Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалдык кызматтагы “жетекчи” жана башка кызмат орундары жөнүндө

2022-01-11 / Юридикалык кеңеш

ЖӨБ органдарынын суроолоруна ЖӨБ Союзунун юристтери жооп беришти.

“Мэриянын бөлүм башчысы” жана “сектор башчысы” кызматтары жетекчилик кызматка киреби?

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында “жетекчи кызмат орду” деген түшүнүк жок. Административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундары деген түшүнүктөр бар, алар “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КР Мыйзамынын 6-беренесине ылайык төмөнкүдөй топторго бөлүнөт:

  • 1) жогорку кызмат орду;
  1. 2) башкы кызмат орду;
  • 3) улук кызмат орду;
  • 4) кенже кызмат орду.

Административдик кызмат орундарынын топторунун ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестри менен белгиленүүчү категориялар түзүлөт. Административдик кызмат орундарынын жогорку, башкы, улук, кенже топтору Ж-А, Ж-Б, Б-А, Б-Б, У-А, У-Б, К-А, К-Б категорияларына бөлүнөт. КР Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы №17 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрине ылайык, мэриянын бөлүм жана сектор башчысы улук административдик кызмат орундар тобунун У – А категориясына кирет.

Окшош материалы: