Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Социалдык объектке ат берүү жөнүндө

2022-01-11 / Юридикалык кеңеш

ЖӨБ органдарынын суроолоруна ЖӨБ Союзунун юристтери жооп беришти.

Айылдык аймактын орто мектебинин участогунда курулган чакан футбол аянтчасына билим берүү тармагына эмгек сиңирген ишмердин наамын ыйгаруу жөнүндө токтомду кайсы мыйзамдын негизинде бекитсе болот?

Эгерде объект билим берүү мекемесине (уюмуна) таандык болсо жана мамлекеттик мааниге ээ болсо, анда объектке билим берүү тармагына эмгек сиңирген ишмердин ысымын ыйгаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби жөнүндө” Жобонун талаптары менен жөнгө салынат. Бул Жобонун 4-пунктуна ылайык, мамлекеттик  маанидеги  объекттерге өзгөчө чыгаан мамлекеттик ишмерлердин, илимдин  жана  маданияттын  ишмерлеринин,  башка эмгек сиңирген адамдардын ысымдарын ыйгаруу Кыргыз  Республикасынын Премьер-министри (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы) менен макулдашуу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлөт. Мамлекеттик маанидеги объекттерге (билим берүү уюмдарына – мектептерге) ат берүү жана атын өзгөртүү жөнүндө өтүнүчтү жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар   демилгелей алышат. Мындай өтүнүч ушул объекттер кайсы жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турса, ошолордун дарегине жөнөтүлөт. Жогорудагы жобонун күчү мамлекеттик маанидеги объекттерге жайылтылат, алардын аталышын эсепке алууну ушул объекттер кайсы жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турса, ошолор жүргүзөт.

Тилекке каршы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында мамлекеттик мааниге ээ болбогон социалдык чөйрөдөгү мекемелерге жана объекттерге (анын ичинде чакан футбол талаасына да) мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин, согуштун жана эмгектин баатырларынын, илимдин, маданияттын, искусствонун, агартуунун, спорттун эмгек сиңирген ишмерлеринин ысымдарын ыйгаруу тартиби жөнгө салынган эмес. Ошол эле учурда мыйзамдарда эмгеги сиңген адамдардын ысымдарын ЖӨБ органдарынын карамагындагы объекттерге ыйгарууга тыюу салган конкреттүү ченем жок. Мындан улам ар бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы мындай тартипти өз алдынча аныктап, аны жергиликтүү кеңештин токтому менен беките алат. 

Окшош материалы: