Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун (АКБ) төрагасынын кызмат орду (мэрияга караштуу, мөөрү, уставы бар) жетекчи кызмат ордуна киреби?

2022-01-11 / Юридикалык кеңеш

ЖӨБ органдарынын суроолоруна ЖӨБ Союзунун юристтери жооп беришти.

Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун (АКБ) төрагасынын кызмат орду (мэрияга караштуу, мөөрү, уставы бар) жетекчи кызмат ордуна киреби? Кадрлар резервине киргенде АКБнын жетекчиси кызматындагы стаж жетекчи кызмат ордундагы иш стажы катары эсептелеби?

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында “жетекчи кызмат орду” деген түшүнүк жок. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР Мыйзамынын 57-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык аймактык коомдук өз алдынча башкаруу деп жашаган жери боюнча жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерде өз демилгелерин өз алдынча чечүү жана өзүнүн жоопкерчилиги менен ишке ашыруу үчүн айыл аймагынын, шаардын бир бөлүгүндө өз алдынча уюму түшүнүлөт.

АКБ мэриянын же аны каттаган жергиликтүү кеңештин түзүмдүк бөлүмү болуп саналбайт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутумуна кирбейт. АКБ ишмердүүлүгүн коммерциялык эмес уюм түрүндө өз алдынча юридикалык жак катары жүзөгө ашырат, Уставга ылайык иш алып барат. Мындан улам АКБнын жетекчиси мамлекеттик да, муниципалдык да кызматкер болуп саналбайт жана АКБда иштеген убакыт мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы иш стажы катары эсептелбейт.

Мындан тышкары, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, кадрлар резервине киргизүү үчүн жетекчи кызмат ордунда иш тажрыйбасы талап кылынбайт. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КР Мыйзамынын 10-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, кадрлар резервине төмөнкүлөр кирет:

  • 1) бул органда административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчылар;
  • 2) органды кайра уюштурууга, штатты кыскартууга, ден соолугунун абалы боюнча узак мөөнөттүү эмгекке жарамсыздыкка байланыштуу кызмат ордунан бошотулган адамдар;
  • 3) ушул Мыйзамда жана мыйзамдарда каралган квалификациялык талаптарга жооп берген, кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурстук тандоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары.

Жогорудагы Мыйзамдын 7-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, административдик кызмат ордун ээлөө үчүн стажга жана иш тажрыйбасына карата төмөнкү квалификациялык талаптар белгиленет:

  • 1) кенже кызмат орундары – иш стажына талаптар коюлбайт;
  • 2) улук кызмат орундары – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
  • 3) башкы кызмат орундары – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы;
  • 4) жогорку кызмат орундары – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 5 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 7 жылдан кем эмес иш стажы.

Эгерде сиздин билимиңиз (адистигиңиз) АКБнын жетекчиси катары кесиптик ишмердүүлүгүңүзгө дал келсе, анда бул кызмат ордунда иштеген убакыт тиешелүү кесиптик чөйрөдө иш стажы катары (дипломдо көрсөтүлгөн адистик боюнча иш катары) эсептелет. Эгерде сиздин билимиңиз (мисалы, “экономист” адистиги боюнча) кесиптик ишиңизге (АКБнын жетекчиси) туура келбесе, анда мындай учурда сиздин АКБ жетекчиси катары иш тажрыйбаңызды тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы катары эсептөө же эсептебөө жөнүндө чечимди конкурстук комиссия кабыл алат.

Окшош материалы: