да так ошондой эле абалда экендигин белгилейт. Буга чейин ЖӨБ Союзунда ФСНБ боюнча көптөгөн сын пикирлери болгон жана бул сындар ФСНБ КР ЖКнын Бюджеттик резолюциясынын талаптарына жооп бербегендигине тиешелүү болгон. Бюджеттер аралык мамилелерди реформалоонун багыттары прогресс көз карашынан алып караганда да, КРдагы ЖӨБдүн абалына тийгизген көз караштан алганда да талданып чыккан эмес. 2021-жылы бөлүм Министрлер Кабинети үчүн да, ЖӨБ үчүн да дээрлик эч кандай бир түшүнүктүү маалыматты камтыбайт. ФСНБнын долбоору өтө олуттуу кечигүү менен сунушталды. КР Бюджеттик кодексинин 82-беренесине ылайык, орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттары Өкмөттүн токтому менен кийинки бюджеттик жылдын алдындагы жылдын 1-июлунан кечиктирилбестен бекитилет. Документтин долбоору 2021-жылы КР Экономика жана финансы министрлигинин сайтында августтун аягында гана пайда болгон.

Реформалардын милдеттери

ФСНБ “Бюджеттер аралык мамилелердин орто мөөнөттүү саясатынын негизги максаттары” топтомун сунуштайт. Анда кайсы бир кезде түзүлгөн Кыргыз Республикасындагы Бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү концепциясындагы милдеттер тизмеленген, бул Концепциянын мөөнөтү 2019-жылы эле бүтүп калган. Бул милдеттер жыл сайын документтен документке өткөрүлүп турат, ошол эле маалда бул багыттар боюнча иш дээрлик жүргүзүлбөйт. 

СУНУШТАМА. ЖӨБ Союзу милдеттердин кайталанган тизмегинин ордуна кийинки үч жылга бюджет аралык мамилелерди реформалоонун чыныгы артыкчылыктарын аныктап, аларды ФСНБда сүрөттөп берүүнү сунуш кылат. Ар бир артыкчылык үчүн, жок дегенде, төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

  • пландалган негизги иш-чаралар;
  • КРдагы ЖӨБдүн экономикалык жана социалдык абалына болжолдуу таасирин кыскача баалоо;
  • иш-чараларды ишке ашыруунун болжолдонуп жаткан мөөнөттөрү.

Бюджеттер аралык мамилелердин жаңы концепциясын иштеп чыгууну ФСНБ долбоору реформанын милдеттеринин бири катары атайт. Бул маселени ЖӨБ Союзу КР Экономика жана финансы министрлиги менен бир нече жолу талкуулаган, атүгүл “Ачык өкмөттүн” жумушчу тобунун алкагында Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдарга бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү Программасынын долбоору иштелип чыккан. Бул документтин долбоору бюджеттер аралык мамилелерди реформалоо боюнча жаңыча мамилени, багыттарды жана сунушталган чараларды камтыган, анын ичинде методологияны жакшыртуу жана бюджеттер аралык трансферттерди, теңдештирүүчү трансферттерди, максаттуу трансферттерди (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну каржылоо үчүн трансферттерди кошкондо), дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды ж.б. эсептөөнүн ачыктыгын жогорулатуу боюнча чаралар камтылган. Долбоор мындан туура бир жыл мурун иштелип чыккан жана ушул кезге чейин КР Экономика жана финансы министрлигинин кароосун күтүүдө.

СУНУШТАМА. ЖӨБ Союзу жаңы концепцияны иштеп чыкпастан, жогоруда айтылган Программаны карап чыгып, толук даярдоону, зарыл болсо аны кабыл алууну сунуш кылат.

Тилекке каршы, ФСНБ долбоору мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы ыйгарым укуктарды чектөө багытында эч нерсе сунуштабайт, бирок бул багытты милдеттердин бири деп атап жүрөт. Практика жүзүндө жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмеси финансылык ресурстар менен камсыздалбастан дээрлик көзөмөлсүз түрдө кеңейтиле берүүдө. ЖӨБ органдарына өткөрүлүп берилген көптөгөн каржыланбаган функциялар кала берүүдө, финансы ресурстары менен бекитилбеген жаңы берилген ыйгарым укуктар кошулууда, бул болсо “Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө” КР Мыйзамынын жана КР Конституциясынын талаптарына каршы келет. ЖӨБ органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктар “жашыруун”, бейформал түрдө өткөрүлүп берилген учурлар бар.

СУНУШТАМА. ЖӨБ Союзу төмөнкү милдетти кошууну сунуш кылат: “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 17-октябрындагы №3296-VI токтомуна ылайык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын так чектөө, республикалык бюджет менен жергиликтүү бюджеттердин ортосундагы, анын ичинде саламаттык сактоо, билим берүү, маданият чөйрөлөрүндө, ошондой эле өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал киргизилген шарттарда чыгашалар боюнча милдеттенмелерди так аныктоо”. Бул бюджеттер аралык мамилелердин абалын жакшыртуу үчүн тез арада ишке ашырылуунун талап кылган өтө маанилүү чара.

Ошондой эле Министрлер Кабинети 2021-жылдын 24-июлундагы №86 токтому менен “Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Бюджеттик кодекске жана “Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө” мыйзамга) мыйзам долбооруна корутундуну жактырганын белгилейбиз. Бул мыйзам долбоору учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосунда турат. Мыйзам долбоору менен Бюджеттик кодекске түзөтүүлөр киргизилүүдө, ага ылайык, бюджеттер аралык мамилелерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын легитимдүү бирикмеси менен макулдашып, республикалык бюджетти даярдоодо жана кабыл алууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын эске алуу механизмин киргизүү каралган. ЖӨБ органдарынын легитимдүү бирикмеси жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин негизинде түзүлөт. 

Министрлер кабинети республикалык бюджетти даярдоодо жана кабыл алууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын эске алууну күчөтүү боюнча мыйзам долбоорунун концепциясын жалпысынан колдогон. 

СУНУШТАМА. ЖӨБ Союзу бул милдетти бюджеттер аралык мамилелердин орто мөөнөттүү саясатынын негизги милдеттерине киргизүүнү сунуш кылат.

Реформага жасалган анализ

ФСНБда реформанын прогрессине талдоо жасалган эмес. Прогресс минималдуу болсо да, ал сүрөттөлүүгө тийиш. Азыркы учурда өлкөдө бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү боюнча иш-чараларды колдогон долбоорлор ишке ашырылып жатат. Бул долбоордун максатын жана күтүлгөн жыйынтыктарын сүрөттөп берүү зарыл.

СУНУШТАМА. ЖӨБ Союзу ФСНБга реформанын прогрессине жасалган талдоонун сүрөттөмөсүн киргизүүнү сунуштайт, мында Өкмөттүн акыркы үч жылда бюджеттер аралык мамилелерди реформалоо боюнча көргөн чараларын жана иш-чараларын, буларды ишке ашыруудан кийинки жыйынтыктарды кошууну сунуш кылат.

Жергиликтүү бюджеттерге статистикалык талдоо 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ЖӨБ Союзу, башка коомдук уюмдар жана жалпысынан коом ФСНБны жергиликтүү бюджеттерди каржылоо жөнүндө аналитикалык маалыматтын бирден-бир булагы катары колдонушат. Бул маалыматты белгисиз себептерден улам ачык булактардан табуу мүмкүн болбой келет. 2021-жылы коом атүгүл ушул маалымат булагынан да ажыраган, анткени ФСБНга түшүндүрмө катында жергиликтүү бюджеттер боюнча талдоо берилген эмес; үч жылга жергиликтүү бюджеттердин пландаштырылган көлөмү тууралуу маалымат да чектелген. Ыйгарым укуктуу орган жергиликтүү бюджеттердин ресурстарын өнүктүрүү тенденцияларын талдоого жана мындай талдоонун жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алууга тийиш.

СУНУШТАМА. ЖӨБ Союзу ФСНБга жергиликтүү бюджеттердин статистикалык талдоо бөлүмүн киргизүүнү сунуш кылат.

Мындан тышкары, ЖӨБ Союзу документтен документке көчүрүлүп келаткан сөзгө КР Экономика жана финансы министрлигинин көңүлүн бир нече жолу бурган: “Жергиликтүү бюджеттерди түзүүдө жана аткарууда корголгон беренелер, анын ичинде коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана көмүр сатып алуу чыгашалардын негизги артыкчылыктуу беренелери бойдон кала берет”. Бул сүйлөм бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү саясатынын багыттарын таптакыр туура эмес чагылдыра турганын кайрадан белгилөөгө мажбурбуз. Бул мамиле өнүгүү аспектилерине орун калтырбай, ресурстарды “жеп салуу” саясатын эске салат. Бул мамилени кайра карап чыгып, аймактар үчүн өнүгүү бюджетин түзүү ниетин так көрсөтүү зарыл.

Жалпы мамлекеттик кирешелерди бөлүштүрүү

Жылдан-жылга ыйгарым укуктуу орган ФСНБда жана республикалык бюджеттин долбоорунда кирешеге салык жана сатуудан алынуучу салык республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда кантип бөлүштүрүлгөндүгү жөнүндө сөздү кайталап келет, же бул сөздү жыйынтыктарга жасалаган талдоо менен да, башка салыктар үчүн ушундай өзгөртүүлөрдү жүзөгө ашыруу ниеттеринин сүрөттөө менен да коштобойт.

ЖӨБ Союзу бир нече жолу ыйгарым укуктуу органдарга, Өкмөткө жана КР ЖКга жогоруда көрсөтүлгөн салыктарды бөлүштүрүүнүн үлүшү өзгөргөндөн кийин мындан утушка ээ болгон ЖӨБдөр гана эмес, кирешеси азайган ЖӨБдөр да болгонун эскертип кайрылган. ЖӨБ Союзу бул маалыматты кирешеси азайган ЖӨБдөн түздөн-түз алып турган.

Ыйгарым укуктуу орган мындай ЖӨБ органдарынын киреше структурасындагы өзгөрүүлөргө деталдуу анализ жасап, чараларды көрүшү керек эле. 

СУНУШТАМА. ЖӨБ Союзу республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосундагы жалпы мамлекеттик кирешелердин бөлүнүшүн өзгөртүү боюнча чаралардын кеңири сүрөттөлүшүн даярдап, сандык жана сапаттык өзгөрүүлөргө талдоо жасап, кирешеси азайган ЖӨБдөргө жоготуулардын ордун толуктоо боюнча чаралардын топтомун көрсөтүп бериши керек болчу.

Бюджеттик системанын деңгээлдериндеги сандардын өзгөрүүсү

Бул ЖӨБ органдары үчүн гана эмес, бүтүндөй өлкө үчүн да өтө олуттуу маселе. Бирок ФСНБ бир гана сүйлөм менен чектелип жатат: “Мындан тышкары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын чыңдоо үчүн 2022-жылдан баштап үч баскычтуу бюджеттик структураны киргизүү боюнча реформалар пландаштырылууда”. Мындай кескин өзгөрүүлөр “мындан тышкары” жасалары өзгөчө кызыктай болууда. Мындай олуттуу билдирүү бери дегенде пландардын олуттуу негиздемелери менен коштолушу керек, ушундай кескин чаралардын “ЖӨБ органдарын чыңдоого” тийгизген таасирине талдоо жасалууга тийиш.

СУНУШТАМА. ЖӨБ Союзу мындай чараны кененирээк сүрөттөп берүүнү сунуш кылат, анда төмөнкүлөр камтылышы керек:

  • мындай реформанын маңызынын толук сүрөттөлүшү;
  • күтүлгөн каржылоо көлөмүн көрсөтүү менен бюджеттик системанын жаңы деңгээлинин сүрөттөлүшү;
  • ЖӨБ үчүн мындай өзгөрүүлөрдүн пайдасына жасалган талдоо жана эсептөө;
  • бул өзгөрүүлөр менен байланышкан ар кандай тобокелдиктерге жасалган талдоо.

Окшош материалы: