Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жаңы мыйзамдарга ылайык кызматка дайындоо жана бошотуу тартиби жөнүндө

2021-12-17 / Юридикалык кеңеш

ЖӨБ органдарынын суроолоруна ЖӨБ Союзунун эксперттери Ш. АЛИШЕРОВ, Д. АЙТБАЕВ, Э. МАМЫТБЕКОВ жооп беришти.

Кабыл алынган “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамга ылайык айыл өкмөт башчысынын орун басары кандай тартипте дайындалат?

Жаңы мыйзамдын 54-беренесинин 8-пунктуна ылайык, айыл өкмөтүнүн башчысы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын, айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.

Ошентип, айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарларын дайындоо тартиби өзгөрүүсүз калды, бир гана айырмасы, айыл өкмөтүнүн башчысына коюлган талаптар өзгөргөндүктөн, айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарларына карата талаптар да олуттуу түрдө өзгөрдү: “Айыл өкмөтүнүн башчысына коюлуучу талаптар жөнүндө жоболор бирдей өлчөмдө анын орун басарына да колдонулат”. Мыйзамдын 52-беренесинде айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерге төмөнкүдөй талаптар белгиленген:

1) айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик же муниципалдык кызмат орундарында жалпы 5 жылдан кем эмес, анын ичинде жетектөөчү кызматтарда 3 жыл иш стажы бар адамдар, ошондой эле иштин башка чөйрөлөрүндө жетектөөчү кызматта 5 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.

2) айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик тилди кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө билүүгө тийиш;

3) Төмөнкү адам айыл өкмөтүнүн башчысы боло албайт:

  • Кыргыз Республикасынын жараны болбогон;
  • башка мамлекеттин жарандыгына ээ болгон;
  • тиешелүү айыл аймагында туулган;
  • ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген талаптарга ылайык келбеген;
  • соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган же болбосо соттун чечими менен муниципалдык кызматчы катары ишти жүзөгө ашырууга же муниципалдык кызматтын кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салынган;
  • мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу бар.

Жаңы кабыл алынган “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамга ылайык, шаардын мэри өз милдеттерин талаптагыдай аткарбаган шаардагы мамлекеттик аткаруу органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кандай тартипте ээлеген кызматынан бошото алат? Бул жетекчилерди кызматына жараша министрлер же ведомство башчылары дайындаган жагдайды кантип эсепке алуу керек?

Учурда мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызматка дайындоо же бошотуу максатка ылайыктуу болбой турат, себеби аталган мыйзамдын өткөөл жоболору күчүндө. Ошентип, Мыйзамдын 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына, 3-4-бөлүктөрүнө ылайык, колдонуудагы мыйзамдар ушул Мыйзамга шайкеш келтирилүүгө тийиш.

Кыргыз Республикасынын Президентине эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүү сунушталды.

Ошондой эле КР Министрлер Кабинети, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Мыйзамды ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрүп, өз чечимдерин ушул Мыйзамга шайкеш келтирүүгө тийиш.

Ошентип, 2021-жылдын 22-октябрында күчүнө кирген бул мыйзамдын өткөөл жоболорунун негизинде тиешелүү тармактарды жөнгө салуучу мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилген жана мыйзам алдындагы актылар (Президенттин жарлыктары, Министрлер кабинетинин бекитилген токтомдору) кабыл алынгандан кийин гана кызматтан бошотуу жана дайындоо жөнүндө чечимдерди кабыл алыш керек. 

 

Окшош материалы: