Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

11 жылдык ийгиликтүү ишинен кийин Швейцария өкмөтү каржылап, Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып келген “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги” долбоору (www.vap.kg) соңуна чыгууда. Жыйынтык чыгарабыз

2022-02-10 / Көңүл чордонунда
11 жылдык ийгиликтүү ишинен кийин Швейцария өкмөтү каржылап, Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып келген “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги” долбоору (www.vap.kg) соңуна чыгууда. Жыйынтык чыгарабыз

2011-2022-жылдары ЭҮЖӨБОЖ Долбоору Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын жергиликтүү жамааттары жана ЖӨБ органдары менен иштешип, жергиликтүү жамааттарга жергиликтүү бюджеттерди башкарууга жигердүү катышууга, ал эми ЖӨБ органдарына жергиликтүү бюджетти жарандардын кызыкчылыгында натыйжалуу башкарууга көмөктөштү. ЭҮЖӨБОЖ Долбоору конкурстун негизинде аталган облустардын ар бир районунан бирден максаттуу муниципалитетти тандап алганы менен, Кыргыз Республикасынын бардык ЖӨБ органдарына кандайдыр бир түрүндө колдоо көрсөтүп келди. Ошентип, Долбоордун таасири 3 миллионго жакын адам жашаган 385 ЖӨБ органына да тийди. Ошол эле учурда 53 же муниципалитеттердин 15% долбоордун түздөн-түз таасиринде болуп, “максаттуу” деп аталып калган.

Плакаттын автору – Анатолий ЦЫБУХ, “УШУЛ ТАПТА, УШУЛ ЖЕРДЕ: Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу” плакаттар конкурсунун жеңүүчүсү.

Максаттуу муниципалитеттерде ЭҮЖӨБОЖ Долбоору ЖӨБгө Жарандардын катышуу моделин киргизүүгө жигердүү көмөк көрсөттү. Бул Модель ЖӨБ органдарына жарандарды артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктоого тартууга, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү биргелешип пландаштырууга, жергиликтүү бюджетти жарандардын артыкчылыктарына ылайык бөлүштүрүүгө, ЖӨБ органдарынын ишине биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүүгө жардам берди. Долбоорго катышпаган, бирок өнөктөш болгон муниципалитеттер кошуналарынын ийгиликтүү тажрыйбасын өздөштүрүп, башкарууну олуттуу түрдө жакшырта алышты, алар жарандардын суроо-талаптарына так жана өз убагында жооп бергенди үйрөнүштү. Долбоордун негизги жыйынтыктарын кыскача жана жалпыланган түрүндө төмөндөгүдөй туюндурса болот:

  • ЖӨБ органдары жарандардын пикирине көбүрөөк көңүл бура баштады, буга жооп катары жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга жана бюджеттик процесске катышуу деңгээли да өсүүдө;
  • ЖӨБ органдарынын жарандардын керектөөлөрүнө жооп берүү жөндөмдүүлүгү өсүүдө;
  • жарандардын ЖӨБ органдарына ишеними артууда, аны менен катар жарандарда максаттуу ЖӨБ органдарында коррупция азайды деген ишеним бар;
  • жарандардын жергиликтүү бюджеттен же тышкы жардамдын эсебинен каржыланчу долбоорлорду даярдап, тандап алууга катышуусу ЖӨБ органдарына көбүрөөк жардам алууга көмөктөшүүдө;
  • ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун максаттуу ЖӨБ органдарында гендердик теңчиликке жетишүүдө жылыштар байкалууда.

Бул жыйынтыктарды өнөктөштөрдүн сандык маалыматтары жана сапаттык баалары менен көрсөтүп берүү үчүн ЭҮЖӨБОЖ Долбоору 2021-жылдын аягында изилдөө уюштурган. Сандык маалыматты чогултуу үчүн ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун буюртмасы менен “Erfolg Consult” ЖЧК изилдөө компаниясы Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жашаган 2637 респонденттин арасында социологиялык сурамжылоо жүргүзгөн. Сапаттуу баа берүү үчүн журналист Ирена БАЙТАНАЕВА Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы 12 муниципалитеттин жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү менен жолугушту.

“Муниципалитет” журналы ушул жылдар бою ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун колдоосуна ээ болуп келди. Мындай колдоо журналды толугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жергиликтүү жамааттарга даректелген жападан жалгыз басылмага айландырууга шарт түздү. ЭҮЖӨБОЖ Долбоору жыйынтыкталып жатканына байланыштуу журналдын редакциясы учурдан пайдаланып, жергиликтүү өз алдынча башкарууну жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө масштабдуу жана эффективдүү колдоо көрсөткөндүгү үчүн Швейцария Өкмөтүнө ыраазычылык билдирет. Ошондой эле редакция журналдын бул чыгарылышында Долбоор тийгизген таасирдин баштапкы жыйынтыктары1 менен бөлүшүүнү туура көрдү. Бул жыйынтыктар “Erfolg Consult” ЖЧК изилдөө компаниясынын жана Ирена БАЙТАНАЕВАнын продукцияларынын негизинде даярдалган.

____________ 

1 Журналдын бул саны даярдалып жаткан учурда изилдөөнүн талаа иштеринин алкагында алынган маалыматтар менен иштөө жумуштары уланып жаткан.

Окшош материалы: