Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

25 муниципалитет чыр-чатакты эрте алдын алуу боюнча ишинде колдоого ээ болушат

2022-01-11 / Көңүл чордонунда

2021-жылдын этегинде “Ынтымактуу жашоо” долбоорунун гранттык комиссиясы долбоордун 25 пилоттук муниципалитетинин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын арасында жарыяланган конкурстун жыйынтыгын чыгарды.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) үчүн чакан гранттар программасы жөнүндө жобого ылайык, ыктыярдуу жаштар кошуундарына (ЫЖК), ыктыярчылардын топторуна, жарандык коомго жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо процессинен кийин чыр-чатактарды талдоо, медиация жана алдын алуу боюнча көндүмдөрүн өркүндөтүүгө колдоо көрсөтүү конкурстун максаты болгон.

“Кыргызстан үчүн күчтүү жарандык коомдун борбордо гана эмес, бирок ошондой эле региондордо калыптанышы абдан маанилүү. Чыр-чатактардын алдын алууда негизги роль жарандык коомдун жана жергиликтүү бийлик органдарынын бирдиктүү иш алып баруусуна таандык. Бул процессте чыр-чатактын сезимталдыгы жана тынчтыкты орнотуу, талдоо боюнча алардын билимин жана көндүмдөрүн чыңдоо аркылуу алардын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу абдан маанилүү. Чакан гранттар аркылуу долбоорлорду ишке ашырууда катышуусу буга өбөлгө түзөт деп ишенебиз”, - деп айтты Шакират ТОКТОСУНОВА, International Alert уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлү.

“ЖӨБ органдары үчүн гранттар жергиликтүү деңгээлдеги шайлоодон кийинки процессте чыр-чатактарды болтурбоого, ЖӨБ органдарынын потенциалын жана инфраструктураны чыңдоого багытталган. Мындай иш-аракеттер жергиликтүү деңгээлде чыр-чатактарды эрте мөөнөтүндө алдын алууга, мониторинг жана талдоо жүргүзүүгө негизделген инклюзивдүү кеңири катышуусу үчүн зарыл. Бул каражаттар ошондой эле ЖӨБ жана жарандык коом уюмдарынын (ЖКУ) жергиликтүү жарандык жамаат менен өз ара аракеттенүүсү колдонулса да болот. Бул аракеттер жарандык жамааттарды мобилизациялоо жана чыр-чатактын эрте алдын алуу боюнча биргелешкен натыйжалуу инклюзивдүү чараларын иштеп чыгып, жамааттын кеңири чөйрөсүнө чыр-чатактарды талдоо көндүмдөрүн үйрөтүү максатында; жергиликтүү деңгээлде чыр-чатактарды эрте алдын алуу боюнча ЖӨБдүн потенциалын күчөтүү үчүн жасалууда”, - деп айтты Гранттык комиссиянын мүчөсү Султан МАЙРАМБЕКОВ.

Долбоордун бардык пилоттук муниципалитеттеринен конкурска жалпысынан 25 өтүнмө келип түшкөн. Гранттык комиссия түшкөн өтүнмөлөрдү конкурстун критерийлерине ылайык жана маданий сезгичтигин; чыр-чатактарга жана гендердик сезгичтигин эске алуу менен баалап чыкты.

Гранттык долбоордун соңунда, эгерде аны ишке ашыруунун натыйжасында материалдык каражаттар сатып алынган болсо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жамаат үчүн жабдуулардын иштешинин мындан аркы туруктуулугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планын берүүгө тийиш, бул планда ушул иш-чаралардын аткарылышына жергиликтүү кеңеш тарабынан мониторингди жүзөгө ашыруу боюнча чаралар камтылууга тийиш.

Пилоттук муниципалитеттердин ЖӨБ органдары жана гранттык долбоорлордун аталыштары:

  •  Түп АӨ: “Түп ынтымагы”
  • Балыкчы ш. мэриясы: “Жергиликтүү демилгелердин конкурсун өткөрүү”
  • Нарын шаарынын мэриясы: “Ачык Нарын”
  • Кочкор АӨ: “Маалымат борбору”
  • Каргалык АӨ: “Жергиликтүү демилгелердин конкурсун өткөрүү”
  • Кара-Буура АӨ: “Жергиликтүү демилгелердин конкурсун өткөрүү”
  • Покровка АӨ: “Коопсуз жашоо”
  • Терек-Сай АӨ: “Калк арасындагы чыңалууну азайтуу үчүн коомдук иш-чараларды өткөрүүгө шарттарды түзүү”
  • Жаңы-Жол АӨ: “Спорт – бул биримдик”.
  • А.Сүйөркулов АӨ: “ОПЦ ишмердүүлүгүн активдештирүү, зордук-зомбулукту жана чыр-чатактарды алдын алуу”
  • Кара-Көл ш. мэриясы: “Маалымат – ийгиликтин ачкычы”
  • Таш-Көмүр ш. мэриясы: “Жергиликтүү демилге конкурсун өткөрүү”
  • Майлуу-Суу ш. мэриясы: “Жергиликтүү бийликтин ишмердүүлүгү тууралуу калкка маалымат жеткирүү”
  • Тепе-Коргон АӨ: “Ынтымак – ийгиликтин ачкычы”
  • Ленин АӨ/Алай: “Жергиликтүү демилгелердин конкурсун өткөрүү”
  • Кара-Кулжа АӨ: “Элге ачык маалымат”
  • Ноокат ш. мэриясы: “Ачык-айкын маалымат”
  • Өзгөн ш. мэриясы: “Өзгөн шаарындагы ынтымак жашоо”
  • Ленин АӨ/Аламүдүн: “Жергиликтүү демилгелердин конкурсун өткөрүү”
  • Курама АӨ: “Жергиликтүү демилгелердин конкурсун өткөрүү”
  • Токмок ш. мэриясы: “Дебат клубдарын уюштуруу”
  • МТУ 1/Бишкек: “Коопсуз короо”
  • Сумбула АӨ: “Жергиликтүү демилгелердин конкурсун өткөрүү”
  • Суу-Башы АӨ: “Кызматташтык борбору”
  • Бирлик АӨ: “Биздин аймакта эл ынтымактуу жашайт”.

Маалымат үчүн: “Ынтымактуу жашоо” долбоору Европа Биримдигинин колдоосу менен International Alert уюму, Улуттук медиация борбору жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылууда. Долбоор Кыргызстанда жигердүү жаштарды, жарандык коомду жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын социалдык чыр-чатактарды алдын алууда, укук тартибин сактоодо колдоо көрсөтүү, ошондой эле Кыргызстандын 25 тандалган жеринде медиация көндүмдөрүн үйрөтүү үчүн платформа түзүү максатында иш алып барууда.

 
_________________  

1 Долбоор Европа Биримдигинин финансылык колдоосу менен Өнүктүрүү саясат институту, Кыргыз Республикасындагы International Alert жана Улуттук медиация борборунан турган уюмдардын консорциуму тарабынан ишке ашырылууда.

 

Окшош материалы: