Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жайыттарды калктуу конуштардагы жерлерге өткөрүү (трансформациялоо) тартиби тууралуу. 2021-жылдын 13-августундагы өзгөрүүлөрдү эсепке алуу менен

2021-10-04 / Көңүл чордонунда

Консультацияны ЖӨБ Союзунун юристи Венера БОЛТОБАЕВА даярдады.

Жерди трансформациялоо тартиби КР Жер кодекси, 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” жана “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары, Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндө Жобо менен жөнгө салынат.

КР Жер кодексинин 20-беренесинин 12-пунктуна жана “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” КР Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, айыл чарба багытындагы жерлердин категориясына кирген, айыл чарба жерлеринин бир түрү болуп саналган жайыттарды башка категориядагы жерлерге которуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына кирет.

“Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” КР Мыйзамынын 12-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, шаар куруу документтеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча Программанын негизинде калктуу конуштардын аймактарын түзүү жана кеңейтүү менен байланышкан учурда айыл чарба багытындагы жерлерди башка категорияга которууга жол берилет.

Жайыттар айыл чарба багытында эмес жерлердин категориясына которулган учурда, жер участогунун ээси же жерди пайдалануучу айыл чарба жоготууларын жана алынбай калган пайданы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген нормативдер боюнча төлөшү керек. Белгилей кетүүчү жагдай, мындай учур 2021-жылдын 13-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр ЖАПАРОВ кол койгон мыйзамга карата колдонулбайт. Мыйзам айдоо жерлерине карата бул норманы жокко чыгарган. Жалпак тил менен айтканда, сугат айдоо жерлерин трансформациялоодогу жоготуулар компенсацияланбайт, ал эми жайыттарды трансформациялоодо алар компенсацияланат.

Айыл чарба багытындагы жер участогун башка категориядагы жерлерге которуу (трансформациялоо) боюнча акыркы чечимди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кабыл алат. Бирок айыл чарба багытындагы жер участогун башка категориядагы жерлерге которуу маселесин кароо процесси жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде башталат. 

Ошентип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жер участогун бир категориядан экинчисине которуу боюнча арыз менен райондук комиссияга кайрылат. Райондук комиссия он жумушчу күндүн ичинде райондун мамлекеттик администрациясына жер участогун которуунун мүмкүндүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө корутунду берет. Бул корутундуга белгиленген тартипте иштелип чыккан участокто үй куруу боюнча башкы план же анын негизинде даярдалган шаар куруу документтери жана техникалык-экономикалык негиздеме тиркелет.

Райондук комиссиянын корутундусу оң болгон учурда, “Кадастр” мамлекеттик мекемеси да материалдарды даярдап, өз чечимин, түшүндүрмө катын райондун тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жөнөтөт, ал болсо жер участогун которууга макулдук берүү жөнүндө тиешелүү чечим кабыл алып, бардык материалдарды, анын ичинде жерге жайгаштыруу көктөмөсүн облустун мамлекеттик администрациясынын кароосуна жөнөтөт. Жерге жайгаштыруу көктөмөсү төмөнкү документтерден турат:

  • арыз;
  • участокко куруунун белгиленген тартипте макулдашылган башкы планы же анын негизинде иштелип чыккан шаар куруу документтери (көчүрмөсү) жана техникалык-экономикалык негиздеме (эгерде айыл чарба багытындагы жерди калктуу конуштун жерине которуу иши жүрүп жатса);
  • айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын эсеби;
  • ар бир менчик ээси жана жер пайдалануучу боюнча чарба жерлеринин түрлөрү боюнча жерлердин экспликациясы;
  • чектерин жана масштабын көрсөтүү менен жер участогунун планы;
  • райондук комиссиянын корутундусу;
  • калктуу конуштардын аймактарына кеңейтүүдө жана жаңы калктуу конушту түзүүдө – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча Программанын көчүрмөсү;
  • түшүндүрмө кат.

Облустук мамлекеттик администрация жер участогун башка категорияга которууга макулдук берүү жөнүндө тиешелүү чечимди кабыл алат жана бардык материалдарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна жөнөтөт.

КР Министрлер Кабинети жер участогун которуу тууралуу жерге жайгаштыруу документтерин “Кадастр” ММге жөнөтөт. “Кадастр” ММ эгер материалдар мыйзамдардын талаптарына жооп берсе, Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин тапшырмасы боюнча, КР Министрлер Кабинетинин жерди бир категориядан башкага которуу (трансформациялоо) жөнүндө токтомунун долбоорун даярдап, аны министрликтер жана ведомстволор менен макулдашып, андан кийин аны КР Министрлер Кабинетинин кароосуна жиберет. 

КР Министрлер Кабинети жерди башка категорияга которуу тууралуу акыркы чечимди кабыл алат жана аны он күндүн ичинде “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин филиалына жөнөтөт, ал болсо жети жумушчу күндүн ичинде жерди каттоо документтерине (Жер кадастрына) өзгөртүүлөрдү киргизүү менен процессти жыйынтыктап, жер бир категориядан экинчисине которулганы (трансформацияланганы) жөнүндө ЖӨБ органына кабарлайт. 

ЭСТЕЙ ЖҮРҮҢҮЗ: “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” КР Мыйзамынын 6-беренесинин 1-пунктуна ылайык, маданий жайыттарды, түп-тамырынан жакшыртылган жайыттарды жерлердин башка түрлөрүнө же жерлердин башка категориясына которуу Өкмөттүн чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат.

“Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” КР Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, жерлерди жеке турак жайларды курууга трансформациялоону кошпогондо, жайыттардын калган түрлөрүн башка түрлөрүнө же башка категорияларына которууну райондун мамлекеттик администрациясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, республикалык же облустук маанидеги мэриялардын макулдугу менен жүзөгө ашырат.

Жайыттарды калктуу конуштардын жерине которуу (трансформациялоо) иш-аракеттеринин алгоритми

Окшош материалы: