Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Туруктуу комиссиялардын ыйгарым укуктары жөнүндө

2022-01-11 / Юридикалык кеңеш

ЖӨБ органдарынын суроолоруна ЖӨБ Союзунун юристтери жооп беришти.

Жергиликтүү кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясы бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчеттун долбооруна кошулган маалыматтарды (мисалы, көпүрөнүн курулушуна кеткен чыгымдарды тастыктаган документтерди: кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын, тендерди өткөргөндөгү сметаны; эсеп фактураны ж.б.) тастыктоо үчүн баштапкы финансылык документтерди айыл өкмөтүнөн суратып алууга укугу барбы?

Ооба, укугу бар. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР Мыйзамынын 36-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары кеңештин карамагына кирген маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн, ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу, ушул жергиликтүү кеңеш кабыл алган чечимдердин аткарылышына контролдук кылуу үчүн түзүлөт. Жогоруда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун алкагында туруктуу комиссиялар маселелер менен таанышууга, зарыл болгон учурда жерине барууга, тигил же бул маселе боюнча маалыматты суратып алууга же түшүндүрмө алууга, өз ишине окумуштууларды, адистерди, көз карандысыз эксперттерди, жарандык коомдун өкүлдөрүн, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн жана башка адамдарды тартууга укуктуу. Айыл өкмөтү өз иши боюнча айылдык кеңешке отчет бергендиктен, кеңеш зарыл деп эсептеген учурда аткаруу органынан анын карамагындагы маселе менен толук таанышып чыгуу үчүн керектүү маалыматтарды, анын ичинде финансылык документтерди да суратып алууга укуктуу. Ал тургай, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” КР Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, жергиликтүү бюджеттин аткарылышына байланыштуу маалыматтар чектелиши керек болгон маалыматтардын катарына кирбейт, мындан улам ал кеңешке гана эмес, жарандарга да жеткиликтүү болушу керек.

Окшош материалы: