Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалдык ишкана жөнүндө

2022-01-11 / Юридикалык кеңеш

ЖӨБ органдарынын суроолоруна ЖӨБ Союзунун юристтери жооп беришти.

Кызмат көрсөтүү (ичүүчү суу менен камсыз кылуу, катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу) боюнча муниципалдык ишкананы түзүү үчүн кандай документтер талап кылынат?

КР Граждандык кодекси (КР Граждандык кодексинин 87, 227 жана 230-беренелери) ЖӨБ органдарына муниципалдык ишкана формасындагы коммерциялык уюм болуп саналган юридикалык жакты түзүүгө уруксат берет.

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР Мыйзамынын 65-беренесинде “жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу жана ыкчам чечүү, ошондой эле өз аймагынын чектеринде экономикалык өнүгүүнү стимулдаштыруу максатында муниципалдык ишканаларды жана коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө, ошондой эле акционердик коомдорго катышууга укуктуу” деп белгиленген.

Ушул эле беренеде муниципалдык ишканалар жана коммерциялык эмес уюмдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдети болуп саналган кызматтарды көрсөтүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлө турганы көрсөтүлгөн.

Муниципалдык ишкананы түзүүдө ЖӨБдүн аткаруу органы төмөнкүлөрдү даярдап, жергиликтүү кеңештин кароосуна жана бекитүүсүнө берүүгө милдеттүү:

  • муниципалдык менчикти натыйжалуу пайдалануу үчүн ЖӨБ органдарына жүктөлгөн тиешелүү кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруу максатында муниципалдык ишкананы түзүүнүн негиздемесин;
  • жергиликтүү маанидеги бир жана (же) бир нече маселелер боюнча муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө сунушту;
  • муниципалдык ишкананын уставынын жана башка уюштуруу документтеринин долбоорлорун;
  • муниципалдык ишкананын сметасынын/бюджетинин/мүлкүнүн долбоорун;
  • жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө долбоорду.

Жергиликтүү кеңеш муниципалдык ишкананы түзүү жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин аткаруу органы муниципалдык ишкананы мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн КР Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө кайрылып, төмөнкү зарыл документтерди берет:

  • КР Өкмөтү бекиткен жана КР Юстиция министрлигинин сайтында (http://minjust.gov.kg/ru/section/view/id/13) берилген форма боюнча каттоо арызын;
  • муниципалдык ишкананы түзүү (же түзүүгө макулдук берүү) жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтомун;
  • уюштуруучунун – ЖӨБдүн аткаруу органынын юридикалык жакты түзүү жөнүндө чечимин (адатта уюштуруучу болуп ЖӨБдүн аткаруу органы чыгат, практикада уюштуруучу катары ЖӨБдүн өкүлчүлүктүү органы чыккан учурлар да бар);
  • ЖӨБдүн аткаруу органынын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө Күбөлүктүн көчүрмөсүн;
  • уюштуруучу бекиткен устав жана уюштуруу документтери (уюштуруучусу ЖӨБдүн аткаруучу органы же өкүлчүлүктүү органы болгонуна жараша).

Муниципалдык ишкана юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы төмөнкүлөрдү жасоого милдеттүү:

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган чектерде муниципалдык ишканага муниципалдык менчикти (мүлктү) чарба жүргүзүү укугу менен бул мүлккө ээлик кылууга, пайдаланууга жана башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алат (2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” КР Мыйзамынын 16-беренесинин ченемдерине ылайык);
  • көрсөтүлүүчү кызматтардын стандартын жана кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин долбоорлорун жергиликтүү кеңештин бекитүүсүнө жиберет.

 

Окшош материалы: