Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү жамааттагы чыр-чатактардын “портрети”. Анын себеби эмнеде жана кантип чыр-чатактардын алдын алууга болот?

2022-01-11 / Көңүл чордонунда
Жергиликтүү жамааттагы чыр-чатактардын “портрети”. Анын себеби эмнеде жана кантип чыр-чатактардын алдын алууга болот?

“Пилоттук муниципалитеттердин жамааттарынын арасында ыктымалдуу чыр-чатактарды, социалдык муктаждыктарды жана коомдук пикир лидерлерин аныктоо” изилдөөсүнүн материалдарынын негизинде даярдалды.

Бул изилдөө “Ынтымактуу жашоо” Долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасындагы International Alert уюмунун буюртмасы менен даярдалган. Долбоор Европа Биримдигинин финансылык колдоосу менен ишке ашырылууда1.

Ар бир жергиликтүү жамаат уникалдуу, социалдык-маданий жана тарыхый жактан кайталангыс өз элементтерине, калыптанып калган шарттардын, салттардын, баалуулуктардын, түркүктүн жана өздөрүнө гана мүнөздүү, өзгөчөлүү жашоо образына ээ. Ал эми жергиликтүү жамааттын ар бир мүчөсү моралдык жана физикалык жактан толук коопсуздукту сезип, тынч, чыр-чатаксыз чөйрөдө жашагысы келет. Бирок, бүткүл дүйнөдөгүдөй эле, жергиликтүү жамааттар да көйгөйлөрдү жана кыйынчылыктарды башынан өткөрүп келүүдө. Ар кандай процесстер адамдардын жашоосуна терс таасирин тийгизүүдө: пандемия жана анын кесепеттери, чек аралардын жабылышы, климаттын жана айлана-чөйрөнүн өзгөрүшү, саясий туруксуздук жана коомдун саясатташуусу, жакырчылыктын өсүшү жана байлар менен кедейлердин ортосундагы ажырымдын көбөйүшү, турукташтыруу чараларына бюджеттик каражаттардын чектелүү болгону. Мунун баары чыр-чатакка алып келип, жарандарды да, жалпы жамаатты да тынчсыздандырышы мүмкүн. Ошол эле учурда ЖӨБ органдары тынчтыкты сактоо процессинде маанилүү ролду ойной алат жана ойноого тийиш, алардын милдети жаңжалдашкан тараптарды ажыратып гана тим болбостон, тынчтыкты жана ынтымакты колдогондордун башын бириктирип, координацияланган биргелешкен иш-аракеттер аркылуу чыр-чатактардын себептерине мониторинг жүргүзүп, аларды болтурбоо үчүн өз убагында чараларды көрүү. Бул ишти натыйжалуу жүргүзүү үчүн чыр-чатактар кандай факторлордун таасири алдында пайда болоорун, кандай көйгөйлөрдүн негизинде чыгаарын жана кырдаалды колго алуу үчүн кандай билим керек экендигин түшүнүү маанилүү. ЖӨБ органдары үчүн башкаруунун бул өңүттөрү боюнча пайдалуу маалымат ушул изилдөөдө берилген, биз анын кыскача баяндалышын жарыялоону чечтик.

Жамааттагы чыр-чатактын деңгээлине таасирин тийгизген негизги факторлор 

Изилдөөнүн жүрүшүндө пилоттук жамааттардын өкүлдөрү жамаатта чыр-чатактын деңгээлинин өсүшүнө таасирин тийгизген факторлорду аныкташты. Шарттуу түрдө аларды төмөнкүдөй топторго бөлүүгө болот: саясий, укуктук, экономикалык, социалдык, инфраструктуралык, башкаруучулук жана экологиялык. Факторлордун бул топтору ар кандай даражада жана ар кандай айкалыштарда изилденип жаткан ар бир муниципалитеттеги чыр-чатактын деңгээлине таасирин тийгизет.

Чыр-чатактын деңгээлине таасир этүүчү факторлордун жыйындысы өтө ар түрдүү жана кеңири экендигин белгилей кетүү маанилүү, бул башкаруу органдарынан колдоочулардын кеңири чөйрөсүн жана чыр-чатактарды башкаруу аспаптарынын болушун талап кылат.

Саясий факторлорго изилдөөчүлөр төмөнкүлөрдү киргизишет: саясий туруксуздук, тышкы күчтөрдүн таасири; улуттук да, жергиликтүү деңгээлде да бийликтин чечимдерди ойлонбостон кабыл алуусу; жетекчилердин тез-тез алмашуусу; өлкөлөр ортосундагы такталбаган чек аралар жана чек аралардын жабылышы; кылмыштуу топтордун таасири; коррупциянын деңгээли; шайлоо процесстери; укук коргоо жана мамлекеттик органдардын пассивдүүлүгү.

Жерлерди трансформациялоодогу кыйынчылыктар; муниципалитеттердин ортосундагы чек аралар, калк менен чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосундагы талаштуу маселелер; мамлекет менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ортосунда жер казынасын жана пайдалуу кендерди пайдалануу маселелери; ресурстарды биргелешип колдонууда эрежелердин, жол-жоболордун жоктугу; укук бузуулар үчүн жазасыздык укуктук факторлорго кирет. 

Экономикалык факторлор: жумушсуздуктун жана жакырчылыктын өсүшү; жумуштуулук деңгээлинин төмөндөшү жана жумуш орундарынын санынын кыскарышы; баалардын өсүшү жана калктын кирешесинин азайышы; ресурстарды (ичүүчү, сугат суулары, жер, жайыттар) бөлүштүрүүдө жана пайдаланууда адилетсиз система; аймактардын ортосундагы экономикалык байланыштардын үзүлүшү жана аймактар   аралык сооданын деңгээлинин төмөндөшү.

Социалдык факторлорго укуктук сабатсыздык жана калктын өз укуктары жөнүндө маалымдуулугунун төмөн деңгээлде болгону кирет; калктын жергиликтүү социалдык институттарга (аксакалдар институтуна, аялдар кеңештерине) ишеним деңгээлинин төмөндөшү; калктын маданиятынын, билиминин жалпы деңгээлинин төмөндөшү; коомдун социалдык бытырандылыгы жана коомдун баалуулуктары менен кызыкчылыктарынын бири-биринен айырмаланышы (салттуу, диний, либералдык-демократиялык, советтик ж.б.); криминалдашуу жана коомдун аң-сезимине коррупциянын кеңири жайылышы; жаман адаттар (өзгөчө жаштардын алкоголдук ичимдиктерди, психотроптук препараттарды колдонуусу); тарбиянын жоктугу, үй-бүлө институтунун бузулушу; социалдык тармактардын жана мессенджерлердин таасири.

Изилдөө кайсы жерлерде жүргүзүлгөн?

Жалпысынан изилдөөгө 25 жамааттын өкүлдөрү катышты, анын ичинде:

  • 9 шаардык жана 16 айылдык;
  • 14 моно- жана 11 көп улуттуу;
  • чек ара боюндагы 9 жана коңшу мамлекеттер менен чектешпеген 16 жамаат;
  • борбордон алыс 11 жана географиялык жактан ыңгайлуу шарттарда жайгашкан 14 жамаат;
  • ички мигранттарды кабыл алган муниципалитеттердин 7 жамааты, аларды жөнөткөн 18 жамаат;
  • аймагында ири чарба жүргүзүүчү субъекттер (инвесторлор) жайгашкан 8 жамаат, аймагында ири ишканалар болбогон 17 жамаат.

Изилдөөгө жалпысынан 401 адам катышкан, анын ичинен 51,1% эркектер жана 48,9% аялдар. Катышуучулардын сапаттык курамы: 34% – ЖӨБ органдарынын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, 9% – билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, 24% – коомдук уюмдардын өкүлдөрү, 21% формалдуу жана бейформал лидерлер, калгандары муниципалитеттердин тургундары.

Институционалдык факторлорго чыр-чатактарды талдоо, болжолдоо жана алдын алуу менен алектенген уюмдардын чабалдыгы; жергиликтүү деңгээлде чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү атайын институттардын жана уюмдардын чабалдыгы кирет. Ошондой эле буга башкаруу органдарынын компетенттүүлүгүнүн жетишсиздигин камтыган башкаруучулук факторлордун топтомун да киргизсе болот; улуттук жана жергиликтүү деңгээлдеги башкаруудагы ажырымды; ЖӨБ органдарынын айрым өкүлдөрүнүн жергиликтүү көйгөйлөрдү, чыр-чатактарды чечүүгө кайдыгер мамилесин; калк менен байланыштын жетишсиздигин же алардын формалдуу мүнөзүн; мамлекеттик органдардын ортосундагы начар координацияны жана өз ара аракеттенүүнү да кошсо болот. Экологиялык факторлор өзүнчө топко кирет: климаттын өзгөрүшү (кургакчылык, суунун аздыгы, сел, жер көчкү, мөңгүлөрдүн эриши ж.б.), чарба жүргүзүүчү субъекттердин жерди рекультивациялоо, калдык сактоочу жайларды калыбына келтирүү, таштандыларды кайра иштетүү боюнча өз милдеттенмелерин аткарбашы; абанын, топурактын, суунун, жайыттын булганышы.

Пилоттук муниципалитеттердеги чыр-чатактардын негизги түрлөрү

Изилдөөнүн жүрүшүндө жамааттардын жана башкаруу органдарынын өзгөчө тынчсыздануусун жараткан чыр-чатактын негизги түрлөрү аныкталды. Алар 1-таблицада берилди.

Калк арасында өзгөчө тынчсызданууну жана кооптонууну жараткан эң маанилүү чыр-чатактардын бешилигине   төмөнкүлөр кирди: 1) жашоочулардын ортосундагы жалпы ресурстарды пайдаланууга байланыштуу чыр-чатактар –   85,8%; 2) ресурстарды бөлүштүрүү боюнча ЖӨБ органдарынын чечимдерине байланыштуу чыр-чатактар – 52,6%; 3) үй-бүлөлүк чыр-чатактар   – 50,4%; 4) жаштардын ортосундагы чыр-чатактар – 32,2%; 5) кошуналар ортосундагы чыр-чатактар – 23,1%. 

Фокус-топторго жасалган контент-талдоо респонденттердин кооптонуусун жана тынчсыздануусун пайда кылган эң көп колдонулган сөздөрдүн тизмесин аныктады. Мындай сөздөргө төмөнкүлөр кирет: суу, жер, жайыт, үй-бүлө, чек ара, мыйзам. Мына ушул жыйынтык адамдарды тынчсыздандырган чыр-чатактын негизги түрлөрү ресурстук, үй-бүлөлүк жана чек ара чатактары экенин далилдейт. Адамдарды укук колдонуу практикасы жана мыйзамдардын аткарылышы жер-жерлерде иштебей жатканы тынчсыздандырат. Суу жана үй-бүлөлүк чыр-чатактар өзгөчө курч турат, алар дээрлик бардык пилоттук муниципалитеттерде орун алган.

Бирок ар бир муниципалитетти өз-өзүнчө алып карай турган болсо, анда жалпы көрүнүш такыр өзгөрөт. Бардык эле пилоттук муниципалитеттерде аймактык, чек ара, этностор аралык жана башка чыр-чатактар   бар эместигин эске алып, алар бардык 25 пилоттук жамааттар үчүн эң маанилүү чыр-чатактардын бешилигине кирген жок. Бирок, эгерде конкреттүү аймактарды карасак, анда бул чыр-чатактар   артыкчылыктуу маселе болуп саналат. Мисалы, N шаары үчүн этностор аралык чыр-чатактар   актуалдуу болсо, конкреттүү элеттик муниципалитет үчүн чек ара чатактары биринчи орунда турат.

Локацияларга жасалган талдоо чыр-чатактардын түрлөрү аймактык өңүттөрдөн көз каранды болгонун көрсөтүп турат, алар жамааттардагы чыр-чатактын мүнөзүнө жана деңгээлине таасир этүүдө. Чек ара жана көп улуттуу жамааттарда чыр-чатактын чыгуу тобокелдиги жогору, себеби ар кандай ресурстук жаңжал оңой эле чек арадагы чырга же этностор аралык жаңжалга айланып кетиши мүмкүн. Ички мигранттардын миграция жерине айланган муниципалитеттерде жергиликтүү калк менен ички мигранттардын ортосундагы чыр-чатактын эскалациясы үчүн потенциалы жогору. Өзгөчө чет элдик капиталы бар, ири чарбалык субъектилер (тоо-кен, өнөр жай ишканалары, базарлар ж.б.) жайгашкан муниципалитеттер калк менен жеке ишканалардын ортосундагы чыр-чатактардын пайда болуу тобокелдигине көбүрөөк дуушар болушат.

Ресурстарга байланышкан чыр-чатактар

Изилдөө көрсөткөндөй, ар кандай ресурстарды (сууну, жерди, жайыттарды) пайдаланууга байланышкан жанжалдар   чыр-чатактын эң кеңири таралган түрү болуп саналат. Бул категорияга калктын ар кандай топторунун ортосундагы чыр-чатактар (түрдүү жалпы ресурстарды бөлүштүрүүгө жана пайдаланууга байланыштуу), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен калктын ортосундагы чыр-чатактар (бул ресурстарды адилетсиз бөлүштүрүүгө жана пайдаланууга байланыштуу), ошондой эле калк менен чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосундагы чыр-чатактар   кирет (өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбагандыгына байланыштуу).

Пилоттук муниципалитеттерде түрдүү ресурстарды бөлүштүрүү жана пайдалануу боюнча төмөнкү маселелер өзгөчө курч турат: адамдардын ден соолугуна, кирешесине, экономикалык жана азык-түлүк коопсуздугуна түздөн-түз таасирин тийгизген ичүүчү жана сугат суу көйгөйлөрү; жаш үй-бүлөлөрдү бөлүү жана жайгаштыруу үчүн жердин тартыштыгы же трансформациялоо маселелеринин чечилбегендиги; жерди адилетсиз бөлүштүрүү же аны сатуу фактылары; суу чарба комплекстеринин канааттандырарлык эмес абалы; суу, жайыт, жер үчүн акы төлөөнүн тарифтик саясатына байланышкан маселелер; АӨ менен токой чарбаларынын ортосундагы жайыт чек араларынын аныкталбагандыгы; жер, суу, жайыт маселелери боюнча АӨ чечимдерин кабыл алуу процессинде (мисалы, тарифтерди белгилөө процессинде) ачык-айкындуулуктун жоктугу жана жергиликтүү жамааттын катышпагандыгы. Респонденттердин айтымында, ресурстарды бөлүштүрүү жана биргелешип пайдалануу боюнча ЖӨБ органдары менен калктын ортосундагы чыр-чатактар   көбөйүүдө. Бул түрдөгү чыр-чатактын негизги себеби – ЖӨБ органдарынын башкаруучулук потенциалынын төмөндүгү жана кесипкөйлүгүнүн жоктугу, улуттук мыйзамдардын негиздерин билбегендиги, коррупциялык схемаларга аралашуусу же жөн эле кайдыгерлик. Жергиликтүү жамаатта туруктуулуктун негизи – бул күнүмдүк турмуштук процесстерди башкаруу, коомдо толеранттуулукту жана көп түрдүүлүктү сыйлоону калыптандыруу, жарандык аң-сезимди жана жоопкерчиликти калыптандыруунун мыкты салттарын сактоо.

Пилоттук муниципалитеттерде ЖӨБ органдары менен жергиликтүү жамааттын ортосундагы чыр-чатактар   жергиликтүү калктын көйгөйлөрү чечилбегенде, адамдар өз көйгөйлөрүн чечүүнүн реалдуу жолун көрбөгөндө, ЖӨБ органдарынын колунда реалдуу бийликти көрбөгөндө пайда болот. Көбүнчө жамааттар жерден, суудан, менчиктен түшкөн кирешеге, ал тургай жергиликтүү бюджетти бөлүштүрүүгө байланыштуу жетиштүү маалымат алышпайт. Жамааттын деңгээлинде жалпы ресурстарды пайдалануунун эрежелери жана тартиби так аныкталган эмес. Мисалы, ЖӨБ органдарынын 15 пайызга жакыны гана муниципалдык менчиктеги объекттердин, анын ичинде иштетилбеген жер тилкелеринин реестрин жарыялап турат; бардык эле ЖӨБ органдары бюджет боюнча коомдук угууларды өткөрө беришпейт. Адатта ЖӨБ органдары ар кандай жагдайлардан улам көйгөйлөрдү көңүл сыртында калтырып коюшат же чечим кабыл албай, создуктуруп жүрө беришет, муну эл көрүп, чыңалуу күчөп, бийликке болгон ишеним азаюуда.

1-таблица. Жергиликтүү жамааттарда чыр-чатактардын негизги түрлөрү

Адамдар ортосундагы чыр-чатактар

Жамааттардагы чыр-чатактын кийинки эң көп тараган түрү болуп адамдар ортосундагы чыр-чатактар   саналат, ага үй-бүлөлүк чыр-чатактар   жана кошуналар ортосундагы чыр-чатактар   (36,6%) кирет. Бардык пилоттук муниципалитеттерде үй-бүлөлүк чыр-чатактын жогорку деңгээли байкалат. Респонденттер өзгөчө пандемия учурунда чыр-чатактын бул түрү көбөйгөнүн белгилешет.

Үй-бүлө – инсандын калыптанышына жана өнүгүшүнө таасирин тийгизген коомдун эң маанилүү социалдык институттарынын бири. Жалпы коомдун туруктуулугу жана өнүгүшү үчүн бакубат үй-бүлөлөр чоң мааниге ээ. Пандемия учурунда үй-бүлөлүк чыр-чатактар   көбөйүп, буга карантиндик чаралардан улам көптөгөн үй-бүлөлөр өз көйгөйлөрү менен жалгыз калганы себеп болгон. Үй-бүлөлүк конфликтология темасы жетишээрлик деңгээлде ачылбаганы кырдаалды ого бетер татаалдаштырды. Пилоттук жамааттардагы үй-бүлөлүк чыр-чатактарга байланышкан кырдаал (50,4%) чыр-чатактар   үй-бүлөнүн маңызын олуттуу түрдө өзгөртүп, коом үчүн бир катар терс кесепеттерге алып келерин көрсөтүп турат: үй-бүлөнүн социалдык институт катары мааниси жоголуп, анын социалдык функциялары чабал иштеп калды.

Адамдардын социалдашуусунда, эс алууну уюштурууда үй-бүлө өзүнүн алдыңкы позициясын жоготуп, азайып, ата-эненин бедели түшүп баратат. Көп учурда бул олуттуу психотравмалык кесепеттерге алып келүүдө. Ошондуктан үй-бүлөдөгү чыр-чатактардын алдын алуу, ошондой эле алардын кесепеттерин жоюу үчүн жубайларга психологиялык жардам жана колдоо көрсөтүү системасын иштеп чыгуу маанилүү. Үй-бүлөдөгү чыр-чатактар   зордук-зомбулукка, баарынан мурда аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка алып келээри анык. Бул зордук-зомбулук фактыларына жооп кайтаруу жана зомбулуктан жабыркагандарга жардам көрсөтүү алгоритмин иштеп чыгууну талап кылууда.

Экологиялык себептер боюнча чыр-чатактар

Кырдаалга жасалган талдоо көрсөткөндөй, калк менен чарба жүргүзүүчү субъекттердин (тоо-кен казуучу ишканалар, базарлар, өнөр жай ишканалары, көмүр базалары, токой чарбалары ж.б.) ортосундагы чыр-чатактар көбөйүүдө. Чыр-чатактын келип чыгышына туура маалыматтын жоктугу, кызыкдар адамдарды сатып алуу фактылары, лицензияларды алып-сатарлык, ресурстарды бөлүштүрүүдөгү жана пайдалануудагы көйгөйлөр, жергиликтүү жамааттын каада-салттарын жана маданиятын сыйлабоо себеп болууда. Калктын ишенимин калыбына келтирүү үчүн олуттуу аракеттер талап кылынат. Эреже катары, бул чөйрөдөгү чыр-чатактар   айлана-чөйрөнү булгоо маселелерине байланыштуу болуп жатат.

Экологиялык абалдын жана калктын, өзгөчө аялдардын жана балдардын ден соолугунун абалынын начарлашы, ошондой эле айыл чарба жерлеринин жана суунун сапатынын начарлашы жергиликтүү тургундарды өзгөчө тынчсыздандырууда.

Жергиликтүү жамааттар суу ресурстарынын булгануу коркунучун тоо этектеринде, жер үстүндөгү суу ресурстарынын жанында курулган жана колдонулуп жаткан калдык сактоочу жайларга, геологиялык чалгындоо жана курулуш иштери менен байланыштырып жатышат. Акыркы мезгилде экологиялык кырдаалдын начарлашы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан ишканалардын ишине көзөмөлдүн жоктугунан жана ЖӨБ органдарынын буга көз жумуп койгонунан улам келип чыгууда. Калктын баамында, жер-жерлердеги бийлик өкүлдөрү жетиштүү кесипкөй эмес, мыйзамдардын негиздерин, өз ыйгарым укуктарын жана милдеттерин билишпейт, компаниялар менен калктын ортосунда эффективдүү диалогду түзө алышпайт. Маселелерди чечүү кечеңдеп, бул болсо адамдардын нааразычылыгына кошумча себеп болууда. Кабыл алынган көптөгөн мыйзам ченемдерин жер-жерлерде ишке ашыруу мүмкүн эмес, себеби аларды аткаруунун конкреттүү механизмдери жок. Тургундар кен казган компаниялар жардыруу иштерин жүргүзүп, оор жүк ташуучу унаалар ары-бери каттагандыктан үйлөрүнүн дубалдарынан жарака кетип, тынч жашай албай жатканын, жолдор талкаланып, чаң басып калганын айтып нааразы болушууда. Ошол эле учурда калк ушундай ыңгайсыздыктар үчүн дайыма эле кенемте ала бербейт. Компанияларда иштеген жергиликтүү жумушчулар атайын коргоочу кийимдердин тартыштыгына, эмгек жана жашоо шартынын начардыгына, айрым компаниялар ден соолукка келтирилген зыян үчүн кенемте төлөөдөн баш тартып жатканына нааразы. Дагы бир көйгөй – дээрлик бардык компаниялар бузулган жерлерди рекультивациялоо иштерин жүргүзүшпөйт.

Жаштар арасындагы чыр-чатактар

Жаштар чөйрөсү эки жол менен жөнгө салынат: 1) өзүн өзү уюштуруу (субъективдүүлүк) жана өз кызыкчылыктарын ишке ашыруу жолдорун өз алдынча тандоону аныктоо аркылуу; 2) жаштарды өз максаттарына жетүү үчүн курал катары пайдаланган айрым адамдар/топтор тарабынан тыштан уюштуруу жолу аркылуу (объективдүүлүк). Социалдык жана саясий туруксуздук жаштар арасындагы чыңалууга себеп болуп, жаштардын позитивдүү да (ыктыярчылар, кошуундар), терс мүнөздөгү да жигердүүлүгүнүн булагына айланды. Жаштардын жигердүүлүгүнүн багытына бир катар факторлор таасир этүүдө: билим, тарбия, маданияттын жана социалдашуунун деңгээли, иш менен камсыз болушу, киреше, үй-бүлөлүк абалы, жамааттын жашоосуна жана чечим кабыл алуу процессине тартылуу даражасы.

Жаштар арасындагы чыр-чатактын үч түрү бар. Биринчи түрү жаштардын социалдык абалынын теңсиздигинен, экинчиси – жаштардын жергиликтүү деңгээлдеги социалдашуу институттары менен өз ара аракеттенүүсүнүн өзгөчөлүктөрүнөн, үчүнчүсү – жаштардын субмаданий өзгөчөлүктөрүнөн келип чыгат. Пилоттук муниципалитеттерде чыр-чатактардын бардык үч түрү тең байкалды. Жаштар менен иштөөдө алар бир эле учурда чыр-чатактын субъектиси да, объектиси да боло аларын түшүнүү зарыл. Эреже катары, жаштардын чыр-чатактары өзгөчө чыңалуу жана зордук-зомбулуктун жогорку деңгээли менен коштолот.

Бул чыр-чатактарды сүйлөшүү же мунаса табуу жолу менен чечүү мүмкүн эмес, себеби алардын өзөгүндө башка жүйөлөр жатат. Жаштар топторунун чыр-чатактарына алардын ортосундагы баалуулуктардын, ишенимдердин, этностук жана диний таандыктыктардын айырмачылыктарына негизделген чыр-чатактар, адилеттүүлүктү таппагандыктан жана кадыр-баркына шек келтиргендиктен улам келип чыккан чыр-чатактар   кирет. Жаштар чоңдордун чагымына жана манипуляциясына көбүрөөк кабылышат. Жаштарга максимализм мүнөздүү жана алар бардык нерсени “ушул жерде жана азыр эле” алгысы келишет.

Жаштар чоңдордун авторитетине каршы өз кызыкчылыктарын сүрөп, чыр-чатактын өз алдынча тарабы катары чыккан учурлар бар болгонун белгилей кетүү зарыл. Жаштар монолиттүү топ болуп мобилизацияланып, өз кызыкчылыктарын өтө катаал түрдө сүрөп, кээде башка социалдык топтордун – аялдардын, кары-картаңдардын, майыптуулугу бар адамдардын ж.б укуктарын бузуп алышууда.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ролу жана чыр-чатактардын жаңы түрлөрү

Адамдардын ортосундагы талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер чыр-чатактарга айланып кетишине жол бербөө үчүн ынтымакты жана тынчтыкты камсыз кылуу, чыр-чатактарды болтурбоо жана алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүү ЖӨБ органдарынын ролу болуп саналат. Бирок кээде ЖӨБ органдарынын өздөрү да чыңалууга жана пикир келишпестикке себепкер болуп, ойлонулбаган чечимдерди кабыл алып, жанжалдашкан тараптардын бирин ачык колдоп чыгышат. Айыл өкмөттөрүнөн жана жергиликтүү кеңештин депутаттарынан көп нерсе көз каранды, алар анализдегенди, артыкчылыктарды аныктаганды, кызыкдар тараптар менен кызматташып, өнөктөштүктү түзө билиши керек.

ЖӨБ органдары менен калктын ортосундагы эффективдүү кайтарым байланыштын жоктугу да жер-жерлерде чыр-чатактардын себептеринин бири болуп саналат. ЖӨБ органдары калктын ар кандай топтору, өзгөчө ресурстарга жетүү мүмкүнчүлүгү чектелгендер менен диалог түзүп, өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн баалай беришпейт. Ар кандай топтордун кызыкчылыктарын алдын алуу жана макулдашуу боюнча натыйжалуу иш чыр-чатакты чечүү үчүн негиз боло алат. Эгер мунун айланасында иш жүргүзбөсө, анда көйгөй курчуп, аны чечүү жолун табуу барган сайын кыйындай берет. Пилоттук муниципалитеттердин мисалдары адамдардын топтоло берген нааразычылыгы көп учурда этностор аралык жана башка топтор аралык чыр-чатактарга айланып кетээрин ачык көрсөтүп турат.

Ошондуктан, жамааттарда дайыма кырдаалды талдап, чыр-чатактар   чыгышы мүмкүн болгон жана мындай чыр-чатактардан пайда тапчу чөйрөлөрдү, кызыкчылыктар топторун аныктоо зарыл. Мындай жамааттарда ыкчам чара көрүү схемалары сөзсүз түрдө иштелип чыгышы керек, чыр-чатакты чечүүдөгү бардык кызыкдар тараптардын функциялары жана өз ара аракеттенүү алгоритми так аныкталууга тийиш. “Букту чыгарып алуу” үчүн, чыңалууну азайтуу максатында ар кандай диалог аянтчаларын түзүп, биргелешкен иш-аракеттерди иштеп чыгуу практикага айланышы керек. Жамааттын мүчөлөрү көйгөйлөрдү чечүү үчүн ЖӨБ органдарына жана мамлекеттик органдарга коркпой кайрылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек.

Жарандардын кайрылууларына жооп берүүчү институт зарыл. ЖӨБ органы маселени чече албаса дагы, бул маселе эмне үчүн чечилбей жатканын элге ачык айтып, бирок аткарылбай турган убадаларды бербөөгө тийиш.

Бир катар жамааттарда ички миграциянын күчөшүнө байланыштуу жергиликтүү калк менен ички мигранттардын ортосунда чыр-чатактын жаңы түрү пайда болууда. ЖӨБ органдары жана мамлекеттик бийлик ички мигранттарды/жер которгондорду жаңы чөйрөгө ассимиляциялоого, “өткөөл” жамааттардын урбанизацияланышына көмөк көрсөтүп, элеттик жашоо образынан шаардык жашоого өтүүнү жеңилдетүү боюнча баштапкы чараларды көрө башташы керек.

Чыр-чатактарды эффективдүү башкаруу үчүн ЖӨБ органдары эмнелерди билүүгө тийиш?

Жергиликтүү жамааттардын деңгээлинде кырдаалга олуттуу таасирин тийгизүүгө жөндөмдүү көптөгөн институттар жана уюмдар бар. ЖӨБ органдарынын милдети чыр-чатактарды жөнгө салуу жана алдын алуу маселелери боюнча натыйжалуу кызматташууга боло турган тарапкерлердин, өнөктөштөрдүн чөйрөсүн кеңейтүү болуп саналат. Жаңжал жаралган кырдаалдарды чечүү үчүн жергиликтүү деңгээлде ийгиликтүү колдонула турган өз ара аракеттенүүнүн көптөгөн формалары, механизмдери бар, анын ичинде төмөнкүлөр бар: талаш-тартыштарды жана чыр-чатактарды чечүү боюнча депутаттык комиссиялар; үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча комитеттер (ҮЗАК); чыр-чатактардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча борборлор; медиация институттары; аксакалдар соттору; жаштар борборлору; аялдар кеңештери; тейлөө уюмдары (билим берүүчү, медициналык, кризистик борборлор, укуктук жардам көрсөтүү борборлору ж.б.); социалдык педагогдор жана психологдор; кайрымдуулук борборлору; ыктыярчылар кыймылдары; жамааттагы беделдүү формалдуу жана бейформал лидерлер; жалпыга маалымдоо каражаттары жана социалдык тармактар; ишеним телефондору жана коомдук кабылдамалар; мониторинг топтору; мектептеги өз алдынча башкаруу органдары. 

ЖӨБ органдарына ошондой эле мүмкүн болуучу чыр-чатактарга мониторинг жүргүзүп, аларды болтурбоо боюнча атайын билимдер жана көндүмдөр керек. Төмөндө бул маселеде ЖӨБ органдарына керек болгон билимдердин жана көндүмдөрдүн багыттарынын болжолдуу тизмеси келтирилди: өз ишинде чыр-чатакты алдын ала сезип, аны болтурбоо ыкмасын колдоно билүү; улуттук мыйзамдардын негиздерин, чыр-чатактарды чечүүдө башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жана милдеттерин билүү; чыр-чатактарды талдай билүү, алардын себептерин аныктоо, чыр-чатактардын масштабын болжолдоп, картасын түзө билүү; чыр-чатактардын алдын алуу жана башкаруу боюнча пландарды иштеп чыгуу;  натыйжалуу байланыштарды түзө билүү, бардык тараптар, формалдуу жана бейформал лидерлер менен кызматташа билүү; жаңылыктарды жана маалыматтарды бере билүү, маалыматты манипуляциялоонун тобокелдиктерин түшүнүү; чыр-чатак маалында эл менен сүйлөшө билүү жана адамдарды башкара алуу; консультациялык кызматтарды көрсөтө билүү; жамааттын күчү менен көйгөйлөрдү, муктаждыктарды жана аларды чечүү жолдорун аныктай билүү, жамаатты чыр-чатактарды чечүүгө тартуу; кабыл алынган чечимдерге мониторинг жүргүзө билүү; билимдин негизинде лидерликти көрсөтө билүү; көп түрдүүлүктү башкара билүү жана кызыкчылыктарды тоготпой коюунун тобокелдиктерин баамдоо. 

_____________ 

1 Долбоор жарандык коомго жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чыр-чатактардын алдын алуу жаатында колдоо көрсөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 25 районунда медиация көндүмдөрүн үйрөтүү максатын көздөйт.

 

Окшош материалы: