Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Юридикалык кенеш

2011-12-30 / Юридикалык кеңеш

Суроолорго муниципалдык менчик тууралуу мыйзамдын авторлорунун бири Бекболот Бекиев жооп берет

Долбоордун алкагындагы иш-чараларынын катышуучуларынын суроолоруна жогорку категориядагы юрист, муниципалдык менчик тууралуу мыйзамдын авторлорунун бири Бекболот Бекиев жооп берет:

Суроо. Эски мектептин ордуна жаңы мектеп курушту. Эми бош турган бул эски мектепти эмне кылабыз, биз аны сата алабызбы?

Жооп. КРнын Конституциясына (12-берене),КРнын Жарандык кодексине (222-берене), Крнын “Мүлккө болгон муниципалдык менчик тууралуу” мыйзамга (1-2-беренелер) ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон муниципалдык менчикти сатып алууга, ээлик кылууга, колдонууга акылуу. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тууралуу” мыйзамдын 11-беренесине ылайык,муниципалдык менчиктеги мүлк сатуу-сатып алуу, менчиктештирүү же алмашуу жолу менен берилсе болот. Муниципалдык менчиктеги мүлк жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-бөлүштүрүү органынын чечими менен берилет. Муниципалдык менчиктеги мүлктү берүү тартиби жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталат. Ушундан улам эски мектептин имараты КРнын мыйзамына ылайык бериле алат. Бул ЖӨБнун аткаруу органдары тарабынан жергиликтүү кеңеш бекиткен тартипте ишке ашырылат.

Суроо. Кароосуз калган үйлөр жана башка кыймылсыз мүлк объекттерин эмне кылса болот?

Жооп. Адегенде ал ээси жок кыймылсыз буюм болгонун так аныктап алуу зарыл. 257-беренеге ылайык, ээсиз буюм деп анын ээси болбогон же дайынсыз болгон, же ээси аны колдонуу укугунан баш тарткан буюм эсептелет. Жарандык кодекске ылайык, ээсиз кыймылсыз буюмду жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдарынын арызы боюнча кыймылсыз мүлктү мамлекеттик каттоого алган органдар эсепке алат. Ээсиз кыймылсыз буюм деп аныкталган күндөн 3 жыл өткөн соң, муниципалдык мүлктү башкарууга укуктуу орган бул буюмдун муниципалдык менчикке өткөнүн таануу талабы менен сотко кайра алат. Эгерде сот бул буюмду муниципалдык менчикке өткөрүү чечимин кабыл алса, ээсиз кыймылсыз буюм муниципалдык менчикке өтөт.

Суроо. ЖӨБ органдары Мамлекеттик каттоого Өкмөттүн актысы менен аларга өткөрүлүп берилген өз объекттерине муниципалдык менчик укугун каттоо арызы менен кайрылганда, каттап жаткан органдар ЖӨБ органдарынан көрсөтүлгөн объекттерди башка ведомстволор алдындагы муниципалдык уюмдарга берүү тууралуу кошумча акт чыгарып берүү талап кылышат. Бул талап жүйөлүүбү?

Жооп. Белгилей кетчү жагдай, муниципалдык менчик укугун мамлекеттик каттоодон өткөрүү боюнча мындай учур жөнүндө сөз болуп жатканда,аларды муниципалдык менчикке өткөрүү тууралуу Өкмөттүн актысы жетиштүү. Мындай учурларда Өкмөттүн актысы укугун аныктоочу документ деп эсептелет. Мында ЖӨБ органдары кандайдыр бир локалдык актыларды түзбөсө болот. Эгерде ЖӨБ органдары көрсөтүлгөн объекттерди кийин өткөрүп берейин десе, бул объекттерге берилген укуктарды каттоо үчүн ЖӨБ органдарынан көрсөтүлгөн объекттерге укукту өткөрүп берүү/өткөрүү тууралуу акт талап кылынат. Мисалы, мектептин имараты оперативдик башкаруу укугунун негизинде муниципалдык билим берүү мекемесине тиешелүү. Мындай учурда ЖӨБ органдарынын актысынын негизинде пайда болгон мектептин имаратына оперативдүү башкаруу укугу катталыш керек.

Суроо. Мамлекеттик катоо органдары тарабынан туура эмес түзүлгөн же берилген документтерди оңдоо боюнча чыгымдарды ким көтөрүш керек?

Жооп. Мамлекеттик каттоо органдары тарабынан туура эмес түзүлгөн же берилген документтерди оңдоо Мамлекеттик каттоо органдарынын эсебинен ишке ашырылышы керек. Алар каталарын оңдоп, ЖӨБ органдарына туура түзүлгөн документтерди бериши керек.

Урматтуу ЖӨБ органдарынын кызматкерлери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, коомчулуктун өкүлдөрү!

Эгер сиздерде муниципалдык менчикти башкаруу, жер ресурстарын бөлүштүрүү тууралуу суроолоруңуздар болсо, биз сиздерге жооп табууга жардам беребиз!

Бизге төмөндөгү даректер боюнча кайрылыңыздар:

720021, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Үсөнбаев көч., 44, Өнүктүрүү саясат институту, «Муниципалитет» журналынын редакиясы; office@dpi.kg, nadya.dobretsova@gmail.com

Окшош материалы: