Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Каргалык жана Тогуз-Торо айыл аймактары “Жергиликтүү экономикалык өнүгүү үчүн практикалык диалог” долбоорунун колдоосу менен таштандыларды башкаруу чөйрөсүндө муниципалитеттер аралык кызматташуу аракетин көрүүдө

2021-12-17 / Дүйнөдө ЖӨБдүн өнүгүү тенденциясы
Каргалык жана Тогуз-Торо айыл аймактары “Жергиликтүү экономикалык өнүгүү үчүн практикалык диалог” долбоорунун колдоосу менен таштандыларды башкаруу чөйрөсүндө муниципалитеттер аралык кызматташуу аракетин көрүүдө

Жаңылыктар түрмөгүн ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун комдук байланыш боюнча адиси Н. ЖАМАНКУЛОВА даярдады.

Долбоор “Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү” Программасынын колдоосу менен Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жатат. Бул Программа Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH колдоосу менен жүзөгө ашырылууда, аны Евробиримдик жана Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча Федералдык министрлиги (BMZ) кошо каржылайт.

2021-жылдын 12-октябрында Тогуз-Торо районунда “КТКны чогултуу жана чыгаруу боюнча муниципалдык кызмат көрсөтүүсүн жакшыртуунун эсебинен Каргалык айыл аймагында бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү” долбоорун ишке ашыруунун алкагында Каргалык айыл аймагына атайын техника тапшырылды. Бул долбоор Тогуз-Торо муниципалитети менен муниципалитеттер аралык кызматташуунун алкагында жалпы кызыкчылыктагы көйгөйдү биргелешип чечүү максатын көздөйт. Иш-чарага жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы, максаттуу муниципалитеттердин ЖӨБ органдарынын жетекчилери жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү, анын ичинде Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун мүчөлөрү да катышты.

“Катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү биргелешип уюштуруу боюнча муниципалитеттер аралык кызматташуу жөнүндө макулдашуунун шарттарына ылайык, биздин жалпы максатыбыз жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга багытталган гранттык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, жергиликтүү калктын жашоо сапатын жогорулатуу жана жеке бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү экендигин тастыктайбыз. Биз ошондой эле алардын натыйжалуулугун жана туруктуулугун камсыз кылуу үчүн кызматташуунун бардык чөйрөлөрүндө узак мөөнөттүү жыйынтыктарга жетишүү үчүн бардык зарыл чараларды көрөбүз деп макулдаштык. Бул макулдашууну ишке ашыруунун алкагында биздин биргелешкен иш-аракеттерибизге Биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору да көз салат. Алар буга чейин Жаңы-Жол жана Каргалык айыл аймактары үчүн атайын техниканы сатып алууга тендерди уюштуруунун жана өткөрүүнүн бардык процессине, иш-чаранын ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун камсыздоо үчүн атайын техниканы кабыл алууга мониторинг жүргүзгөн”, - деди Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Эмиль АРТЫКБАЕВ.

Мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболору аркылуу атайын техниканы сатып алуу “Жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү үчүн практикалык диалог” долбоорунун жардамы менен мүмкүн болду. Долбоордун максаты – жеке сектордун, мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун ортосунда үзгүлтүксүз диалогду түзүү, анын аркасында бул оюнчулар инклюзивдүү экономиканы өнүктүрүү үчүн негизги шарттарды жакшыртуучу чараларды жана инвестицияларды биргелешип даярдап, ишке ашыра алышат.

Долбоордун максаттуу муниципалитеттери болуп төмөнкүлөр саналат: Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо жана Каргалык айыл аймактары, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Абды Сүйөркулов (Торкен) жана Жаңы-Жол айыл аймактары.

Долбоорду ишке ашыруу 2020-жылдын октябрында башталып, 2022-жылдын июлунда аяктайт.

2021-жылдын октябрь-ноябрь айларында эмнелерге жетише алышты?

  • Белгиленген мөөнөттө долбоорду ишке ашыруунун алкагында төмөнкү иш-чаралар өткөрүлдү:
  • Каргалык жана Тогуз-Торо муниципалитеттеринин ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү, Каргалык АӨнүн “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын директору жана кызматкерлери үчүн муниципалитеттер аралык кызматташтыктын алкагында катуу тиричилик калдыктарын (КТК) чогултуу жана чыгаруу боюнча калкка көрсөтүлгөн кызматты уюштуруу жана сапатын жогорулатуу боюнча практикалык кеңештер берилди.
  • Токтогул жана Тогуз-Торо райондорунун ЖӨБ органдарына муниципалитеттер аралык кызматташтыкты (МАК) түзүүнүн алкагында калкты тейлөө максатында социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына киргизилген өзгөртүүлөр боюнча маалыматтар жана консультациялар берилди.
  • Айыл өкмөтү менен муниципалдык ишкананын ортосунда катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу боюнча акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр тууралуу Келишимдер даярдалды.
  • Каргалык айыл аймагынын Социалдык-экономикалык өнүгүү программасына (СЭӨП) толуктоолор бекитилди.
  • Муниципалитеттер аралык кызматташууну уюштуруу жана өнүктүрүү максатында “Төркен айылындагы дренаждык системаларды калыбына келтирүү” долбоорун ишке ашыруу үчүн А.Сүйөркулов АӨ менен Жаңы-Жол АӨнүн “ДЕКО” муниципалдык ишканасынын ортосунда экскаватор-бульдозерди пайдалануу тууралуу макулдашуу даярдалып, ага кол коюлду. 

Мындан тышкары сугат үчүн насостук станциянын техникалык базасын түзүү жана жол инфраструктурасын оңдоо аркылуу айыл чарбасын өнүктүрүүгө шарттар түзүлдү. 

“Буга чейин биздин аймактын кайрак жерлери жылына бир жолу сугарылып, ошонун өзүндө “КА- 100” үлгүсүндөгү суу насосунун жардамы менен айдоо аянтынын жарымы же 20 гектары гана сугарылып, 1 гектар жерден 100 түк чөп чыкчу. Жаңы кубаттуу насос сатып алынса, дыйкандар жылына эки жолу айдоо жерлерин сугарып, 1 гектар жерден 300 түккө чейин чөп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Дыйкандар алган чөптүн жарымын үй-бүлөлүк муктаждыктарын канааттандыруу үчүн пайдаланса, калган жарымын сатып, кошумча пайдага ээ болот, бул болсо үй-бүлөлүк бюджетке жакшы таасирин тийгизет. Ошондой эле жаңы сугат жерлерден дан эгиндерин түшүмүн алып, өздөрү үчүн ун даярдап, малга тоют камдап, ашканын сатып үй-бүлөлүк бюджетти толтура алышат”, - дейт Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Уланбек КӨЧӨРБАЕВ.

Башка иш-чаралар менен катар максаттуу муниципалитеттерге сатып алуулар жол-жоболору боюнча консультациялар да берилди. Трансформатордук көмөкчордонду жана аны орнотуп, туташтыруу үчүн тиешелүү материалдарды сатып алууга тендер жарыяланып, бирок өтүнмөлөр түшпөгөндүктөн кайра тендер жарыяланган. 2021-жылдын декабрына карата тендердин бардык этаптары бүтүп, жабдууларды жеткирүүчү менен келишимге кол коюу даярдалууда.

Кийинки иш-аракеттер кандай болот?

Учурдагы долбоордук иш-чаралардын алкагында төмөнкү иштер аткарылууда:

  • Тогуз-Торо ААнын “Мол-Түшүм” долбоорунун алкагында насостук жабдууларды жана ага тиешелүү материалдарды сатып алууга тендерди өткөрүүгө даярдык көрүү.
  • “Торкен айылындагы дренаждык системаларды калыбына келтирүү” Долбоорун ишке ашыруу боюнча А.Сүйөркулов АӨнүн сатып алуулар боюнча адисине консультациялар.
  • Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнү уюштуруу жана сапатын жакшыртуу боюнча муниципалдык ишканалардын жана ЖӨБ органдарынын жетекчилери үчүн консультациялар.
  • Муниципалитеттер аралык кызматташуунун алкагында “Торкен айылындагы дренаждык системаларды калыбына келтирүү” долбоорун ишке ашыруу үчүн Жаңы-Жол АӨ, А.Сүйөркулов АӨ жана “ДЕКО” муниципалдык ишканасынын ортосунда экскаватор-бульдозерди  пайдалануу тууралуу келишимди иштеп чыгуу.
  • ЖӨБ органдарын окутуу үчүн ар кандай форматта окуу материалдарын иштеп чыгуу, анын ичинде ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталында (www.myktyaimak.gov.kg) онлайн окутуу.
  • ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталында (www.myktyaimak.gov.kg) жайгаштыруу үчүн ЖӨБдүн алдыңкы тажрыйбаларынын мисалдарын даярдоо.

“Ошондой эле биз өнөктөштөрүбүзгө трансформатордук көмөкчордонду жана ага тиешелүү материалдарды сатып алуу үчүн документтердин пакетин даярдоого жардам бердик:

  • Жарыяны даярдап, жарыялоо
  • Техникалык өзгөчөлүктөр (муниципалитеттер менен макулдашылган)
  • Квалификациялык талаптар
  • Келишимдин долбоору
  • Конкурстук документтер.

Мындан тышкары, Тогуз-Торо ААнын насостук станциясынын долбоорунун долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгуу аяктап, насос жабдууларын жана ага тиешелүү материалдарды сатып алуу үчүн документтердин пакети даярдалууда”, - деп айтты долбоордун менеджери Мирлан МОЛДОБЕКОВ.

 

Окшош материалы: