Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалдык ишкана жөнүндө

2022-01-11 / Юридикалык кеңеш

ЖӨБ органдарынын суроолоруна ЖӨБ Союзунун юристтери жооп беришти.

Муниципалдык ишкананын жетекчисине (мисалы, Суу каналынын директору үчүн) квалификациялык талаптарды ким жана кантип белгилейт? Бул талаптарга карата кандай жакшы тажрыйбалар бар (типтүү жана кеңири жайылган квалификациялык талаптар барбы)?

Мыйзамдарда муниципалдык ишканалардын жетекчилеринин кызмат орундарына талапкерлер үчүн кандайдыр бир бекитилген типтүү квалификациялык талаптар жок. Муниципалдык ишканалар ишинин түрү боюнча ар кандай болгондуктан, ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна квалификациялык талаптарды ишкананын ишинин түрүнө, функцияларына жана аткарган тапшырмаларына, ошондой эле ишкананын Уставында каралган ишкананын жетекчисинин укуктарына жана милдеттерине жараша ар бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы өзү аныктайт.

Жакшы тажрыйба кесиптик билим деңгээлине (эреже катары, жогорку билим болушу керек); иш стажына (эреже катары, бери дегенде үч жылдан беш жылга чейин болот) карата квалификациялык талаптарды коюуну талап кылат. Адатта иш берүүчү жетекчилик кызматка талапкердин билимине жана компетенциясына өзгөчө талаптарды коёт. Мисалы, жетекчиге көбүнчө төмөнкү маселелерди билүү талаптары коюлат:

  • муниципалдык ишкананын ишин пландаштыруунун негиздерин;
  • муниципалдык ишкананы каржылоонун жана бухгалтердик эсепти уюштуруунун негиздерин;
  • муниципалдык ишкананы башкарууну уюштуруунун негиздерин;
  • эмгекти коргоонун негизги талаптарын;
  • менеджменттин, персоналды башкаруунун негиздерин;
  • эмгек жөнүндө мыйзамдардын негиздерин;
  • муниципалдык мүлктү башкаруу жана тескөө маселелерин;
  • ишкананын негизги өндүрүшүнүн (ишинин түрүнүн) технологиясын;
  • суу менен жабдуу жана суу бөлүштүрүү тармагынын (же башка тиешелүү тармактын) учурдагы абалын;
  • ченемдик укуктук актыларды, анын ичинде КР Граждандык кодексин, тармактык мыйзамдарды.

Жетекчилик көндүмдөрү боюнча, талапкерлерден адатта жетекчилик кызматтарда тажрыйбасы бар болгону; ишинин багыты боюнча башкаруу чечимдерин ыкчам кабыл алып, ишке ашыруусун, алардын аткарылышын көзөмөлдөй алышы; адамдар менен мамиле түзүп, кол алдындагыларга дем берүү көндүмдөрүн билүүсү; кадрларды тандап, ишти бөлүштүрүп бере алышы; кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктап, чече алышы; ишке байланыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү; башка ведомстволор, мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсү; жумуш убактысын пландаштырып, уюштура алышы; жарандар жана уюмдар менен иштей алышы; маалымат жана документтер менен иштөөнүн заманбап каражаттарына, ыкмаларына жана технологиясына ээ болуусу; маселелерди чечүүгө системалуу мамиле жасай алуусу; заманбап оргтехниканы жана программалык продуктыларды колдоно алуусу, компьютерде колдонуучу деңгээлинде иштей билүүсү (Windows, MS Office, маалыматтык укуктук системаларды, Интернетти жана тармактык ресурстарды колдоно алуусу), көчүрүү техникаларын, телефон жана факсимилдик байланыш каражаттарын колдоно алуусу талап кылынат.

Ар бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы муниципалдык ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлерге коюлган квалификациялык талаптарды (билими, иш тажрыйбасы, көндүмдөрү ж.б.) бекитүүнү кошкондо, ишкананын жетекчисин кызматка дайындоонун жана бошотуунун тартибин иштеп чыгып, беките алат. Коюлган квалификациялык талаптар өзгөчө бирдей шарттарды түзүү жана ишкананын жетекчисинин кызматына талапкерлердин арасында таза атаандаштыкты камсыз кылуу жагынан мыйзамдарга шайкеш келип, эч кимдин укуктарын бузбашы керек.

Окшош материалы: